Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Улуу Жеңиштин 64 жылдыгы белгиленди


Бишкектеги Жеңиш аянтында бүгүн Улуу Жеңиштин 64 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өттү. Ага президент Курманбек Бакиев катышып, согуштун жана ооруктун ардагерлерин Жениш майрамы менен куттуктады. Согуш ардагерлеринин катары жылдан-жылга суюлуп отуруп, азыр алардын беш миңдейи гана калды.

Улуу Жеңиштин 64 жылдыгын белгилөө мурдакы жылдакылардан өтө деле айырмаланган жок. Адаттагыдай эле согушта курман болгондорду эскерген азем муңдуу музыка менен коштолуп, Жеңиш аянтына согуштун ардагерлери таң атпай агылып келе башташты.

Өткөн жылга салыштырганда согуштун ардагерлеринин катары эмнегедир суюла баштаганын кеп кылып отурушту ардагерлер. Бир катары ооруп-сыркап, карылыктын айынан Жеңиш аянтына келе албай калышса, бир катары тагдырдын жазмышы менен жеңиштин 64 жылдыгын тосуу насибине жетпей калышты.

Аны жарыктык карыларыбыз болсо 64 жылды камтыган узак убакыт менен байланыштырышты. Колдоруна гүл кармаган ардагерлер бири-бирин жолөп-таяп, көздөрүнө жаш өтөр-кетер замандарды кеп кылышып, согуштун апаат күндөрүн эске салып, куттукташып алабалын сурашкан болушту.

Биз алардын айрымдарына микрофон сундук

Курманбек Мусабек: - Согуш убагында биз жер кетмендеп, буудай эгип, тылда туруп, жеңиштин болушуна жанотубузду аяган жокпуз. Жылдан-жылга ардагерлер арасы азайгандан-азайып суюлуп баратканы кейитет. Эмне кылат элек бул жерге келгендерди Жеңиш күнү менен куттуктап, өтүп кеткендерди эстеп, куран окуп отурамын.

Николай Журавлев: - Согуштун жеңишке жетиши үчүн фашисттер менен аягына чейин салгылашканмын. Бүгүн эмнегедир майрамдык маанайым жакшы. Жеңиш майрамыңыздар менен баарыңыздарды куттуктайм!

Турдакун Мамбетбаев: - Аламүдүн районунан келдим. 9-майга карата ыр жаздым эле, ошону айтып берип койоюнчу:

Салгылашып баатырларча кармаштыңар
Кан-жаныңды Мекен үчун арнадыңар
9-май Жеңиш күнүн орноттуңар
Өз элиңдин кыйындарын жоготтуңар

Сөз арасында ардагерлер жыл сайын аралары суюлуп баратканын да кейиген маанайда белгилешкен болду.

Айрым ардагерлер кандайдыр бир себептер менен чакыруу билетин алалбай калышкандыктан салтанат өтүп жаткан жерге кире алышпай сыртта калышты. Айрымдарынын колундагы чакыруу кагаздары жараксыз дегендей абалда чай берүүчү жерге уруксат берилбеди.

Саат ондорго барып аземдин салты боюнча согушта курман болгондорго гүл коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү салтанатында аскердик расмий жүрүш менен гүлчамбарлар коюлуп, түбөлүк өчпөс отко таазим эткен салттуу жүрүш болду.

Өлкө президенти жана башкы командачысы Курманбек Бакиев Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун катарын атап, тирүү кайткандарды куттуктаган Жеңиштин 64 жылдыгына арналган митингди ачып, сөз сүйлөдү.

- Урматтуу ардагерлер! Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары! Урматтуу Мекендештер! Мына бүгүн улуу жеңиштин 64 жылын белгилеп отурабыз. Бул күнү биз—кан-жанын аябастан, Ата Журтун фашисттерден коргогондорго, Улуу Жеңиш үчүн тылда күнү-түнү дебей мээнет кылгандарга, жыйырманчы кылымдын эң кандуу согушунда өз жерин коргогондорго таазим этебиз.

Мамлекет башчы Курманбек Бакиев ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетишүүсүнө кыргызстандык жоокерлердин да салымы зор болгонун белгиледи.

Кыргызстандан кезинде 363 миң киши согушка кеткен. Анын 150миңи кайтпай калган. 2007-жылы өлкөдө 6815ке чукул согуштун ардагерлери бар болчу быйыл алардын катары беш миңди түзгөнү айтылды.

Салтанаттуу митингдин аягында Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу маршы болуп, ардагерлер согуш учурундагыдай аскер тамагы менен сыйланып тарашты.


Жеңиш күнүнө арналган Бишкектеги салтанат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

XS
SM
MD
LG