Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Бишкек: Окуучулар турмушка эртелеп даярдалат


Бишкектин Ленин районундагы мектеп окуучулары 2010-жылдан тарта кесиптик-техникалык билим ала башташат.

Бул пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн Бишкек мэриясы шаардык казнадан эки миллион сом бөлмөкчү.

Шаар башкаруучулардын мындай демилгесине окуучулардын өздөрү да аябай кызыгып жатышат. Маселен Саламат аттуу 9-класстын окуучусу эгер мектептерде кесипке үйрөтүү башталса, тамак жасоонун сырларын өздөштүргүсү келерин айтты:

- Мен №57 мектепте окуйм. Шаар мектептеринде аттестат менен кошо сертификат берүү демилгесине көз карашым жакшы эле. Мисалы менин ашпозчулукка шыгым бар. Ушул кесипти окуйт элем.

Биз аларга “кайырмак” беребиз. Бала кийин ал кайырмакты кандай колдонорун өзү чечет.
Шаардык депутаттар соңку отурумунда Бишкектин Ленин районундагы орто мектептерде кесиптик-техникалык адистикти үйрөтүү боюнча жобону бекитип беришкен. Бул жобону жумушчу топ жарым жылда даярдаган. Алар шаардык кеңештин кароосуна коюудан мурун билим тармагы боюнча башкы органдар менен кеңешип макулдашкан.

Окуучулар кесипти жарым жылда үйрөнүшөт. Мектепти бүткөндөн кийин күбөлүк менен кошо атайын сертификат берилет. Бишкек шаарынын вице-мэри Элмира Иманалиеванын айтымында, долбоордун башкы максаты окуучуларды турмушка эртелеп даярдоо болуп саналат:

- Баардык эле окуучулардын мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүгү жок. Университетке тапшыра албай калган бүтүрүүчүгө колундагы сертификат менен өз алдынча жашап кетүүгө шарт түзүп бергенге аракет кылабыз. Башкача айтканда, биз аларга “кайырмак” беребиз. Бала кийин ал кайырмакты кандай колдонорун өзү чечет.

Пилоттук долбоор үчүн Ленин районунун тандалып алышы бекеринен эмес: бул аймакта борбор шаардагы кесиптик-техникалык окуу жайлардын жарымы жайгашкан. Райондогу он беш орто мектептин 10-11-класстарында миңдей бала окуйт. Алар жумасына бир жолу адистиктерди өздөштүрүү үчүн кесиптик-техникалык окуу жайларга барышат.

Бишкек мэриясынын алдындагы кесиптик-техникалык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев окуучуларга эмгек рыногунда керектүү деп табылган жыйырмадан ашык кесип сунуш кылынарын билдирди:

- 10-класстардан баштайлы, деп жатабыз. Аларды келерки жылдын анварь айынан майга чейин окутабыз. 11-класстарды болсо сентябрь айынан декабрга чейин окутабыз.

Бул долбоор бир жылга белгиленген. Эгер ийгиликтүү деп табылса 2011-жылдан тартып шаардагы дээрлик баардык мектептерге жайылтылат.

XS
SM
MD
LG