Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

"Эл үнү": калк тынчтыкты каалайт


7-апрелде окко учкан балдардын жакындары. 13-октябрь,2010-жыл.
7-апрелде окко учкан балдардын жакындары. 13-октябрь,2010-жыл.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угрмандар учурдагы саясий абалга тынчысызданышып, партия лидерлерин ынтымакка чакырышты.


Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишов: 7-ноябрь, анык баатыр, классик акын Аалы Токомбаевдин туулган күнү. Ошол датага карата “Шумкар” деген кыска ыр жаздым эле. Ошону окуп берейин деп чечтим.

Аскага шумкар кондуң го,
Асканын ээси болдуң го.
Учуруп бороон кетерде,
Урчукка төштү койдуң го.

Сулууну издеп учтуң го,
Сулуунун үнүн уктуң го.
Сүрмө топ шамал беттешсе,
Сүрдөбөй туруп уттуң го.

Арчанын болсо сыясы,
Арноону жазмак кыясы.
Айкөлдөр чыгат шумкардай,
Ала-Тоо болсо уясы.

Сулайманова Бүбүсайра: “Ата Журт” партиясын куттуктайын дедим эле. Мен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан келдим. Көлдө элдердин арасында, той-топурда жүрдүм. Ошол жерде Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң райоунун эли “Ата Журтту” колдоп атышат. Алардын иштерине ийгилик каалайм.

Кочкор районунан Айсалкын Алкадырова: Эл үчүн иштеп беребиз деп Конституцияны реформалаган “Ата Мекен” парламенттик шайлоодо көп добуш албай, “Ата Журт” менен “Ар-намыс” партиялары көп добуш алып кеткенине ушунчалык бушайман болуп жатам. БШК кайсы аймак кайсы партияга добуш бергенин ачыктап берсе жакшы болмок. Кечээ эле электрди кыбаттатып, жылуу суу, муздак суунун баасын көтөрүп, Бакиевдин баласына бийликти бир колго топтоп бергендер кайра парламентке келгени өкүнүчтүү.

Сузак району Нурия Байымбетова: Калайык-калкка тынччылык болсо. Түндүк-түштүк болуп бөлүнбөсө. Парламентке өткөн саясий партиялар бири-бирине карама-каршы болбосо. Анан бийлик айрым партияларды кысымга алышпаса. Шайлоо маалында бардык жерде мыйзам бузуулар болуп жатты. Эмнегедир “Ата Журтту” кысымга алып жаткандай болуп жатат.

7-апрелде менин балам да окко учкан. “Мекен шейиттери” коомдук уюмун бир ууч топ документ кылып, бетине кармап улам-улам көчөгө чыкпаса. Шейит кеткен балдардын арбагын козгобой тынч койсо. Булардын арбагы көтөрө албай жатат. Тынч жатсын алар дагы. “Мекен шейиттерине” кайрыларым: балам десеңер, ака-үкам десеңер митингге чыкпагыла, тынч отургула дейт элем.

“Мекен шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариев: Ооба Нурия Байымбетованын уулу да 7-апрелде окко учкан. Анын баласын аткан кишилер, ошого тиешеси барлар, мурдагы бийликтин тегерегинде жүргөндөр кайрадан жаңы бийликке жулунуп кирип жатканы ага деле жакпайт болушу керек. Албетте кандай ойдо болушу, кандай пикирин айтууга ал кишинин толук укугу бар. Бирок мен коомчулукта “Мекен шейиттери” кыймылына карата ар кандай пикирлер, ар түрдүү көз караштар пайда болуп жатканынан улам сөздүн ток этер жерин айта кетейин. Биз бир да саясий күчтөрдүн же партиянын, кайсы бир адамдардын кызыкчылыгын колдогон жокпуз. Биз саясатка кийлигишкен жокпуз. Бир гана 7-апрелде болуп өткөн окуядан кийин булганган жана өз элин аткан адамдарды бийликке келтирбөө, ошолордун мыйзам чегинде жазасын алсын деген максат менен коомчулуктун көңүлүн буралык деп пикетке чыкканбыз. Аны айрым ичи-бузук, өз көмөчүнө күл тарткан саясатчылар тескери нукка буруп, саясатташтырып жиберишти.

Биздин окко учкан балдар жакшы жашайлы, элибиз биримдикте болсун, бийлик бир үй-бүлөнү бакпай, элди баксын, жерлерибизди саттырбайлы, эркин, эгемен өлкөдө жашайлы, келечек үчүн деген ураан менен бул жарык дүйнө менен коштошкон. Анан биз бийликке мурдагы Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөсүн баккан адамдар келип жатканына, элдин байлыгына суук колун салган адамдардын кайрадан бийликке келүүсүнө каршы болуп пикет-митингге чыктык. Бейкүнөө окко учкан балдарыбызды аттырганга катыштыгы бар адамдарды тез арада жазаласын деп көчөгө чыктык.

Азыр аларга тиешелүү жазасын бербесе ким кепил боло алат, кийин тынч элге бийлик ок атпайт деп. Окко учкан балдарыбыздын тирүүсүндө көксөгөн ой-максатын ишке ашыруу биздин атуулдук парзыбыз. Дагы кайталайм, “Мекен шейиттери” коомдук кыймылынын иш аракеттерин саясатташтырбагыла. Жөн жерден көө сүртүп, каралабагыла.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312 коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, аты-жөнүңүздү толук айтып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG