Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Кошоктошкон митингдер кооптондурбайбы?


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапкерлеринин митинги, Бишкек.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапкерлеринин митинги, Бишкек.

“Мекен Шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмдары шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен митингге чыгышты. Күндүн экинчи жарымында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын жактоочулары алардын беш пайыздык босогодон өткөндүгүн таануу талабы менен нааразылык акциясын улантышты.

“Мекен Шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмдарынын нааразылык акциясы алгач өкмөт үйүнүн алдында башталып, кийин эски аянтта улантылды. Чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу маселесин көтөрүп жатышты.

"Бакиевчилердин жеңишин тааныбайбыз"

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мүчөсү Тахир Жумабаев айрым партиялардын курамына сиңип кетишкен бакиевчил күчтөрдүн шайлоодон жеңип чыккандыгын таанышпай тургандыгын жарыялады:
"Мекен шейиттеринин" митинги

- Менин эки бутума тең ок тийген. Бирок кырчындай болгон жаш жигиттер окко учушту. Биз эмнеге чыктык эле. Биздин көз жашыбыз буларга дагы деле жетпей жатат. Булар мыйзамдын чегинде жооп бериши керек болчу. Люцтрация жөнүндө мыйзам иштеш керек эле. Эл журт козүнөрдү ачкыла. Биз бакиевчилерди кетирели деп чыкканбыз. Бирок алар “Ата Журт” менен “Ар-намыстын” курамында кайра бийликке келип алышты.

Митингке чогулгандар “Ата Журт” партиясынын тизмесиндеги мурдагы бийликтин курамында иштеп кетишкен адамдардын ар биринин ишмердүүлүгүнө кеңири токтолушту.

7-апрель окуясынын катышуучуларынын бири Жыргал Жусубалиев бакиевчил күчтөрдүн кайрадан бийликке келе жаткандыгына ынкылапчыл жол менен бийликке келген Убактылуу кмөттүн мажирөөлүгү себеп болду деп эсептейт:

- Бул маселеде бийликтин алсыздыгы болду. Ошолор ушуга жол берип койду. Бакиевчилердин эң алдыңкылары К. Ташиев менен Н.Түлеевге окшогондор жооп бериши керек болчу. Анын ордуна булар кайрадан күчтөнүп, бүгүнкү күндө алардын арты менен калган бакиевчилер толугу менен кайрадан бийликке келип олтурушат. Ушул адилеттикпи? Анда биз эмнеге чыктык эле?

Митингичилер шайлоонун жыйынтыгы менен жаңыдан кабыл алынган баш мыйзамга жана анда бекитилген парламенттик башкарууга өтүү маселеси коркунучка кептелгендигин айтып чыгышты.

Ош шаарынан келген Раушана Бөрүбаева реваншисттик күчтөр аймактык ажырымга алып барган аракеттеринин натыйжасында добуш чогултушкандыгын белгилеп, мындай чакырыктарга жол бербөөгө чакырды:

- Негизин айтканда түндүк-түштүк деп бөлүнбөстөн жаңыдан кабыл алынган жакшынакай Конституциябызды коргоп калышыбыз керек. Булар бизди бөлүп-жарып ошону менен бийликте калууну ойлоп жатышат. Эмне үчүн Москванын көрсөтмөсү менен, ошолордун айтканы менен болушубуз керек. Кыргыз качан кул болду эле. Бирөөнүн айтканына кирбестен көзөмөлү күчтүү бийликти – парламенттик башкарууну коргоп калалы.

Эки тарап тирешин милиция жөнгө салды

Күндүн экинчи жарымында эски аянтта “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын жактоочулары пайда болушту. “Мекен Шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен аталган партия жактоочуларынын ортосунда кайым айтыш жана тирешүү орун алып, милициянын кийлигишүүсү менен абал жөнгө салынды.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидерлеринин бири Марат Кайыпов мындай абалдын пайда болушуна бийликти айыптады:

- Кечээ саат он бирге митинг болот деп дайындаганбыз. Бирок “Мекен Шейиттери” уюму эрте мененки онго митинг белгилептир деп угуп, биз өзүбүздүкүн адамдар кагылышып кетпесин деп саат түшкү экиге жылдырган болчубуз. Бирок алар үчкө чейин эски аянтта митингин улантып туруп алышты. Муну утурумчул бийлик эптеп эле эки тараптын ортосунда бир нерсе болуп, чагым болуп кетсе экен деп жол бергендей болуп жатат.

Андан соң тараптар милиция тосмосунун эки тарабында митингин улантышты. “Мекен Шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмелеринин нааразылык акциясына чакырытылган Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев бюллетендер жана проктолдор кайрадан текшерилип жаткандыгына токтолду:

- Бюллеттендерди жана протоколдорду Бишкеке алып келдик. Аларды текшерүүгө ар бир партиянын өкүлдөрү катышат. Мындан сырткары силердин өкүлдөр да байкоочу катары барып катышса болот. Андагы атайын же кокустан кетирилген кемчилдиктерди жана каталарды кайрадан карап чыгабыз. Биз мыйзам чегинде бардык документтерди карап чыгып анан чечим кабыл алабыз. Анткени биз кемчилдик кетирсек чоң жоопкерчиликке кириптер болуп калышыбыз мүмкүн. Бул үчүн бизди шаштырбагыла. Бир кыйла убакыт керек болот.

Бирок "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 19-октябрдагы маалымат жыйынында бюллеттендерди кайрадан саноо боюнча БШКга талап коюшпагандыгын белгилеген. Ошол эле учурда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын жактоочулары БШКга шайлоодо беш пайыздык тосмодон өткөндүгүн таануу талабын койууну улантышты. Эки тараптын тең жактоочулары митинг эртеңден баштап мөөнөтсүз шартта улантыларын айтышып, таркап кетишти.

XS
SM
MD
LG