Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Нааразылык чараларында мыйзам бузуулар болгон жокпу?


Рахматулла Ахмедов, ИИМдин басма сөз катчысынын орун басары.
Рахматулла Ахмедов, ИИМдин басма сөз катчысынын орун басары.

ИИМдин басма сөз катчысынын орун басары Рахматулло Ахмедов шайлоодон кийинки нааразылык чараларына байланышкан кырдаал көзөмөлдө экенин айтат.

Р. Ахмедов: Ички иштер органдары азыр өзүнүн күнүмдүк иштери менен алек болуп жатат. Баса белгилеп кетсек бул багыттарда биринчи ирээтте коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери чечилүүдө. Шаарларыбызда, көчөлөрүбүздө кайгуул күзөт кызматтары көзөмөл кылып жүрөт, ошону менен бирге бир топ алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Эң негизигиси шаарларыбызда болуп жаткан ошол саясий иш-чаралар мыйзамдын чегинде болуш керек. Ал эми акцияларды уюштуруп жаткан адамдар мыйзамдарды сактоого катуу басым жасап, мыйзам бузууларга жол бербеши керек.

- Азыр болуп жаткан пикет-митингдер мыйзамдын чегинде өтүп жатабы жана буга чейин ушундай акцияларда кандайдыр бир мыйзам бузуу фактылары катталдыбы?

Р. Ахмедов: Азырынча каттала элек. Эгер мыйзам бузуу фактылары каттала турган болсо, анда ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, мындай көрүнүштөргө каршы иш-аракеттерин көрүүгө аргасыз болот. Анткени кээ бир жарандар конституциялык укуктарын колдонуп жаткан учурда башка жарандардын ошондой эле укуктары тебелениши керек эмес.

- Кыргызстандагы кырдаалды туруктуу сактап калыш үчүн ички иштер министрлиги кандай конкреттүү чараларды көрүп жатат?

Р. Ахмедов: Бул багытта биз өзүбүздүн ыкчам иштерибизди улантып жатабыз. Тартип бузуулардын болушуна жол бербеш үчүн митинг жана башка акциялар өтүп жаткан жерлерде милициянын кайгуул күзөт кызматы уюштурулган. Эгерде ошондой жерлерде кандайдыр бир чыр-чатак чыгып кете турган болсо, ошол тартип бузуучуларга карата катуу чараларды көрүүгө милиция кызматкерлери даяр турушат.

- Ал эми ошондой чараларды көрүү жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милиция кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү элеби?

Р. Ахмедов: Бүт жагынан биздин кызматкерлер даяр жана күчү дагы жетет.

- Демек өлкөдө кырдаал туруктуу эле болот деп ишенесиз...

Р. Ахмедов: Азыркы күндө Кыргызстанда ички иштер органдары гана эмес бүткүл коомчулуктун негизги максаты - өлкөбүздө туруктуулукту бекемдеп, тынчтыкты сактоо. Мына жакында өткөн парламенттик шайлоодо милиция кызматкерлерине жардамга он алты миңден ашуун ыктыярдуу элдик кошуундар келип кошулуп, коомдук коопсуздук маселелерин чечүүгө жакындан жардам берип турушту. Бул дагы ошол туруктуу болоорунун бирден бир белгиси деп эсептейм.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG