Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Шайлоодон кийинки нааразылыктар, коалиция санаасы


7-апрелде жакындары окко учкан адамдар бакиевчил күчтөрдүн парламентке келүүсүнө каршы мөөнөтсүз акция башташты.
7-апрелде жакындары окко учкан адамдар бакиевчил күчтөрдүн парламентке келүүсүнө каршы мөөнөтсүз акция башташты.

7-апрелде окко учкандардын жакындары “Ата Журт” партиясын парламентке жолотпоо талабы менен мөөнөтсүз нааразылык чарасын улантууда.

Ошто болсо шайлоочулардын беш пайыз добушун ала алган жок деп айтылып жаткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жактоочулары партияны парламентке коё берүү талабы менен митингге чыкты. Бийлик жалпысынан өлкөдө кырдаал тынчтыгын билдирүүдө. Шайлоодо утуп чыккан партиялардын айрымдары болсо парламентте жүргүзүүчү саясаты тууралуу ачык айта башташты.

Бишкекте "Мекен шейиттери", Ош, Баткенде "Бүтүн Кыргызстан"...

Апрель окуясында жакындары окко учкан адамдардын нааразылык акциясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы дайын болгондон кийин эле башталган. “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” жана башка бир катар кыймылдардын мүчөлөрү парламентке бакиевчил күчтөрдүн келишине каршылык акциясын эми мөөнөтсүз деп жарыялашты.

Болот Шер
Нааразылык акциясына чыккандар менен 14-октябрда “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шер келип жолугушуп, алардын талабын колдой турганын билдирди. Болот Шер кылмыш иши козголгондор мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш деген пикирин “Азаттыкка” айтты:

- Ооба, булар мыйзамдуу түрдө шайланышты, эл колдоду. Менин айтайын дегеним, депутаттык мандатты калкан катары колдонуп, кылмышкерлер кылмышка жооп берүүдөн качып атпайбы. Жооп берүүлөрү керек.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу нааразылык иш-чаралары Ош, Жалал-Абат, Баткен облусунун айрым жерлеринде да болуп жатат. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын парламентке коё берүүнү талап кылган шайлоочулар бүгүн Ош шаарында партиянын төрагасы Адахан Мадумаров менен жолугушту. Ал өзүнүн тарапкерлерин акцияны токтотууга жана жол тосуу сыяктуу мыйзамсыздыктарга барбоого чакырды:
Адахан Мадумаров

- Биз өтө маданияттуу шайлоо өнөктүгүн жүргүздүк. Шайлоочуларыбызды өтө терең урматтайбыз. Мен 11-октябрдан бери эле айтып келе жатам: эч кандай мыйзам бузууларга барбаш керек, ар кандай чагымдарга алдырбаш керек. Биздин партиянын атын жамынып алып, жол тосуу жана башка баш-аламандыктарды жаратпашы керек. Эгер кимде-ким мыйзамга каршы аракеттерди жасаса, ал –“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын душманы.

Адахан Мадумаровдун чакырыгын жактоочулары уккан жок. Алар БШК партиянын пайдасына оң чечим кабыл алмайынча күрөштү уланта беришерин айтышууда. Ушундай эле нааразылык бүгүн Баткенде да уланды. Партиянын жергиликтүү штабына чогулган адамдар БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясына атайлап бут тосуп жатат деген пикирлерин билдиришти. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Баткен облусунан эң көп добушка ээ болгон.

Бийлик өкүлдөрү жер-жерлердеги нааразылык иш-чаралары шайлоодон кийинки боло жүрүүчү көрүнүш экенин, мындан тынчсызданууга негиз жоктугун айтууда. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кырдаал толук көзөмөлдө турганын “Азаттыкка” билдирди:

- Митингдер тынч өтүп жатат, тынчтык митингдери болуп жатат, баш-аламандыкка алып келген эч ким жок. Кырдаал туруктуу, кырдаалга күчөтүлгөн режимде көзөмөл жүргүзүү улантылып жатат.

Марат Иманкулов өлкөдө туруксуздукту орнотууга атайын аракеттердин жасалышына жол берилбесин белгилеп, ар кандай кырдаалдан сырттагы күчтөр пайдаланып кетет деп чочулоого негиз жоктугун кошумчалады.

Ким ким менен?

Бул аралыкта партиялар парламентке келгенден кийинки жүргүзүүчү саясаты тууралуу алдын-ала маалымдай башташты. “Ар-намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Турсунбай Бакир уулу партия “Ата Журт” партиясы менен коалиция түзүүгө даяр экенин жана
Феликс Кулов
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын парламентке өтүү аракетин колдоого аларын жарыялады. Ал ошондой эле “Ар-намыс” партиясы президенттик-парламенттик башкаруу системасын колдой турганын маалымдады. Кыргызстанда президенттик-парламенттик башкаруу системасын орнотуу үчүн Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөрөрүн мурдараак партиянын төрагасы Феликс Кулов “Азаттыкка” билдирген:

- Бардык жерде президенттик-парламенттик башкаруу. Ошондуктан, биз дагы ушул башкаруу системасын киргизип, Конституцияны өзгөртөбүз.

Коркунучтун желаргысы Москва тараптанбы?..

Феликс Кулов жетектеген саясий партия орусиячылдыгы менен таанылуу. Орусияны стратегиялык өнөктөш эсептеген “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн Москвага кеткени кабарланган, бирок партиянын басма сөз кызматы бул маалыматты четке какты. Азырынча парламентке келүүчү партиялардын коалиция түзүү аракеттеринин натыйжасы жарыя кылына элек. Айрым саясат талдоочулар учурда соодалашуу менен катар эле Кремлдин чечими күтүлүп жатканын айтышууда.
Марат Казакбаев

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин “Азаттыкка” айткан пикири боюнча, “Ар-намыс”, “Ата Журт” жана “Республика” партиялары коалиция түзсө, Орусиянын долбоору ишке ашат:

-“Ар-намыс” менен “Республика”, “Ата Журт” бир коалицияга кирсе, анда парламент оппозициялык болот. Буга Москва дагы аракет кылат, анткени Орусияга азыркы бийлик жакпай атат. “Ар-намыс” анда биринчилерден болуп, президенттик-парламенттик башкаруу системасын киргизет, Куловду президенттикке чыгарат. Бабанов өкмөт башчы, Ташиев Жогорку Кеңешке төрага болушу мүмкүн. Бул таптаза орусиялык долбоор. Азыр ошонун тегерегинде Кремль менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатышы мүмкүн.

Айрым талдоочулар эгер оппозициядагы үч партия коалиция түзүп, парламентте көпчүлүктү ээлесе, мына ошондо өлкөдө кайрадан кырдаал курчушу ыктымалдыгын айтышууда.

Тасмада: Бакиевчилердин парламентке келишине каршы Бишкектеги митинг, 14-октябрь.

Бакиевчилердин ЖКга келишине каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG