Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Кыргызстандагы шайлоо Орусиянын басма сөз беттеринде


10-октябрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо орусиялык маалымат каражаттарында байма-бай талкууга алынууда.

“Ведомости” гезити парламенттик шайлоо демократиялык маанайда жана эркин өткөнүн белгилейт. Гезит ЕККУ, КМШ, ЖККУ, ШКУнун байкоочуларынын жыйынтыгына таянган. “Ыңкылапка каршы” деп аталган макалада автор Кыргызстанда өткөн шайлоонун жыйынтыгы Орусияга жагарын белгилейт. “Себеби Жогорку Кеңешке Кремль менен кызматташтыкты тереңдетүүгө багыт алган үч партия шайланды” деп жазат гезит.

“Московский Комсомолец” гезити Андрей Грозиндин ой бүтүмүнө шилтеме берип, “шайлоонун жүрүшүндө эң башкы жыйынтык – Кыргызстандын мурдагы бойдон эле экиге бөлүнүү бойдон калганы далилденди. Түштүк бакиевчилерди колдойт деп катуу кысым көрсөтүлгөнгө карабастан бириге алды. Түндүк, тескерисинче, ар кимиси ар кандай добуш берип, биригүүнү ыдыратып салды. Ошону менен ал, ачыгын айтканда, убактылуу өкмөткө ишеним азайганын көрсөттү”,-деп айтылат “Демократия түндүктө утулду” деген макалада.

Саясат талдоочу Аркадий Дубнов буга дейре Борбордук Азияда мындай адилет шайлоо болбогонун айтат:

- Силер таң каларсыңар, бирок мен шайлоого оң баа берем. Себеби, балким, Борбор Азия тарыхында биринчи жолу адилет жана эркин, эл өзү каалагандай добуш бере алганын көрдүм.

“Ведомости” эл аралык байкоочулар шайлоону таза, ыр-чыры жок, демократиялык жолдо өттү деп жыйынтык чыгарса да “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Ошто миңден ашуун тарапкерлерин көчөгө алып чыгып митинг өткөрдү деп жазат. “Алтынчы күч” деп аталган макалада жеңип чыккан партиялар ортосунда коалиция түзүү маселеси кепке алынган.

Бул маселе эки күндүн ичинде чечилерин “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов айткан. “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов болсо келишүү үчүн кыйла убакыт керектигин белгилеген. “Ата Журттун” төрагасы Камчыбек Ташиев анын партиясы сунуштаган платформаны, аны менен катар өлкөнү башкаруу түрү президенттик болушун колдогон партия менен өнөктөш болууга даяр экенин билдирген. Президенттик күчтүү бийлик керектигин Кулов да колдогон, бирок ага “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен КСДП лидери Алмазбек Атамбаев каршы чыгышкан.

Гезит эки апта ичинде тил табышып, өкмөт башчы тандаса анда эл аралык донор Кыргызстанга 1 миллиард доллардан ашуун жардам берери да көрсөтүлгөн. Андай болбосо анда июнда кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык өлкө башчы Роза Отунбаева жаңы шайлоо өткөрүү чечимин чыгармакчы деп жазат.

XS
SM
MD
LG