Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

WP: Кыргызстан дүйнөнү таң калтырды


Гезит сатуучу басылмаларды иреттөөдө, Бишкек, 11-октябрь.
Гезит сатуучу басылмаларды иреттөөдө, Бишкек, 11-октябрь.

Кыргызстандагы шайлоого дүйнөдөгү ири маалымат каражаттары өзгөчө көңүл буруп жатышат. Батыштагы абройлуу басылмалар муну “Борбор Азиядагы авторитардык режимдердин үшүн алган шайлоо” деп аташты.

“Кыргызстан дүйнөнү таң калтырды”. “The Washington Post” бүгүнкү макаласын ушинтип атаган. Анда айтылгандарга караганда, шайлоого тан берчү жагдайлар көп болду. “Биринчиден, улутчул партия жеңди. Экинчиден, добуш берүүнүн жыйынтыгын алдын ала билүү мүмкүн болбогону таң калтырды, - деп айтылат макалада. – Борбор Азияда элинин көбүн мусулмандар түзгөн кичинекей бул мамлекет демократиялык системага жетиш үчүн алгачкы жолу региондо таза шайлоо өткөрө алды”.

Батыштагы ири маалымат каражаттарында бүгүн басылган макалалардын дээрлик баарында бул маанай байкалат.

"Кыргызстан өзүн-өзү башкаруунун жаңы формасын кабыл алганга аракет кылууда"

“Times” басылмасынын ишениминде: “Бул – автократ лидерлер өзүнө ылайыктуу парламентке жетиш үчүн шайлоону каалагандай бурмалаган Борбор Азиядагы тарыхый жетишкендик”. “Демократия менен адам укуктарын коргоого чакырган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун азыр жетектеп турган Казакстанды алсак, - деп жазат макаланын автору Тони Халпин, - бул мамлекеттин парламентиндеги ар бир орунду президент Н.Назарбаевдин “Нур Отан” партиясы ээлеп турат.

Гезит жазгандай, Кыргызстанда толкундоолор болгондо, “демократиянын вирусу бизге да жукпасын” деп, коңшулары бул мамлекет менен чек арасын жаап салышты. “Бирок мындан ары Борбор Азия такыр башкача эрежеде ойногонду үйрөнүүгө мажбур болот. Кыргызстан канчалык жандуу жана ачык болгон сайын, региондогу автократтарга саясий реформаларды жасаш үчүн басым да ошончолук күчөйт”, - деп жазды Тони Халпин.

Биз “Times” басылмасынын бул кабарчысы менен байланышып, Кыргызстандагы соңку айлардагы ири окуяларды чагылдыруудагы маанай кандайча өзгөрүп жатканын сурадык.

“Бул – Борбор Азиянын парламенттик демократияга карай жасаган алгачкы эксперименти. Батыш медиасын ушул өзгөчө кызыктырып жатат. Кыргызстан президенттерди бийликтен кулатып, кууганды адат кылып алды эле. Эми мамлекет өзүн-өзү башкаруунун жаңы формасын кабыл алганга аракет кылууда. Эгер ал ийгиликтүү иштеп кетсе, жалпы регионго өрнөк болот. Бирок айтып коюш керек, парламентте өлкөнүн кызыкчылыгынан да, фракциянын кызыкчылыгы көбүрөөк мааниге ээ болуп кетиши ажеп эмес, - деди журналист. - Эл аралык маалымат каражаттары июндагы кандуу окуяларга өтө көп маани беришти, аны такай чагылдырышты. Ал учурда Кыргызстан мамлекет катары жоюлуп кетишине да аз эле калгандай туюлган. Азыр болсо дүйнөдөгү гезит-журналдар акыркы шайлоодон кийин бул өлкө кайра бутуна тура баштады деген таризде көп сүйлөп жатышат. Кыргызстан ушул шайлоодон топтогон упайын бекемдеп, туруктуулукту көпкө сактоонун камын көрүшү абзел”.

Калкы болгону 5 миллиондой адамды түзгөн бул мамлекеттин тагдыры азыр Орусия менен АКШны да кыжаалатка салып жатканы бүгүн басылган макалалардын дээрлик баарында эле айтылды.

“Эки мамлекет тең Кыргызстанда стратегиялык маанидеги базаларга ээ. Ошон үчүн Кыргызстан бул эки өлкө менен жакшы мамиленин, кызматташтыктын ыңгайлуу жолун табышы зарыл. Эми ушул маселелер боюнча парламенттеги түрдүү күчтөр ортосундагы талаштарда ортомчулук кылыш үчүн президент Роза Отунбаева көп жылдар бою дипломатияда топтогон тажрыйбасын даңазалашы керек”, - деп жазды Британиядагы “Financial Times” бүгүнкү комментарийинде.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG