Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Кыргызстандагы шайлоо Батыштын көңүл чордонунда


Кыргызстанда 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоо жана мындан кийинки өлкөнүн келечеги Батыш басма сөз каражаттарында байма-бай талкууга алынууда.

Шайлоо күнү жарыялаган макаласында Лондондо чыгуучу “Observer” гезити “түштүктө жашаган өзбөк тектүүлөр али да болсо куугунтукталып жатат” деген жана Батыштын медиа каражаттарында кайталанып келе жаткан пикирге орун берген.

Түштүктө жашаган айрым өзбөк тургундардын “бейкүнөө адамдардын соттолуп кетиши, тергөө абактарындагы ур-токмоктор жана мыйзам бузуулар” жөнүндө айткандарына шилтеме жасалган макалада “Кыргызстанда жаңы парламент үчүн шайлоо өтүп жатат, бирок өлкөнүн келечеги бүдөмүк” деп айтылат.

“Пессимисттик көз караштагылар АКШнын жана Орусиянын базалары жайгашкан Кыргызстанда мамлекет ыдырап, маңзат аткезчилигинин, уюшкан кылмыштын, аша чапкан динчиликтин жана Ооганстан менен Пакистан тараптан келген дагы көптөгөн жагымсыз жагдайлардын туңгуюгуна кабылып кетүүсү ажеп эмес дешет. Каршы көз караштагылар болсо автократтык лидерлер тарабынан башкарылган пост-советтик мейкиндикте Кыргызстанды эң эркин мамлекет деп санашат. Бүгүнкү шайлоолор демократия жараянын бекемдейт, же кийинки 5 жылдын аралыгында эки ыңкылапты башынан өткөргөн бул өлкөдө саясий чыр-чатактын жаңы айлампасы башталып кетет” деп жазат “Observer” гезити.

10-октябрда чыккан жаңы санында “New York Times” гезити да шайлоого түштүктөгү абалдын өңүтүнөн сереп салган. Гезитте чыккан макалада июнда Ошто орун алган коогалаңды иликтөө иштери уланып жаткан маалда аймакта улуттар аралык абал курч бойдон экендиги, жергиликтүү башкаруучулар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштери аймакта эки улуттун ортосундагы мамилени ого бетер курчутуп жатканы айтылат.

Лондондун “Financial Times” гезити да шайлоодон кийин Кыргызстанда улуттар аралык абалды турукташтыруунун келечегине шектүү көз караштан талдоо жүргүзөт.

“Курманбек Бакиевди тактан кулаткан ыңкылаптан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт, 20 жылдан бери өнүгүп келаткан коррупциячыл, кландык президенттик системанын ордуна күчтүү бир парламенттик башкаруу системасын орнотуу жана өлкөдө туруктуулукту кайтаруу үчүн өзүнүн келечегин тобокелге салды” деп айтылган макалада ошого карабастан өлкөдө 10-октябрда өткөн шайлоо демократиянын таңын аттыруудан көрө, Кыргызстандын ыдырап кетүүсүнө жана жалпы аймактын туруксуздашуусуна алып баруусу ыктымал деген чочулоо сезимдери кеңири канат жайганы бышыкталат. Кыргызстандагы саясий реформалардын багыты тууралуу АКШ менен Орусиянын көз караштары ар башка болгону баяндалган макалада президент Дмитрий Медведевдин “парламенттик система өлкөнү Ооганстанга айлантат” деген сөздөрүнө орун берилип, Вашингтон, тескерисинче, тынч жана таза шайлоо өлкөнү демократияга алып чыгарына үмүт артканы баяндалат.

Eurasia View интернет баракчасында жарыяланган макалада Кыргызстанда шайлоо алдындагы өнөктүк салыштымалуу тынч өткөнү менен, эл аралык байкоочулар шайлоодон кийин өлкөдө абал тынч бойдон сакталып калаарынан күмөн санаганы айтылат. Шайлоого катышкан партиялар тууралуу маалымат берилген макалада, “Ата Журт” партиясы алдыга чыгышы мүмкүн экени баяндалат.
XS
SM
MD
LG