Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

“Бүтүн Кыргызстан” Баткенден колдоо издеди


“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы А.Мадумаров "Азаттыктын" студиясында, 13-апрель, 2010-жыл.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы А.Мадумаров "Азаттыктын" студиясында, 13-апрель, 2010-жыл.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы А.Мадумаров Баткен облусундагы шайлоочулары менен жолугушуп, шайлоонун жыйынтыктарын сынга алды.

Адахан Мадумаров облус аймагындагы район-шаарлардагы жолугушууларында артынан атайын кызмат өкүлдөрү коштоп жүргөнүн, бийлик “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан коркуп жаткандыгын айтты. Ал эми бийлик өкүлдөрү болсо лидер элди көчөгө чыгарбай, укугун мыйзамдуу жолдор менен коргошу керектигин белгилешүүдө.

10-октябрдагы парламенттик шайлоодо алдын ала маалыматтар боюнча Баткен облусунан эң көп добуш, же 33 миңден ашык шайлоочунун добушун алган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров аймактагы район-шаарларда эл менен жолугушууларды өткөрдү.

Облус борборунда өткөргөн жолугушууга Баткен шаарынан миңден ашуун эл катышты. Партия лидери эгер “Бүтүн Кыргызстандын” утканы ырасталбаса, чечкиндүү кадамдарга барарын эскертти.

- Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев 11-октябрда саат 8-9 чендерде мага чалып, “сиздерди 5 пайыздык тоскоолдуктан өтүшүңүздөр менен куттуктайм” деп айткан. Мына азыр биздин штабдан эсебин чыгарышууда, Баткен облусу боюнча 15 миңден ашык бюллетен чыгып атат. Ноокен району боюнча 7 миңден ашык бюллетен чыгууда. Эмне үчүн “Бүтүн Кыргызстанды” киргизгенден коркот? Биз парламентке кирсек азыркы бейкасиет өкмөттүн жообу башталат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы адилеттүү чечим чыгарбаса, биздин жараткандын алдында таза жеңишибизди колубузга бербесе, анда биз башка аракеттерге барабыз.

Эл менен сүйлөшүүлөрүн атайын кызматтын өкүлдөрү коштоп жүргөнүн айткан Мадумаров, бүгүнкү бийлик эл менен күч кызматтарынын ортосунда ажырымды кеңейтип жаткандыгын билдирди.

- Эл менен милициянын ортосунда от жагышпасын. Мен он жолу эскертип айтайын. Мына, милиция болобу, СНБ болобу, ачык айтып атам, саат 5те Кадамжайда болом, эртең Жалал-Абадда болом, саат 2де Ноокенде болом, айтып эле жатпаймынбы жар салып, эмне эле кыйналып атасыңар?

Партия лидеринин Баткен облусунда да 15 миң шайлоо бюллетени ашыкча чыкканы тууралуу айтканы боюнча облустук акимчиликтин уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы Эрмек Бахавадинов шайлоо учурунда аймакта эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун айтып, элди көчөгө айдабай, шайлоонун жыйынтыгын мыйзамдуу жолдор менен чечүү зарыл дейт.

- Бүгүнкү күндө Мадумаровдун айтканы боюнча бизде эч кандай маалымат жок. Бийлик тарабынан бут тосуулар, административдик ресурстар колдонулган жок, катталган жок. Бүгүн айтылган сын-пикирлер чындыкка жатпайт. Эгерде өзүнүн фактылары болсо, ал сөзсүз түрдө тийиштүү жол-жоболорго ылайык сотко кайрылып чечип алса болот.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Лейлек, Баткен райондорундагы жолугушуусунан кийин Кадамждай районунда 500дөй кишинин катышуусу менен жолугушуу өткөрүп, Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG