Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Кыргыз шайлоосу коңшулардын көзү менен


Кыргыз шайлоосун коңшулаш өлкөлөрдүн журналисттери кантип чагылдырууну билбей калышты көрүнөт
Кыргыз шайлоосун коңшулаш өлкөлөрдүн журналисттери кантип чагылдырууну билбей калышты көрүнөт

Кыргызстандагы парламенттик шайлоону дүйнөдөгү бир топ ири маалымат каражаттары “коңшулаш өлкөлөрдөгү авторитардык режимдерге чоң коркунуч туудурат” дешкен эле. Ошон үчүнбү, айтор, кыргыз жериндеги шайлоону коңшулаш өлкөлөрдөгү маалымат каражаттары дээрлик чагылдырышкан жок.

Айрым гана кабар-макалалар салыштырмалуу эркинирээк же көз-карандысыз деп эсептелинген маалымат агенттиктеринде, гезиттерде жарыяланды.

Огулжамал Язлыева
“Азаттыктын” түркмөн редакциясынын директору Жамал Язлыеванын айтымында, бул ирет да түркмөн бийликтери журналисттерине Кыргызстандагы шайлоо жөнүндө сүйлөгөнгө жол беришкен жок.

“Тилекке каршы, Түркмөнстанда медиа толугу менен өкмөт тарабынан көзөмөлгө алынган. Телеканалдарда, радиодо, гезит-журналдарда жарыяланчу ар бир макала кылдат текшерүүдөн өтөт. Кыргызстандагы маанилүү саясий окуялар жөнүндө билбегенге, укпаганга аракет кылышат, - дейт Жамал Язлыева. - Мунун өзү Кыргызстандагы шайлоо түркмөн бийликтерин чочулатып жатканын кабар берет”.

Өзбекстандагы маалымат каражаттарынын иши деле түркмөн жериндегиден айырмаланбады.

Биздин радионун өзбек редакциясынын директору Алишер Сыдыков: “Өзбек маалымат каражаттары кыргыз шайлоосун эч бир формада чагылдырышкан жок. Мунун себеби да айтылбайт. Балким, демократиялык шайлоо кантип өтөөрүн билүү өзбекстандыктар үчүн маанилүү эмес деп эсептешкендир. Алар муну анчалык деле кызыктуу эмес дешсе керек. А балким, Кыргызстанда эмне болуп жатканын өздөрү да түшүнүшкөн жок. “Өйдө жактан” буйрук болушу да мүмкүн. Чынында, өзбек маалымат каражаттары мүмкүн болушунча кошуна мамлекетерде болгон шайлоолорду чагылдырбаганга аракет кылышат. Андан көрө алысыраакта, маселен, Орусияда же АКШда өтсө, айтышат. Ал эми жакыныраак жерде шайлоо өтсө, өзгөчө, Кыргызстанда болсо, сөз кылбаганга аракет кылышат”.

Кошуна мамлекеттердин ичинен кыргыз шайлоолоруна аздыр-көптүр кызыгуу калган эки өлкөдө байкалды.

Алишер Сыдыков
Тажикстандагы “Азия Плюс” гезитинин башкы редактору Марат Мамадшоевге телефон чалганыбызда, ал “Миллат” деген менчик гезитти окуп отурган экен.

“Мына, бул гезит “Кыргызстанда парламенттик башкаруу орноду” деген чакан бир макала басыптыр. Анда Тажикстандагы социал-демократиялык партиянын мүчөсү Шокиржон Хакимовдун пикири келтирилген. Ал Кыргызстандагы шайлоону мактаптыр. “Мындай шайлоолорду башка мамлекеттерде да, Тажикстанда да өткөрсө болот. Демократиядан коркпошубуз керек. Саясий эрк болсо, бизде да ачык, акыйкат шайлоо өткөргөнгө болот”, - деп айткан экен”, - деди “Азия Плюс” гезитинин башкы редактору Марат Мамадшоев.

Ал эми “Авеста” деп аталган маалымат агенттигинин башкы редактору Зафар Абдуллоев болсо жергиликтүү маалымат каражаттарында коңшу республикадагы шайлоо жөнүндө бир да маалымат таппай койгонун билдирди.

Биз эңсеген мындай окуяга жеткен боордош кыргыз улутуна сүйүнбөшкө аргабыз жок
“Тажик маалымат каражаттарында шайлоого чейин да, андан кийин да (кечээги санына чейин дээрлик бүт эле маанилүү гезиттерди окуп турдум) мен Кыргызстандагы шайлоо жөнүндө бир да кеңири макала таба албадым, - дейт З.Абдуллоев. - Биринчиден, азыр Тажикстанда Рашт өрөөнүндөгү кырдаалдын айынан саясий, аскерий абал курчуп турат. Көбүрөөк көңүл ошого бурулууда. Экинчиден, айрым көз карандысыз маалымат каражаттарына соңку кездери бийлик кысымды күчөттү. Ошон үчүн көпчүлүк гезит-журналдар азыр сырттагы окуядан көрө, өздөрүнүн жеке коопсуздугуна көбүрөөк көңүл буруп жатышса керек”.

Жалпысынан, Зафар Абдуллоевдин ишениминде, Кыргызстанда быйыл бийликтин алмашуусу, кийинки референдум жана шайлоолор жергиликтүү оппозицияга, эркин маалымат каражаттарына дем бергендей болду.

“Кыргызстандагы экинчи ыңкылап менен байланышкан окуялар Тажикстандагы дээрлик баардык эле маалымат каражаттарында кеңири айтылып, талданып жатты. Көпчүлүк журналисттер муну региондогу, Тажикстандагы саясий жагдай менен салыштырганга аракет кылышты. Биздеги оппозиция, жарандык коом, эркин журналисттер Кыргызстандагы акыркы шайлоону Тажикстанга да позитивдүү таасир этет дегендей кабыл алышты. Менимче, Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгы, мааниси тууралуу жакынкы бир-эки аптада тажик маалымат каражаттары дагы кеңири жазышат го. Болгондо да, мындай шайлоону бизде да өткөрүп, оппозициялык күчтөр да кирген парламенттик системага жетишели деген ойлор козголсо керек”, - деди Душанбедеги “Авеста” маалымат агенттигинин башкы редактору Зафар Абдуллоев.

Жекшембидеги шайлоо тууралуу Казакстандагы медиада да айрым макалалар чыкты. Бирок мамлекеттик негизги маалымат каражаттары аны “мурункуларындай эле кадимки шайлоо болду” деп аташты.

“Казакстан” улуттук телеканалында, маселен, Борбор Азияда буга чейин болуп көрбөгөн парламенттик башкарууга кадам коюлганы, шайлоонун эл аралык байкоочулар демократиялык нукта өттү деп аташканы тууралуу бир да сөз жок. Негизги көңүл бул шайлоо кыргыз тарыхындагы эң кымбат, эң татаал шайлоо болгонуна гана бурулгансыды.

Добуштардын алдын ала жыйынтыктары 12-октябрда дээрлик дайын эле болуп калганына карабай, мамлекеттик “Эгемен Казакстан” басылмасында ал күнү Кыргызстандагы шайлоо жөнүндө такыр айтылбады.

“Айкын” деп аталган гезитте болсо Кыргызстан парламенттик башкарууга кадам койгону айтылып, шайлоо ачык, демократиялык мүнөздө өткөнү ага катышкан партия лидерлеринин гана сөздөрү аркылуу чагылдырылган.

“Алаш айнасы” деген басылма болсо көлөмдүү макаласында шайлоодо алдыга чыккан партияларды сыпаттайт. Автордун ишениминде, алдыга озунуп чыккан партияларда аймактык-кландык бөлүнүү күч.

Казакстандагы оппозициялык гезит болсо Кыргызстандагы шайлоону өзгөчө маанидеги окуя деп атап, аны башкы бетке чыгарган. 12-октябрдагы санында “Жас Алаш” басылмасы “Биз эңсеген мындай окуяга жеткен боордош кыргыз улутуна сүйүнбөшкө аргабыз жок. Биз алардан үйрөнө турган, үлгү ала турган жактарыбыз да аз эмес” деп жазды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG