Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Эл - тоодогу калың жааган кардай


"Азаттыктын" “Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар электр кубатына баанын кымбатташына нааразы болушуп, алдыда болуучу Ынтымак курултайына көз караштарын билдиришти.

“Эл үнү” программасына кайрылган Бишкектин тургуну Нураян Залкарова президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен өзгөртүү киргизилип жаткан Конституциянын жаңы долбооруна пикири төмөндөгүдөй:

- Эгер президент милдетин аткара албай калса, Мамлекеттик кеңеш президенттин милдетин убактылуу аткаруучу адамды добушка салып алып чыгууга укук алды. Сөздүн ток этер жери - азыркы президент уулу Максимди ажолукка ат салышууга мыйзамдаштырып берди. Мамлекеттик кеңештин тогуз мүчөсү азыртадан эле экиге бөлүнгөн. Бир жааты Максим Бакиевге болсо, экинчи жааты Жаныш Бакиевге. Сасяий спектакль али алдыда. Президент К.Бакиев уулуна жан тартып турат. Бирок мураскерди тандоо орто кылымдагы Африкадагыгдай болуп уруулук жол менен тандоо кооптуу болуп турат. Эл тоодогу калың жааган кардай болуп турат. “Күп” этип жыгылса, Ак үйдүн планы күм-жам болуп кетпесин.

Адилет министри Курмантай Абдиев болсо Конституцияга өзгөртүү киргизүү президент Курманбек Бакиев баштаган мамлекеттик башкаруу системасын реформалоого байланыштуу экендигин, бул өзгөртүүлөр учурдун талабына ылайык жүргүзүлүп жатканын билдирди:

- Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун негизинде айрым мыйзам нормаларынын бири-бирин кайталап калган позицияларын жоюу, оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин кыйла так, даана жана терең белгилөө максатында ушул мыйзам долбоору дайындалган.

Таластан байланышка чыккан Аман аттуу жигит бийлик жаңы түзө турган Мамлекеттик
Кеңешти президенттин уулу Максим Бакиев жетектебеши керек дейт:

- Президент милдетин аткара албай калганда, Мамлекеттик кеңеш президенттин милдетин аткаруучуну дайындайт деп жатпайбы. Ошол Мамлекеттик кеңештин башчылыгына Максим Бакиев болот экен дегенге мен каршымын. Анткени президенттин баласынан башка Кыргызстанда Мамлекеттик кеңешти башкара турганга киши жок бекен? Бул үй-бүлөлүк нерсе болуп жатат. Мен үй-бүлөлүк башкарууга каршымын.

Мындан төрт жыл мурун президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсүн бийликке аралаштырбастыгын, алардын Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүнө таасири жоктугун айткан.

- Президенттин баласы турат, тигиниси турат, мунусу турат десе, ошого ишенгендер да бар экен. Булар ойлоп жатышса
керек, “дагы эле баягы Акаевдин мезгилиндей, ырас президенттин баласы турса, кой ушуну кылып кое берели” деп. Мен ачык айтып коеюн, менин балдарым эч качан Кыргызстандагы болуп жаткан - майда болобу, чоң болобу - бир да бизнеске аралашпайт. Менин баладарыма ушинтип жамынып, чоң баласы, кичүү баласы дегенге “вообще” ишенбеш керек.

“Эл үнү” программасына Бишкектин Москва көчөсүнүн 51-үйүнүн жашоочулары кайрылып, үйлөрүнө жылуулук берилбей үйдүн суугунан ооруп, ооруканага жаткандар бар экенин, арыз-арманын “Азаттык” аркылуу бийликке угузуп коюуну өтнүнүштү.

Бишкек жылуулук түйүнүнүн жетекчиси Мирбек Батаканов жогорудагы маселе боюнча комиссия түзүп, 15-февралда Москва көчөсүндөгү 51-үйдүн маселесин жеринде иликтеп чечип берерин убада кылды.

11-февралда көз карандысыз адвокат Нурбек Токтакунов ысык сууга, жылуулукка жана электр кубатына өкмөттүн тарифтерди көтөрүү жөнүндөгү токтомун мыйзамсыз деп санап, Бишкек райондор аралык сотко кайрылган. Анын мындай аракетин “Эл үнүн” уккан угармандар да толук колдошорун айтышты.

“Азаттыктын” угарманы Дүйшөнкул Табалдиев Кыргызстандын атуулу болуп, анын укугун башка мамлекеттердин жарандары тарабынан тебеленгенин билдирип, арыз-арманын бийлик жетекчилери угаар бекен деп кайрылды.

-Мен Балыкчы шаарында жашайм. 2010-жылы 28-январда Каара-Кечеден көмүр алып Долон ашуусунан чыгып келатканда алдымдан Кытай Эл Республикасынын эки унаасы чыкты. Мен жарык берип жол берүүнү белги кылганда бирөө токтоп калды. Бирөө бурулуштан менин машинемди кысып, токтоого мажбур болдум. Жол тайгак болгондуктан машине артка кетип, мен жалгыз элем унаадан секирип кеттим. Машине аңдан ылдый кулап кетти. Кытайдын машинесиндеги айдоочу колун шилтеп кетип калды. Нарытадан карап турган бензовос менен Кочкорго келип Ички иштер бөлүмүнө арыз жаздым. Тергөөчү жол кырсыгы болгон жерде схеманы чийип, Нарынга барып жанагы мага жол бербей кырсыкка учураткан Кытайдын айдоочусун таап, анын документтерин алды. Бир-эки күндөн кийин үч дунган жигиттер келип, мени кекетип, ”Бул Максим Бакиевдики, эч нерсе кыла албайсың. Кел андан көрө эки тараптуу кылып коелук. Өзүң бүтүрүп ал” деди. Мен,”Жок ушунча чыгым болдум, жок дегенде жүк ташуучу унаанын ордун тургузуп бергиле” дедим. Алар болбой кетип калган. Мен тергөөчүгө чалсам, “Кытайдын атуулун кармаганга укугум жок. Келип документтериңизди алып кетиңиз” деди. Мен өз мамлекетимде укугум корголбой, тебеленип жатканына күйүп ушундай интервью бергенге аргасыз болдум. Президент Курманбек Бакиев радиону уга турган болсо, ушуну билсе экен дедим.

Бул маселеге жооп алалык деп Кочкор райондук Ички иштер бөлүмү менен телефон аркылуу байланышууга аракет жасаганыбыздан
майнап чыккан жок.

23-мартка белгиленген Ынтымак курултайына бийликтин “камчысын” чапкандар жана “дүжүр” адамдар шайланышарын айтып, курултай, тескерисинче, элдин нааразылыгын жаратат деген коомчулукта пикирлер болууда.

Президенттин катчылыгынын эксперттик-талдоо кызматынын башчысы Султан Жумагулов мындай пикирлер менен макул эмес, ал “Ынтымак курултайы – чыныгы элдик курултай болот” деген ишенимде

- Президенттик сайтта "Курултай" деген атайын бөлүкчө ачылды, ар ким өзүнүн дооматын, фактыларын ошого жазса болот. Жергиликтүү курултайларда адамдарга, жергиликтүү элге “өзүңөрдүн сөзүңөрдү, көйгөйлөрдү айта турган жигиттерди, кыздарды шайлагыла” деген мүмкүнчүлүк берилип атат. Анын бардыгына администрация кийлигише берсе болбой калат, адамдар өзүнүн укугун өздөрү пайдаланышы керек.

Эгерде сизди түйшөлткөн суроолор болсо, кубанычтуу кабарлар же жеке көз карашыңызды “Эл үнү” программасына билдирем десеңиз 0312 коду менен 31-61-53 жана 31-61-71 номурлуу телефондорго чалыңыз.
XS
SM
MD
LG