Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Бишкек кышка даяр


Бишкек шаарын тазалап, карын күрөгөнгө жакында Белорустун “Минск” машина заводунан 25 унаа келет. Ушул тапта “Тазалык” мекемеси кум жана туз камдап, кышка даярдык көрүп жаткан чагы.

“Тазалык” муниципалдык ишканада айдоочу болуп иштеген Иманбек Үмөтбаев күнүгө таңкы саат төрттө Бишкек шаарынын көчөлөрүн тазалагыны жөнөйт. Ал кар күрөөчү, кум жана туз себүүчү чоң МАЗ унаасын айдайт.

- Кар калың жааса, саат сегизге чейин тазалап бүтүрүш керек. Бир машина төрт кварталды тейлейт. Ага 10 тонна кум, 1,5 тонна туз салынат.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын көчөлөрүн тазалап, карын күрөгөнгө 15 чоң МАЗ машина иштеп жатат. Жакын арада Белорустун “Минск” машина заводунан дагы 25 унаа келет. Алардын ону кар күрөп, жол тазаласа, калганы таштанды жыйнап, ташыганга жумшалат.

Муниципалдык “Тазалык” мекемесинин жетекчиси Замирбек Асанбаев кышкысын Бишкек шаарынын көчөлөрүн тазалоого, жолдордогу тайгалактарды жоюуга даярдыктар көрүлүп жатканын айтат.

- Бизде азыр бир миң 800 тонна кум, 90 тоннадай туз бар. Жакында дагы жети миң тонна кум, 500 тонна туз алынат.Негизнен техникалар жетишсиз. Союз учурунда Бишкек шаарын тейлегенге 750 машина иштесе, ушул тапта жалпы 205 гана машина бар. Ошондой болсо да ушулар менен биз шаардын ичин толук камсыз кылганга аракет кылабыз.

Туз - Казакстандан, кум - Кыргызстандан

Замирбек Асанбаевдин айтымында, жолго себүүчү тузга атайын тендер өткөрүлгөн. Анын негизинде туз Казакстандан алынып келет. Ал эми кум Кыргызстандан эле ташылат.

- Жаңы алынып келип жаткан машиналар Бишкек шаарын тазалаганга чоң күч берет. Алардын өзгөчөлүгү - жайкысын суу сугарып, шыпырса, кышкысын карды түртүп, туз жана кум сээп, көчөдөгү тайгалактарды жоет.

Көңүл сыртында калган чакан көчөлөр

Деген менен шаар тургундары борбордук чоң көчөлөргө гана кум себилип, тазаланганы болбосо кичине көчөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү каралбайт дешет. “Ошол себептен кар жаап, сууктун түшүшү менен эле бир топ ыңгайсыз абалдар жаралып жатат”- дейт айдоочу Каныбек.

- Бишкекте негизинен башкы, чоң жолдорго гана кум төгүлүп жатпайбы. Кичи көчөлөргө дээрлик төгүлбөйт. Ошол себептен да жол кырсыктары көп болуп жатат. Бүгүн эле “Баят” базары тарапта жолго кум себилбептир, машина тайгаланып барып арыкка түшүп кетиптир. Мындай жол кырсыктары көп эле болуп атат.

“Тазалык” мекемесинин жетекчиси коммуналдык система абдан татаал жана оор болгондуктан, кадрлардын токтошу кыйын экенин айтат. Ушул тапта бул тармакта жалпысынан 1280 адам эмгектенет. Кышкысын 25 айдоочу, 600 көчө тазалагыч ишке тартылат.
XS
SM
MD
LG