Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Чейрек финалда Бразилия менен Гана жеңилди


3-июлда Түштүк Африка өлкөсүндө чейрек финалда Аргентина менен Германия жана Парагвай менен Испания өлкөлөрүнүн командалары күч сынашмакчы.

2-июлда футбол боюнча дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия күйөрмандардын үмүтүн актай албай, чейрек финалда Голландияга 2:1 эсебинде утулуп калды. Беттешүүнүн 10-мүнөтүндө бразилиялык Робиньо эсепти ачып, командасын алыда сүрөдү.

Мелдеш курч мүнөзү менен айырмаланып, эки команда бири бирине байма-бай чабуулга өтүп, кырдаал курчуп турду. Биринчи тайм 1:0 эсебинде бразилиялыктардын жеңиши менен аяктады.

Экинчи таймда голландиялык Уэсли Снейдер тепкен тобу бразилиялык коргоочу Фелипе Мелонун ийинине тийип, Бразилиянын дарбазачысы Жулио Сезар кармай албай, эсеп теңделди.

Беттешүүнүн 68-мүнөтүндө голландиялык чабуулчу Уэсли Снейдердин таамай тепкен тобу Бразилиянын дарбазасынан орун алып, Голландия жарым финалга чыкты.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жогорку спорт мектебинин жетекчиси, профессор Канат Жанузаковдун пикиринде Голландиянын командасы бекем тартиби, жамааттык биримдиги менен бразилиялыктардан артыкчылык кылышты.

Чейрек финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвай менен Гана мөрөй талашуусу 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, кошумча убакыттарда да эсеп өзгөрбөдү. Оюндун эрежеси боюнча калыстар эки командага 11 мертден жекеме-жеке топ тептирди. Натыйжада 4:2 эсебинде уругвайлыктар утуп, алар жарым финалга чыкты.

6-июлда жарым финалда Голландия менен Уругвай өлкөлөрүнүн командалары күч сынашып, ким жеңсе алар баш байгеге талапкер болушат.

3-июлда дүйнөнүн эки жолку чемпиону Аргентина менен дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия жана Парагвай менен Европа чемпиону Испания өлкөлөрүнүн командалары чейрек финалда күч сынашмакчы.

Дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык беттешүүлөрү тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн Нурдин Букуев “Азаттыкка” өз оюн мындайча билдирди.

- Дүйнө чемпионаты Африкада алгач ирет өтүп жатканы менен тарыхта калууда. Мыкты деген өлкөлөр ишенимди артканыбыз менен көбү таймашуудан четке чыгып калышты. Эми алдын ала божомол айтуу дагы кыйын болуп турат. 3-июлда Аргентина менен Германиянын оюну абдан курч мүнөздө өтчүдөй, экөөнүн даярдыктары бирдей эле. Бирок германиялыктар жамааттык тартиптүү ойноп, бир аз артыкчылык кылышы ыктымал. Ошондой эле Европа чемпиону Испаниянын футболчулары баш байгеге талапкер болушу мүмкүн деп ойлоп турам.

Футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону “Дордой” командасынын өкүлү Марат Абитековдун божомолунда, 3-июлдагы чейрек финалда Испания менен Аргентина өлкөлөрү жеңишке жетип, жарым финалда ойноого укук алышы мүмкүн.

“Шоро” фирмасынын жетекчиси, футбол күйөрманы Табылды Эгембердиевдин пикиринде, бул дүйнөлүк таймашууда мыкты делген Европа, Африка жана Азиянын мыкты делген командалары сүрүлүп калып, үмүттү актай алышпады.

Кыргызстандык күйөрмандардын көпчүлүгү 3-июлдагы беттешүүлөрдө Аргентина Германияны 2:1 эсебинде, Испания Парагвайды 1:0 эсеби менен утат деген божомолдорун айтышууда. Мөрөй талашуу кандай деңгээлде өтөрүүн кечиндеги беттешүүлөр аныктайт.

Чейрек финалда бүгүн күч сынашуучу командалардан Германия өлкөсү 1954, 1974, 1990-жылдары дүйнө чемпиондугун үч ирет жеңип алууга жетишкен.

Алардын атаандашы Аргентина өлкөсүн футболдук командасы 1978 жана 1986-жылдары дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болушкан.
XS
SM
MD
LG