Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Жарым финалда Голландия менен Уругвай күч сынашат


6-июлда жарым финалда Голландия менен Уругвай өлкөлөрүнүн командалары күч сынашып, ким жеңсе алар баш байгеге талапкердин бири болушат.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын оюндарын кызыгуу менен көрүп жатышат.

6-июлда жарым финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвай менен Голландия өлкөлөрүнүн мөрөй талашканы даярданып жатышат. Кыргызстандык күйөрмандардын айрым бөлүгү Голландия Уругвайды утуп, финалга чыгат деген пикирде турушкан. Айрым күйөрмандар болсо дүйнөнүн биринчи чемпиондугун уткан, кийин 1950-жылы да дүйнө чемпиону болгон Уругвайдын утушун тилеп турушат.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын ректору Жумагул Сооданбековдун пикиринде, жарым финалда Голландия жеңишке жеткени менен финалда алар Германияга утулушу ыктымал.

Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине жана Эл аралык футбол федерациясынын жыйынына катышып келген өлкөнүн футбол федерациясынын вице-президенти, футбол демөөрчүсү Аскар Салымбековдун божомолунда жарым финалда Голландия Уругвайды татыктуу жеңип, алар финалда Испанияны да утуп алат.

"Айтыш" коомдук уюмунун негиздөөчүсү, режиссер Садык Шернияздын пикиринде чакан мамлекет болсо да Уругвай дүйнө чемпионатынын башатында турган.

- Ошондуктан кыргыз футболчулары да уругвайлыктардан үлгү алып, аларды сүрөөнгө алуусу зарыл. Ушул Уругвай 1930-жылы биринчи дүйнө чемпиону болуп, таасирдүү оюндун тушоосун кескен. Кийин да дүйнөлүк алтын медалды экинчи ирет тагынган. Быйыл да жолу болсо, чакан өлкө болгону менен футболдук мамлекет катары таанылып тургандыктан үлгү алалы, аларды сүрөп туралы.

Бишкектик футбол күйөрманы Эркинбек Аманалиевдин пикиринде Голландиянын футболчуларынын чеберчилиги жогору болгону менен финалга чыкса Испанияга туруштук бериши кыйын болмокчу.

Мына ушундай эле пикирди "Ала-Тоо ынтымагы" коомунун төрагасы Тургунбек Кулмурзаев билдирип, жарым финалда Голландия жеңип чыкса да, финалда Испания 2:1 эсебинде аларды утуп, дүйнө чемпиону болоорун божомолдоду.

Чейрек финалда Голландия өлкөсү дүйнөнүн эки жолку чемпиону Аргентинаны 4:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Алардын атаандашы Уругвай чейрек финалда Гана өлкөсүнүн футболчуларын 11-метрден жекеме жеке тебүүдө 4:2 эсеби менен оңдой берди болуп уткан.

6-июлда жарым финалда Голландия менен Уругвай өлкөлөрүнүн командалары күч сынашканы камынып турушат. Бул беттешүүнү Кыргызтелерадио корпорациясы түнкү саат экиден 30 мүнөт өткөндө түз алып көрсөтөт. Эки команданын ким жеңсе алар баш байгеге талапкердин бири болушат.

Ушул 6-июлдагы жарым финалдык беттешүүгө өзбекстандык Равшан Ирматов башкы калыс болсо, кыргызстандык Бактияр Кочкаров талаа четинде калыстык кылмакчы. Бактияр Түштүк Африкадагы дүйнө чемпионатында беш оюнга калыстык кылды.

Футбол күйөрмандарынын эсине, 7-июлда жарым финалда Испания менен Германия өлкөлөрү мөрөй талашууга чыгат.
XS
SM
MD
LG