Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

21-июль: Тарых барактары


Гарри Поттер жөнүндөгү жетинчи китеп 2007-жылдын 21-июлунда жарык көргөн.
Гарри Поттер жөнүндөгү жетинчи китеп 2007-жылдын 21-июлунда жарык көргөн.

Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн чаткалдык кыргыздардын жетекчиси Момун Шамурзаков жана башка кыргыз уруу башчылары 1847-жылы биригүү туурасында макулдашкан. Тарых маалыматтарына караганда, чаткалдык кыргыздар Кокон бийлигинин эзүүсүнө жана адилетсиз саясатына каршы көтөрүлүшкөн. Алар бул убакта Чаткалга чогулушуп, күчтү бир жерге топтоп, хандыкка каршы биригип аракет жасоо туурасында келишимге жетишкен.

Орусиянын Аскер министрлиги 1908-жылдын 21-июлунда Шабдан баатырдын империяга көрсөткөн кызматын жогору баалап, ага жер бөлүп берүү туурасында Жер бөлүү жана иштетүү боюнча Башкы башкармачылыкка кепилдик берген. Буга чейин Шабдан баатырга айдоо жана бакчылык үчүн жер бөлүп берүү туурасында бир канча иштер жасалып, акыркы өтүнүч кайрылууну генерал-адъютант Мищенко жазган. Ал Шабдан Жантаевдин Түркстан аймагын империяга каратууда сиңирген эмгеги зор экендигин белгилеп, анын кызматы мамлекет тарабынан татыктуу бааланышын өтүнгөн.

Жаңыдан түптөлгөн Кыргыз универститетинде 1951-жылы 5 профессор, 39 илим кандидаты жана доцент, атүгүл 1 мүчө-корреспондент иштей турганы маалым болду.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Орусиянын президенти Борис Ельцин менен Кыргызстандын лидери Аскар Акаев 1991-жылдын 21-июлунда эки өлкө ортосундагы мамиле туурасындагы келишимге кол коюшкан. Келишимде эки тарап бири-биринин күнкорсуздугун таанып жана эгемендикти барктап, урматтай турганы айтылат.

Герострат б.з.ч. 356-жылдын 21-июлунда Эфестеги Артемида чиркөөсүн өрттөлгөн.

Ааламдагы жети кереметтин бири – Александрия маягы 365-жылдын 21-июль күнкү жер титирөөдөн кыйраган.

Москва шаарында Романовдордун династиясынын өкүлү Михаил Фёдорович Романовго тажы кийгизүү салтанаты 1613-жылдын 21-июлунда өткөн.

Рим Папасы Климент XIV 1773-жылдын 21-июлунда иезуиттер Орденине тыюу салган булла кабыл алган.

Орусия менен Осман империясы 1774-жылдын 21-июлунда Күчүк-Кайнаржылык келишимге кол коюшкан. Анын натыйжасында эки өлкө ортосундагы согуш токтогон.

Бельгиянын биринчи королу Леопольд I 1831-жылдын 21-июлунда такка отурган.

Улуу Сибирь магистралынын курулушу 13 жылга созулуп, анын акыркы бөлүгү 1904-жылдын 21-июлунда аяктаган.

П. А. Столыпин 1906-жылдын 21-июлунда Орусиянын өкмөт жетекчилигине дайындалган.

Татарлар Германияга оккупацияланган Крымды татар хандыгы деп таануу өтүнүчү менен 1918-жылдын 21-июлунда кайрылган.

А. Ф. Керенский 1917-жылдын 21-июлунда Убактылуу өкмөттүн башына келген.

Советтер Союзу 1925-жылдын 21-июлунда Эл аралык метрикалык конвенцияга кошулган.

Совет өкмөтү 1937-жылдын 21-июлунда украин мамлекетик радиосун улутчул деп айыптаган.

Гитлердик Германиянын командачылыгы Советтер Союзуна каршы аскерий «Барбаросс планын» 1940-жылдын 21-июль күнү камдай баштаган.

Гитлердик люфтваффе 1941-жылдын 21-июлунда биринчи жолу Москваны бамбалоого алган.

Франциянын Индокытайдагы колониалдык согушун соңуна чыгарган Женева келишимине 1954-жылдын 21-июлунда кол коюлган.

Павел VI 1963-жылдын 21-июлунда Рим Папасы болуп шайланган.

Америкалык астронавттар Нил Армстронг менен Эдвин Олдрин 1969-жылдын 21-июлунда «Aполлон 11» станциясынан чыгып Айдын үстүнөн басышкан.

Советтер Союзу тарабынан көмөктөшүп курулган Египеттеги Асуан плотинасы 1970-жылдын 21-июлунда бүткөн.

Гарри Поттер жөнүндөгү жетинчи китеп 2007-жылдын 21-июлунда жарык көргөн.
XS
SM
MD
LG