Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

31-июль: Тарых барактары


Израилге миллионунчу иммигрант 1961-жылдын 31-июлунда келген.
Израилге миллионунчу иммигрант 1961-жылдын 31-июлунда келген.

Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштейн жетектеген экспедиция 1825-жылдын жай айында Кыргызстанга келген. Дарыгер Ф. К. Зибберштейндин «чөнтөк дептеринде» ушул жылдын 31-июлунда экспедиция Санташ ашуусуна чыккандыгы кабарланат. Саякатчы аймактын географиялык өзгөчөлүгүн, жаратылыш чөйрөнү, мындан кете турган соода жолдору туурасында кенен кабар берет. Ф. К. Зибберштейндин кабарлоосуна ылайык, ушул эле күнү түнкү саат 11 чамасында кыргыздарга барымтага келген казактар орус аскерлерин көрүп качкандыгы маалымдалат.

Чоң Алай жана Кичи Алайды жердеген адигине жана мунгуш уруулары орус бийлигине моюн сунгандыгын билдирип, өз өкүлдөрүн 1876-жылдын 31-июлунда Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевге жөнөтүшкөн. Генералдын жазганына караганда түздүк аймакта жашаган ичкиликтер ага мындай өтүнүч менен кайрылышкан эмес.

Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевдин аскери, Кызыл арт ашуусу аркылуу Каракөлгө качкан Абдылдабектин колунун аркасынан сая түшө кууган. 1876-жылдын 31-июлунда капитан Боголюбов таңкы саат 5те Каракөлгө келип, генерал-майор М. Д. Скобелев орун алган аймактан 65 чакырым алыстыкта орун алган.

Флигель-адъютант, полковник Витгенштейн аскерлери менен 1876-жылдын 31-июлунда Каракөлгө келген. Орус аскерлери мындан бир сутка мурун өткөн Абдылдабектин жоокерлеринин изин табышкан. Колго түшкө кыргыздардын көрсөтмөсүнө караганда Абылдабектин колу Каракөлдөн экиге бөлүнүп, биринчи топту Суранчы, Ашыр молдо, Ботбек баштап, Алтеңди ашуусу аркылуу Каратегинге, Абдылдабек жетектеген экинчи топ болсо Чоң-Суу капчыгайы аркылуу качкан.

Кыргыз коомчулугу 2004-жылдын бул күнү оор жоготууга дуушар болду. Белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстан Коммунисттер партиясынын жетекчиси Апсамат Масалиев 31-июль күнү жарык дүйнө менен кош айтышты.

Өзбекстан өлкөсү Ташкент шаарындагы 30-июль күнкү жардырууга байланыштуу 2004-жылдын 31-июлунда кыргыз-өбек чек арасын жапкан.

Кристофер Колумбдун үчүнчү экспедициясы 1498-жылдын 31-июлунда башталып, анын алкагында Тринидад аралы ачылган.

Пётр I 1720-жылдын 31-июлунда Финляндиянын жээгин карай сапарын баштаган.

Орусиянын Мамлекеттик Думасын уюштуруу максатында император Николай II төрагалыгы менен өткөрүлгөн жыйын 1905-жылдын 31-июлунда Петергофто ишин баштаган.

Веймарда өткөрүлгөн Германдык улуттук уюштуруу жыйыны 1919-жылдын 31-июлунда Германиянын биринчи Конституциясын кабыл алган. Башкы мыйзамга жараша Германия республика аталып, президент өлкөнүн рейхсканцлери менен министрлерди дайындаган. Президент башкы командачы катары рейхстагды таратып, жаңы шайлоону белгилөө менен өлкөгө чукул кырдаал киргизүүгө укугу болгон. Германиянын биринчи президенти болуп социал-демократ Фридрих Эберт шайланган. Веймар республикасы 1933-жылы нацисттик диктатура орногонго чейин өкүм сүргөн.

Белорус ССРинин эгемендик Декларациясы 1920-жылдын 31-июлунда кабыл алынган.

Польша өкмөтү 1924-жылдын 31-июлунда Чыгыш Галицияда украин тилин колдонууга тыюу салган.

Швеция, Норвегия жана Дания мамлекеттери 1946-жылдын 31-июлунда «SAS» авиакомпаниясын негиздешкен.

Германдык «Крупп» корпорациясынын жетекчиси Альфрид Круп 1948-жылдын 31-июлунда нацисттер менен кызматташкандыгы үчүн 12 жылга эркинен ажыратылган.

Москва шаарында Лужникидеги В. И. Ленин атындагы Борбордук стадион 1956-жылдын 31-июлунда ачылган.

КПСС Борбордук Комитети 1956-жылдын 31-июлунда Советтер Союзундагы турак жай курулушун өркүндөтүү туурасында токтом кабыл алган. Ошентип өлкөдө калк тарабынан «хрущёвка» аталган бетон үйлөр курула баштаган.

Израилге миллионунчу иммигрант 1961-жылдын 31-июлунда келген.

Дар-эс-Саламда (Танзания) 1962-жылдын 31-июлунда өткөн Бүткүл африкалык аялдардын конференциясында бул дата Африкалык аялдардын күнү катары кабыл алынган.

Англияда 1965-жылдын 31-июль күнү тамекини сыналгы аркылуу көрсөтүүгө тыюу салынган.

Англиядагы колония иштери боюнча министрлик 1966-жылдын 31-июлунда жоюлган.

Стратегиялык куралды кыскартуу туурасындагы (СНВ-1) советтик-америкалык келишимге 1991-жылдын 31-июлунда кол коюлган.
XS
SM
MD
LG