Сарыбагыш волостунда 1888-жылдын жай айында өткөн шайлоо «чубактын кунундай» узарган чырга айланган. Сарыбагыш волостунун 1000 түтүн чамалуу кишилери шайлоо маалында аларга карата манап жантайлардан кысым жасалгандыгына арызданышып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну жергиликтүү бийлик администрациясынан өтүнүшкөн. Арыз Жети-Суу областынын Аскер губернатордугунда каралып, 1888-жылдын 12-сентябрында областтык Аскер генералы Иванов аны менен таанышкандыгын күбөлөндүргөн резолюцияга кол койгон. Сарыбагыш волостунан түшкөн арыздын туура, чындыгы жеринде териштирилип, керектүү чечим чыгарылыш маселеси Токмок уезддик жетекчисине жүктөлгөн.
Жети-Суу областтык прокурору 1898-жылдын 12-сентябрында Каракунуз кыштагында жашаган дунгандар менен Шабдан Жантаев ортосунда кутумчулдук байланышты териштирген. Прокурордук териштирүү Каракунуз волосттук башчысынын арызыны байланыштуу жүргүзүлгөн. Волость башчысы кыштакта жашаган айрым дунган адамдары Сарыбагыш волостуна барып, Шабдан Жантаев менен жашырууун байланышып, орус бийлигине каршы көтөрүлүш чыгарууну көздөп жүрүшөт деп кабарланган.
Прокурордун иликтөөсүндө Каракунуз кыштагынын дунгандары кыргыздар менен көтөрүлүш чыгаруу үчүн эмес, жеке байланыштык багытында жасалгандыгы далилденген.
1916-жылкы көтөрүлүштөн качкан кыргыздар Кытай мамлекетинин чек арасынан өтүшүп, эми алардын мында орун алчу укук маселеси келип чыккан. Белек Солтоноев, Токтосопу Сарбозов 12-сентябрь күнү Шинжандагы жергиликтүү аскер башчы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Кытай доотайы башында кыргыздар Кытай мамлекетинин чек арасын мыйзамсыз бузгандыгын айыптап жана Орусия империясы Кытай менен өнөк экендигин билдирип, аларды өлкө чегинен чыгып кетишин талап кылган. Сүйлөшүү соңунда доотай алардан Кашкардагы орус консулуна көрүнбөй, тоо арасында турушуна уруксат берген.
Чебер ырчы, журт сүймөнчүгү Ырысбай Абдыкадыров 1994-жылдын бул күнү жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал 360 чамалуу обон жаратып, чыгармалардын 126сы калк арасына тарап, айрым обондор кыргыз музыкасынын Алтын фондуна алынган.
Грек жоокери Фитипид б.з.ч. 490-жылдын 12-сентябрында Марафон шаарынан Афинага чейин жөө чуркап келген. Жоокер гректердин перс аскерлерин талкалагандыгын кабарлап, «Сүйүнчү, биз жеңдик» деп айтканга араң жараган. Ошентип Марофондон Афина шаарына чейинки аралык жөө күлүктөр арасындагы айтылуу марафон жарышынын жаралышына негиз болгон.
Христофор Колумбдун төртүнчү акыркы саякаты 1504-жылдын 12-сентябрында Америкадан Испанияга жасалган.
Таганрог шаары 1698-жылдын 12-сентябрында негизделген.
Падыша Пётр I 1715-жылдын 12-сентябрында борбор шаардын калкына бут кийимге так жана мык кагууга тыюу салган жардык чыгарган. Падышанын камкордугу көчөгө төшөлгөн жыгачтарды сактоо үчүн жасалган. Жардыкта «эгер кимде-ким болбой эле такага мык кагып алышса, аларга көлөмдүү айып салынат. Көпөс адамдар така, мык кагышса, алар сүргүнгө айдалып, жери тартылып алынат» деп эскертилген.
Персия 1723-жылдын 12-сентябрында Орусияга Каспий жээгин Баку шаары менен чогуу берүүгө мажбур болгон.
Француз революционери Жан Поль Марат 1789-жылдын 12-сентябрында «Элдин досу» аттуу гезит чыгарган.
Дербент Али-хан 1799-жылдын 12-сентябрында Орусиянын букаралыгын кабыл алган.
Англичандар 1890-жылдын 12-сентябрында Солсбери шаарын негиздешкен.
Киев политехникалык институту 1898-жылдын 12-сентябрында ачылган.
Италиялык акын Габриэль д’Аннуцио 1919-жылдын 12-сентябрында Риеку шаарын ээлеп алып, аны эркин Фиуме республикасы деп жар салган.
Латвия, Литва жана Эстония 1934-жылдын 12-сентябрында бир саясий биримдикке биригишкен. Женева шаарында жетишилген келишимге жараша ал тарыхта Балтика Антантасы деган аталыш алган.
Эфиопия императору Хайле Селассие I 1974-жылдын 12-сентябрында тактан кулатылган.
Германиянын биригиши туурасындагы келишимге 1990-жылдын 12-сентябрында кол коюлган.
Жорж Буш АКШ кайрадан ЮНЕСКО мүчөлүгүнө өтө тургандыгын 2002-жылдын 12-сентябрында билдирген.