Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

17-сентябрь: Тарых барактары


Дүйнөдөгү биринчи үндүү тасма 1922-жылдын 17-сентябрында Берлинде көрсөтүлгөн.
Дүйнөдөгү биринчи үндүү тасма 1922-жылдын 17-сентябрында Берлинде көрсөтүлгөн.

Падышалык Орусиянын Сибирдеги воеводалары чыгыш багытындагы бийлигин чыңдоо максатында энесайлык кыргыздардын жерин басып алууну көздөшкөн. Кыргыздар да баскынчыларга каршы чечкиндүү аракет көрүп, колдон келген каршылыктарды жасашкан.

Красноярск воеводасы А. Сумараков кыргыздардын чапкынын чектөө максатында кыргыз жергесине чеп курууну пландаштырган. Ал үчүн Абакан суусунун Энесайга куйган өрүүнү тандалып алынып, 1675-жылдын бул күнү орус адамдары кыргыз жергесине киришип, стратегиялык жактан маанилүү жерде курулуш ишин башташкан.

Орус адамдары Энесай дарыясы аркылуу кайыктан келип, чеп үчүн тегерете аң казууга киришкен. Орус бийлигинин чагымчыл аракети кыргыздардын башчысы Эренактын көз жаздымында калган эмес. Ал колдо бар мүмкүнчүлүгүн колдонуп курулуп жаткан чепке эки ирет ийгиликсиз чапкын жасаган.

Кыргыз калкынын сабатсыздыгын жоюп, билим жолуна түшүшүнө 1919-жылдын 26-декабрда В. И. Ленин кол койгон “РСФСР калкынын сабатсыздыгын жоюу туурасындагы” Декрети маанилүү роль ойногон. Лениндик декретке ылайык, Түркстан Республикасынын элдик комиссарлар кеңеши 1920-жылдын 17-сентябрь күнү «ТСРРСФ калк арасындагы сабатсыздыкты жоюу жөнүндө» Декрет кабыл алган.

Түркстан Республикасынын декретинде кылымдар бою орун алган жапайылык көрүнүшкө каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүп, 8ден 40 жашка чейинкилердин сабатсыздыгын жоюу маселеси каралган. Элдик комиссарлар кеңеши сабатсыздарды окутуу үчүн жергиликтүү бийликке аларды күчтөп окутуу маселесин койгон. Сабатсыздыкка каршы күрөшкө жергиликтүү партия, комсомол жана профессионалдык кошуун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу каралган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки оор сыноо 1999-жылдын күз айында башталган. Тажикстандан Кыргызстан аймагына оогон Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары Баткен, Алай райондорунун айыл-кыштактарын тоноп, бейпил калктын жашоосуна жана жаңыдан телчиге баштаган кыргыз мамлекеттик түзүлүшүнө доо кетирген. Буга чейин жүргөн согуш аракеттери бир канча күнгө тыным алып, эки тарап тең күчтөрүн топтоп, аракет көрчү мерчемин белгилөөгө жетишкен. Исламчыл согушчандар 1999-жылдын 17-сентябрында Хайдеркен райондук борборго жакын жерден мамлекеттик аскерге каршы чабуул жасаган. Саны жагынан 150 чамасындагы башкесерлерге каршы майлысайлык өзгөчө батальон каршы туруп, согуш таңкы 4кө чейин уланган. Кармашта душмандар оор жоготууга учурап, согуш талаасында ислам согушчандарынын талаа командири Абдулазиз Юлдашевдин сөөгү калган.

Тиберий Клавдий Нерон 14-жылдын 17-сентябрында ысмын өзгөртүп, Тиберий Цезарь Август деген императордук титул алган.

Рим императору Константиндин 335-жылдын 17-сентябрь күнкү буйругу менен сыйынуучулар үчүн Иерусалимдеги Христосттун табыты ачылган.

Австрия герцогдугу 1156-жылдын 17-сентябрында негизделген.

Ерестиги үчүн айыпталган Жордано Брунонун иши 1598-жылдын 17-сентябрында Венециядан Римге берилген.

Голланд моряктары 1598-жылдын 17-сентябрында Маврикийди ачышкан.

Англис астроному Уильям Гершель 1789-жылдын 17-сентябрында Сатурндун жандоочусу Мимасты ачкан.

Испаниядагы «Валенсия» футболдук клубу 1918-жылдын 17-сентябрында уюшулган.

Советтер Союзундагы жогорку окуу жайларда жумушчу факультеттер 1920-жылдын 17-сентябрында уюшулган.

Дүйнөдөгү биринчи үндүү фильм 1922-жылдын 17-сентябрында Берлинде көрсөтүлгөн.

Советтер Союзундагы биринчи радио концерт 1922-жылдын 17-сентябрында Москва шаарында уктурулган. Ошентип “Радио Москвага” чыйыр салынган.

СССР БАК Президиумунун 1932-жылдын 17-сентябрындагы токтомуна ылайык А. М. Горький атындагы Адабият институту уюшулган.

Жеймс Форрестол 1947-жылдын 17-сентябрында АКШнын биринчи коргоо министри катары ант берген.

Жаңы жердеги советтик өзөктүк полигон 1954-жылдын 17-сентябрында курулган.

«Червона рута» аттуу украиналык ырдын биринчи фестивалы 1989-жылдын 17-сентябрында Черновескиде ишин баштаган.

Америка Кошмо Штаттары 2009-жылдын 17-сентябрында Чехия менен Польшада ракетага каршы коргонуу (ПРО) системасын жайгаштыруудан расмий түрдө баш тарткан.
XS
SM
MD
LG