Кытайдын зомбулугу узак жылдарга созулуп, бийлик жазалоосунан качкан дунгандар Шинжаң провинциясынан баш паанек алууга мажбур болушкан. Кытай аскерлери алардын артынан сая түшө кууп, манчжур-циндик жазалоочу отряд 1877-жылдын 18-октябрында Шинжаң провинциясынын түндүк-батышындагы Куча шарынан дунгандарга кол сала баштаган. Мунун айынан дунгандардын бир бөлүгү Кыргызстан аймагына качууга мажбур болушкан.
Кыргыздын адегендеги агартуучуларынын бири Дүр Сооронбаев 1912-жылдын 18-октябрында үч суткага камакка алынган. Дүр Сооронбаевди Токмок участкалык приставынын штабс-капитаны Кутуков камап, ага «жогорку кызматтагы адамдарга жалган жалаа жапкан» деген айып коюлган. Орус архивдик материалдары көрсөткөндөй штаб-капитан Дүр Сооронбаев менен жакын мамиледе болгон жана анын кыргыз калкынын арасындагы кынтыксыз кадыр-баркын жогору баалаган. Дүр Сооронбаев өз убагында мектеп курдуруп, кыргыз жаштарын окуткан жана коомдук ишмердүүлүгү менен калк арасынан кадыр тапкан адам болгон.
Падышачылык бийлик 1916-жылкы көтөрүлүш аяктагандан кийин жергиликтүү калктын жана мындагы орус адамдарынын жоготууларын тактоого киришкен. Ошол жылдын 18-октябрында Жетисуу областтык башкармалыгы Пишпек уездиндеги Атаке, Сарыбагыш, Шамшы, Бурана, Байсеит, Токмок, Суусамыр, Карабулак, Ысык Ата сыяктуу болуштуктарда өлтүрүлгөндөрдүн жана дайынсыз жоголгондордун тизмесин тактай баштаган.
РКП (б) Борбордук Комитетинин саясий кеңеши 1924-жылдын 18-октябрында Кара- Кыргыз автономиялык облусунун партиялык-уюштуруу бюросунун курамын бекиткен. Кара-Кыргыз автономиялык облусунун партиялык-уюштуруу бюросунун биринчи катчылыгына М. Каменский, экинчи катчылык кызматка Ю. Абдрахманов жана бюро мүчөлүгүнө И. Айдарбеков, И. Арабаев, Д. Бабаханов, М. Ботбаев, Г. Гросс, Д. Зульфибаев, П. Покровский, Р. Расулаев, Т. Токбаев, С. Төлөнов, Р. Худайкулов кирген. Бюродо борбордон жиберилген партиялык адистерден тышкары А. Сыдыков жана Р. Худайкуловдун тарапкерлери бирдей өлчөмдө орун алышкан.
Фрунзе шаарында курулган “Эл достугу” монументи 1974-жылдын бул күнү салтанат менен ачылган.
КООРТ телекомпаниясына Азима Расулова менен Санжар Капаров баш болгон жаңы жетекчиликтин дайындалышы мындагы эмгек жамааттын нааразычылыгын жараткан. Жаңы жетекчиликке ичи чыкпаган жамаат 2005-жылдын 18-октябрында президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңеш төрагасына адилеттик сурап кайрылышкан.
Француз королу Людовик XIV гугеноттордун укугун коргогон Нант эдиктин 1685-жылдын 18-октябрында жокко чыгарган.
Пётр I Балтика флотунун негизги базасы эсептелген Котлин аралындагы Кронштадт чебин 1723-жылдын 18-октябрында түптөгөн.
Аляска жарым аралы 1867-жылдын 18-октябрында Орусиядан Америка Кошмо Штаттарына өткөн.
Петербург шаарындагы император Александр II өлтүрүлгөн жерге Спас храмы 1883-жылдын 18-октябрында түптөлгөн.
Большевик партиясынын көрүнүктүү өкүлү профессионал революционер Николай Эрнестович Бауман 1905-жылдын 18-октябрында өлтүрүлгөн.
Чехословакия 1918-жылдын 18-октябрында Австро-Венгриядан бөлүнүп эгемендик алган.
Петроградга келген Революциялык аскер кеңешинин төрагасы Лев Давидович Троцкий 1919-жылдын 18-октябрында шаарды коргогон 7-армияга “катуу кыргын болуп, дүрбөлөң түшкөн жер туурасында жалган кабар жазбагыла. Жалган кабар үчүн чыккынчылык жасагандай эле жазалагыла. Согушта жаңылыштыктар боло берет, бирок жалганчылык, өзүн-өзү алдаганга жол жок” деген буйрук чыгарган.
Пролетардык жазуучулардын I Бүткүл орусиялык съезди Москва шарындагы Басма үйүндө 1920-жылдын 18-октябрында ишин баштаган. Советтик жазуучулар жыйын төрагалыгына В. И. Ленин, А. В. Луначарский жана М. Горькийди шайлашып, анда жазуучулар кошуунунун уставы кабыл алынган.
РСФСР курамына кирген Крым автономиясы 1921-жылдын 18-октябрында уюшулган.
Советтик чалгынчы Рихард Зорге 1941-жылдын 18-октябрында Токиодо камакка алынган.
Сталинград шаарынын көчөлөрүндөгү салгылаш 1942-жылдын 18-октябрында соңуна чыккан.
Советтик Кызыл Армия 1944-жылдын 18-октябрында Чехословакия аймагына кирген.
Советтик «Венера-4» космос аппараты 1967-жылдын 18-октябрында Венера планетасына конгон.
Советтик «Союз-8» космос аппараты 1969-жылдын 18-октябрында Жерге ийгиликтүү кайтып келген.
КПСС БК менен Министрлер кеңеши 1971-жылдын 18-октябрь күнү «Жогорку жана атайын адистешкен окуу жайлардын студенттеринин материалдык жашоо шартын жогорулатуу туурасында» токтом кабыл алган.
Ямало-Ненец автономиялык округу 1990-жылдын 18-октябрында Тюмень областынан чыга тургандыгын билдирген.
Советтер Союзунун Жогорку Кеңеш Президиуму 1991-жылдын 18-октябрында акыркы жыйынын өткөргөн.
Латвия 1993-жылдын 18-октябрында лат аталган жаңы валютасын колдонууга киргизген.
Украина Жогорку радасы 1994-жылдын 18-октябрында компартия ишмердүүлүгүнө тыюу салган токтомду жокко чыгарган.
Пакистандын тарыхындагы ири терракт 2007-жылдын 18-октябрында жасалып, Беназир Бхуттонун кортежи жардырылган.