Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Кремль колдогон лидерлер жана улутчул риторика


Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдында, жарышка түшкөн партиялардын Кремлге ыкташы, өнөктүк маалындагы улутчул ураандар жана Тажикстандагы коопсуздук кырдаалы Батыш басма сөз каражаттарынын көңүлүн бурду.

Eurasia View интернет баракчасында өткөн аптада жарыялаган макалада Кыргызстандагы шайлоо алдындагы өнөктүктө Орусиянын ролуна сереп салынган. Макалада “Орусия Кыргызстанда кайсы партияны колдоп чыгат” деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүлүп, Орусиянын күчтүү лидери Владимир Путин Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын лидери Алмаз Атамбаев менен сүйлөшкөнүн жана ошол сүйлөшүү учурунда Кыргызстанга 10 миллион доллар жардам убадасы берилгенин эске алуу менен, талдоочулар Атамбаев Кремлдин колдоосуна ээ болду деген тыянак чыгарышканы белгиленет.

Москванын колдоосуна болгон дагы бир саясатчы 2007-жылы Кыргыз-Орус федерациясын түзүүнү сунуш кылган “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов экени бышыкталган макалада Москванын түрткүлөөсү менен апрел айында Курманбек Бакиев бийликтен кетип, Кыргызстанда саясий партиялар Орусияга ыктай баштаганына көңүл бурулат.

“Daily Telegraph” гезитинин жаңы санында Кыргызстанда шайлоо алдындагы өнөктүккө, саясатчылар арасындагы улутчул маанайга сереп салынган. “Жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган июнь айындагы коогалаңдан кийин октябрда өтө турган парламенттик шайлоону утурлай кыргыз саясатчылары аша чапкан улутчул сөздөрүн өлкөдөгү башка улуттарга, анын ичинде орус, түрк, татар, тажик, казак, атүгүл аз сандагы немис жана корей улутундагыларга карата айта баштаганы бышыкталып, мындан улам Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тынчсыздануусун билдирип, бул миграцияны күчтөндүрөрүн эскерткендиги айтылат.

Макалада “орус болобу, түрк, өзбек же кытай болобу, кандайдыр бир этностук топ өзүн кыргыз менен тең, же кыргыздан жогорумун деп эсептесе анда мамлекет талкаланат” деп “Ата-журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сөзү мисалга тартылып, июнь коогалаңынан кийин көптөгөн орус улутундагылар өлкөдөн чыгып кеткени баяндалат.

Дублин шаарында жарык көрчү “Irish Times” гезити Тажикстандагы кагылышуулар Борбор Азияда исламчыл экстремисттердин бутасына айланып калуу коркунучун пайда кылганын билдирет. 19-сентябрда Тажикстанда “Ал-Каида” менен байланышта деп эсептелген топ 28 тажик аскерин өлтүргөнүнө токтолуп, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан өңдүү коррупция кеңири канат жайган өлкөлөрдө элдин бийликке нааразычылыгы Борбор Азияны Ооганстан жана Пакистанда НАТО коалициясынын оор кысымы алдында турган исламчыл жоочулар үчүн ыңгайлуу талаага айландырып жатат деген адистердин пикирине орун берген.

“Daily Telegraph” гезити да бул маселеге көңүл буруп, “тажик бийлиги “Ал-Каидага” каршы чоң чабуул баштады” деген тема менен макала жарыялады. “Ал-Каидага” тиешеси бар Өзбекстандын Ислам кыймылы 23-сентябрда аскерге кол салганы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганы белгиленген макалада, Тажикстандын Коргоо министрлигинин аскерлерине карата жасалган бул чабуулдан улам террорчул аракеттердин Ооганстандын түндүк чек ара боюндагы жумуруяттарга жана жалпы аймакка жайылып кетүү коркунучу пайда болгону белгиленет.
XS
SM
MD
LG