Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Кыргызстан тууралуу Батыш эмне дейт?


Mina Corp. компаниясынын айланасындагы чуулгандуу окуя жана Кыргызстанда балдар эмгегин пайдаланган көрүнүштөр Батыш басма сөз каражаттарынын көңүлүн бурду.

“Вашингтон пост” гезити Пентагондун Кыргызстандагы "Манас" транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоо боюнча Mina Corporation компаниясы менен түзүлгөн келишимдин дагы бир жылга узартуусу тууралуу жазды.

Макалада сырдуу Mina Corporation компаниясы өзүнүн ээлеринин атын ачыктап бергени айтылып, Гибралтарда катталган компанияга калифорниялык бир ишкердин француз улутундагы жубайы менен анын кыргызстандык шериги 35 жаштагы Эркин Бекболотов ээлик кылганы баяндалат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү жасап, өлкөнүн тергөө органдары транзиттик борборго байланыштуу иштерди териштирип бүткөнгө чейин аталган компания менен кызматташууну токтото турууну АКШ өкмөтүнөн өтүнгөнү эске салынган макалада, Вашингтон менен Бишкек ортосундагы буга байланыштуу чатак Ооганстандагы аскерий операцияларды тейлөө максатында АКШ колдонуп келген “Манас” транзиттик борборунун келечегин тобокелге салганы айтылат.

Бул темага Eurasia View интернет баракчасы да токтолуп, Mina Corporation компаниясы 315 миллион доллардык келишимди 1 жылга узартып алып, ошол эле кезде “Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоо ишинде коррупциялык иш аракеттер орун алган деген негизде козголгон кылмыш ишинин туңгуюкка кептелишинен улам кубанычка батты деген пикирди билдирет.

Institute for War & Peace Reporting аттуу уюмдун интернет барагында “Кыргызстандагы жакырчылык балдардын эмгегин пайдаланууга себеп болууда” деген тема менен макала жарыяланды. Анда өспүрүмдөрдүн өзгөчө шаардагы базарларда иштетилип жатканы, элетте балдардын күчү өзгөчө талааларда пайдаланышы көнүмүш адатка айланып калганы бышыкталып, 2007-жылдагы статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкөдө өспүрүмдөрдүн 40 пайыздан ашык бөлөгү ар кандай иштерге тартылып жатканы билдирилет.

Түркияда чыгуучу Hurriyet Daily News аттуу гезиттин кезектеги санында “Иран өзөктүк куралга байланыштуу жаңы сүйлөшүүлөрдүн Түркияда өтүүсүн сунуш кылды” деп айтылат. Макалада Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки 7-ноябрда маалымат жыйынын уюштуруп, Анкара менен Тегеран эл аралык кризиске себеп болгон өзөктүк программа боюнча 6 ири өлкө менен Түркияда сүйлөшүүгө даяр экенин билдиргени маалымдалат. Макала өзөктүк программа боюнча Иран менен Британия, АКШ, Кытай, Франция, Орусия жана Германиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр өткөн жылдын октябрь айында туңгуюкка кептелгенин эскертет.
XS
SM
MD
LG