Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Т. Какчекеев: Дүйнөдө космос тиреши уланууда


Мындан 40 жыл илгери, 1969-жылы 20-июлда АКШ астронавттары алгач ирет Айга конгон. Ал эле эмес алар Айдын бетинде кадам таштап, окуяны телетрансляцияга чыгара алышкан.

40 жылдын аркы башы менен берки башынын окшоштуктары жана айрымачылыктары тууралуу саясат таануучу, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев "Азаттыкка" буларды айтып берди:

- 40 жыл мурунку көз караштарда Ай кандайдыр бир кол жеткис өзүнчө космостук авианосец болгон. Ошондуктан ким Айга биринчи болуп жетип жана ошол жерге ракеталык база түзсө, жер шарын үстүнөн туруп атканга мүмкүнчүлүк болот дагы ал жерде турган мамлекеттер ага каршылык көрсөтө албайт деген көз караштар болгон. Бул тамаша эмес, анткени 40 жыл мурун Америкада да, Россияда да аскердик көз караштар көп болгон. Ошол кезде аскерлердин аба ырайын пайдаланганга күчү жетип калган. Эксперименттер аябай өнүккөн. Анткени ошол кездеги изилдөөлөрдө тараптар кургакчылыкты жүргүзгөнгө же болбосо нөшөрлөгөн жаанды агызганга жетишип калган. Керек болсо жердин астынан багытталган жер титирөөлөрдү жасаганга жетишишкен. Бул эч ачыкка чыкпаган илимий аскердик изилдөөлөр болгон.

1969-жылы америкалыктар өзүнүн “Аполлон-11”космос кемеси менен Айга конуп, ал жерде Нил Армстронг деген астронавт экипаж менен биргеликте айдын бетин таптап, жеринен видео тасмага алган. Муну менен АКШ өзүн дүйнөгө технологиясы бийик, дөөлөтү чоң, дүйнөдө биринчи мамлекет экенин далилдей алган.

Бирок ошол эле учурда Орусиянын да күчтүү жактарын унутпашыбыз керек. Советтер Союзунун “Восток”, “Союз” деген ракеталарынан күчтүү ракета жок бул дүйнөдө. Мына ошол ракеталар бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылып келатат.

Мурунку Советтер Союзу, коммунисттик система менен капиталисттик системанын бири-бири менен чарпышуусу азыр да байкалат. Ошол эле кимиси Чолпон жылдызга конот, кимиси айга конот деген таймашы бүгүнкү күндө дагы уланып келатат. Анан да жакынкы программа болуп Кытайда дагы, Россияда дагы, Америкада да - бул Марска учуп барып жана аны өздөштүрүүгө долбоорлорду түзүү эсептелинет.

XS
SM
MD
LG