Быйылкы эстафеталык жүрүш 24-апрелде Жапониянын Хиросимо шаарында башталган. Эми 27-сентябрда Москва шаарында соңуна чыгат. Кыргызстанга келгенге чейин Жапония, Түштүк Корея, Кытай, Монголия, Казакстан өлкөлөрүн аралап келди.
Мындан ары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түрмөнстан, Азербайжан мамлекеттерин жана Орусиянын 35 аймагын аралап өтмөкчү. Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
“Азаттык”: Эстафеталык жүрүш Кыргызстандын аймагынын кайсыл жагынан аралап өтөт? Ага кимдер катышат?
Канат Аманкулов: Быйыл эстафетаны Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан тосуп алдык. Чүй облусунун бардыгын кыдырып, Меркеден өтүп Жамбылга чейин барат. Буга биздин спорт күйөрмандарыбыз, аксакалдар, жаш балдар катышат. Менимче, быйылкы гармония эстафетасын 7-апрелде каза болгон жаш баатырларга арнап аянттан узатканы жатабыз.
Кыргызстандын аймагынан 120 чакырым аралыкта чуркап өтүшөт. Бүгүн 60 чакырым аралыкты чуркап, Кара-Балта шаарынан өтүшөт. Эртең 60 чакырым аралыкка чуркап, Меркеден Чалдовар багытына эстафеталык жүрүштү өткөрүп беришет.
“Азаттык”: Бул жүрүш буга чейин да Кыргызстанда болду беле же биринчи жолу өтүп атабы?
Канат Аманкулов: Буга чейин да Кыргызстанда болгон. Былтыр ар кандай себептерге байланыштуу Кыргызстандын аймагынан аралап өткөн эмес. Бирок кыргызстандык жөө күлүктөр бул жүрүшкө катышып жүрүшкөн. Европа аймагы боюнча да аралайт. Бүткүл дүйнөлүк гармония эстафетасы Ирландиянын Дублин шаарында 26-февралда башталып, ошондон бери Европа мамлекеттерин аралап келатат.