Дүйнөлүк жаштар олимпиадасына кыргызстандык делегация аттанат
I жаштар олимпиада оюндарынын катышуучулары үчүн олимпиадалык атайын спорттук кийимдер дайындалды.
Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, жаш олимпиадачылар мамлекет башчыcs Роза Отунбаева менен жолугушуудан соң, Сингапурга 9-августта жөнөп кетишет.
Жалпысынан олимпиадага катышууга 8 кыргызстандык спортчу жолдомо алды. Алар: грек-рим күрөшү боюнча балбандар Шадыбек Сулайманов (50 кг чейинки салмак) жана Урматбек Аматов (58 кг), боксчу Исломжан Далибаев (69 кг), спорттук азыркы беш түрү боюнча Ильяз Бактыбеков, суучулдар Дмитрий Александров жана Екатерина Лысенко, дзюдочу Болотбек Токтогонов (90 кг) жана кайыкта сүзүү боюнча таймашка Руслан Молтаев катышат.
Кыргызстандык жаш спортчуларды колдоо үчүн алты машыктыруучу: бокс боюнча - Азамат Кубадаев, спорттун азыркы беш түрү боюнча - Игорь Закутной, дзюдо боюнча - Абдыразак Шаршенов, сууда сүзүү боюнча - Роза Бикинина, грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Ратбек Мамбетов жана кайык айдоо боюнча машыктыруучу Татьяна Семикина биринчи жаштар олимпиадасына катышат.
Кыргызстандын спорттук делегациясын өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмаз Касенов менен Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов жетектеп барышат.
Сингапурдагы оюндарда алгач кыргызстандык грек-рим стилиндеги балбандар жана суучулдар өнөрүн көрсөтөт.
Дүйнөлүк жаштар олимпиадасынын ачылыш аземи Сингапурда 14-августта өтөт. Олимпиадалык таймашуулар 15-августта башталып, 26-августка чейин созулат.
Эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3,5 миңдей жаш атлетчилер катышып, мөрөй талашмакчы. Мелдештер спорттун 26 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча өтөт.
Дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны коло медалдын ээси болду
Швейцарияда ардагерлер арасында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Дөөлөтбек Алымбеков коло медалдын ээси болду.
Бул тууралуу Бишекектеги Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резерв балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбеков “Азаттыкка” билдирди.
- Дөөлөтбек Алымбеков мындай чемпионатка экинчи жолу катышып отурат. Биринчи жолу Түркияда өткөн чемпионатка катышып, анда жетинчи орунга ээ болгон. Ардагерлер арасында чемпионатка 50 жаштан баштап 55 жашка чейин катышууга болот. Дөөлөтбектин жашы 51де, анын дагы мындай чемпионаттарга катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстанда спорттун айрым түрлөрү боюнча ардагерлер арасында өлкө чемпионатын өткөрүп турсак, ден соолукка өбөлгө болуп, жаштарга да үлгү көрсөтөт элек.
Бул дүйнөлүк чемпионат Швейцарияда 28-июлдан 3-августка чейин өткөн.
Жөө күлүктөр жарышат
8-августта Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө арналган жеңил атлетика боюнча жарыш өтөт. Бул жарыштар туурасында “Алмаз” чуркоону сүйүүчүлөр клубунун президенти Михаил Дунаев “Азаттыкка” билдирди.
Жеңил атлетчилер жарыштары шаардык Ботаникалык багында эртең менен саат 8де башталат. Жеткинчек жеңил атлетчилер жана жаш катышуучулар 500 метр аралыкта чуркашат, ал эми спортчулар жана чоңдордун алдында 3 жана 6 километр аралыкта жарышуу турат.
14 жаштагы Айбек Ибраимов - дүйнө чемпиону
Стамбул шаарында 28-июлдан 3-августка чейин чыгыш өнөрү каратэ-до сетокан боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Анда 33 өлкөнүн балбандары мөрөй талашты. Кыргызстандык 14 жаштагы өспүрүм Айбек Ибраимов баш байгени жеңип, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.
8 жаштагы бишкектик Александр Кузнецов финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. Ал 10 жаштагылар арасындагы таймашууга да катышып, коло медалдын ээси болуп калды. Кыргызстандык өспүрүмдөр Артем Пак, Александр Кузнецов жана Эрик Иманахунов да коло байге утуп алышты.
Кустанайдагы кыз-келиндер бокс мелдеши
Учурда Казакстандын Кустанай шаарында кыз-келиндер боксу боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө.
Мында 60 кг салмакта мөрөй талашып жаткан кыргызстандык Альбина Баялинова жана 75 кг салмактагы Гүлзат Мусабаева жарым финалга чыгышты.