Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Сингапур олимпиадасы Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болду


26-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарынын мелдештери жыйынтыкталып, жабылыш салтанаты болду. Кытайлык спортчулар биринчи орунду ээледи.

26-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарында спорттун 3 түрү боюнча таймашуулары болуп, кечинде салтанаттуу жабылыш аземи өттү.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун Сингапурдан билдиргенине караганда, кыргызстандык 8 спортчунун үчөө байгелүү орунду ээлеп, олимпиадалык таймашууларды ийгиликтүү жыйынтыктады.

- Сингапурда Биринчи жаштар олимпиадасы 204 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда салтанаттуу жыйынтыкталды. Кыргызстандын командасы үчүн Сингапур олимпиадасы ийгиликтүү болду. Кыргыз туусун Сингапурга көтөрүп барган 8 жаш олимпиадачыдан үчөөнүн таймашууларына өтө жогорку баа берсек жарашат.

Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин “Жаштык” спорт коомунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаевдин пикиринде, кыргызстандык үч балбан үчүн Сингапур олимпиадасы олжолуу болуп, алар 1 алтын, 2 коло байге жеңип алышканы менен башка жаштарга үлгү.

Биринчи жаштар олимпиадасында жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча Кытай эл республикасынын командасы алдыга чыкты. Сингапурда алар 30 алтын, 18 күмүш жана 5 коло байгелүү болуп, командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

Кытайлык суучул кыз Тан И Сингапурда 5 алтын медаль утуп алуу менен биринчи олимпиаданын рекордун жаңыртты.

Экинчи орунду ээлеген орусиялыктар 20 алтын, 17 күмүш жана 12 коло медалдын ээси болушту. Орусиялык гимнаст кыз Виктория Комова да 3 алтын медаль жеңип, келечегинен үмүткөр кылды. Орусиялык кылыч чабышуучу Яна Егорян менен суучул Андрей Ушаков экиден алтын байгелүү болушту.

Үчүнчү орунду камсыз кылган Украина өлкөсүнүн жаштары 10 алтын, 9 күмүш жана 16 коло байгени жеңип алышты.

Шериктеш өлкөлөрдөн Азербайжан айырмаланып, алардын 12 спортчусу 5 алтын, 3 күмүш байге утуп алуу менен 9-орунду камсыз кылышты.

Борбор Азиядан Казакстандын жаштар командасы 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло байге утуп, 20-орунда турду. Казакстандык балбан Жаныбек Кандыбаев менен оор атлетчи Жазира Жаппаркул жаштар олимпиадасынын чемпиону аталды.

Өзбекстандык жаш спортчулар учурда 3 күмүш жана 5 коло байгелүү болуп, 55-орунда.

Тажикстан өлкөсү 1 күмүш жана 1 коло медаль утуу менен 65-орунду ээледи.

Сингапур жаштар олимпиадасына катышкан кыргызстандык 8 спортчудан үчөө мөрөй алып, 1 алтын жана 2 коло медалы менен 45-орунду ээлеп, өлкөнү дүйнөгө таанытты. Алар: грек-рим күрөшүнөн Урматбек Аматов алтын медаль тагынып, жаштар олимпиадасынын чемпиону аталса, грек-рим күрөшүнөн Шадыбек Сулайманов жана дзю-дочу Болотбек Токтогонов коло байге утуп, өлкөнү даңазалады.

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, Сингапур жаштар олимпиадасы ийгиликтүү аяктап, балбандар ишенимди актап, улан-кыздарга өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу керектигин далилдеп койду.

Чоң спортчулар арасындагы олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеп жүргөн АКШнын жаштар командасы Сингапурдагы таймашууларда 10-орунга жылып, 6 алтын, 9 күмүш жана 10 коло байге утуп алууга жетишти.

Биринчи жаштар олимпиадасынын отун жандырып, оюндарды өткөргөн Сингапур өлкөсүнөн таймашууларга 130 спортчусу катышканы менен алар 2 күмүш жана 4 коло байгени өздөрүнө калтырышты.

Сингапурда эки жүз төрт өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 531 жаш олимпиадачы спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча мөрөй талашып, күч сынашып, достук байланышта болушту.

26-августта Сингапур жаштар олимпиадасынын мөрөй талашуулары жыйынтыкталып, кечинде жабылыш салтанаты өткөрүлдү. Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге биринчи жаштар олимпиадасы жаркын маанайда, ийгиликтүү өткөнүн, Сингапур өлкөсү мыкты уюштурганына ыраазычылык билдирди.

Экинчи жаштар олимпиадасынын эстафетасын Кытайдын Нанкин шаары алып, 2014-жылы өткөрмөй болушту.

Жаштардын арасындагы биринчи кышкы олимпиада оюндары 2012-жылы Австрия өлкөсүнүн Инсбрук шаарында 13-январдан 22-январга чейин өтөт.
XS
SM
MD
LG