Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Чолпон-Атада 10-эл аралык Ысык-Көл оюндары өтүүдө


Чолпон-Атада 5-сентябрдан бери “Азия – тынчтыктын жана кызматташтыктын аймагы” деген ураан менен эл аралык Онунчу Ысык-Көл оюндары өтүүдө.

Чолпон-Ата шаарында Шаңхай кызматташтык уюмунун алкагында эл аралык Онунчу Ысык-Көл оюндары спорттун 15 түрү боюнча өтүп жатат. Өлкөдөгү саясый окуяларга байланыштуу быйыл мөрөй талашууга Казакстан менен Орусиядан гана командалар катышууда. Былтыркы оюндарга АКШ, Пакистан, Индия, Өзбекстан,Тажикстан, Түркмөнстан, Орусия, Казакстан өлкөлөрүнүн спортчулары да катышкан. Бул ирет өлкөнүн бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан 1 миң 500 спортчу мөрөй талашууда.

Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын башкы катчысы Канат Арпачиевдин айтымында, оюндар эки топ менен өткөрүлүп, 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдештер курч мүнөздө өтүүдө.

Учурда Чолпон-Атанын “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайында кум үстүндөгү волейбол, футбол, жеңил атлетика, үстөл тенниси, теннис, стритбол мелдештери уланууда. Чоюн көтөрүү, кол күрөш, сууда сүзүү, жеңил атлетиканын айрым түрлөрүнөн жеңүүчүлөр аныкталды.

50 жана 100 метрге сууда сүзүү жарыштарында 35 жашка чейинкилерден бишкектик Валентина Нагорная баш байгени эки ирет жеңип алды. Бишкектик Назгүл Өмүрбекова да эки күмүш байгелүү болду. 35 жаштан жогорку курактагылардын сууда сүзүү жарышында бишкектик Анжела Бубликова биринчи орунду ээледи.

Эр-азаматтардан бишкектик суучул Вячеслав Пеньшин Ысык-Көл оюндарынын чемпиону аталып, 2 алтын медаль тагынды. 35 жаштан жогорку суучулдардан милициянын ардагери Эмил Карачев баш байгени жеңип алды.

Футзал же кичи футбол таймашууларына баш-аягы 57 команда катышып, жыл сайын каалоочулар арбып баратат. 35 жашка чейинки курактагылар 21 команда болсо, 35 жаштан жогорулар 24 команда болуп мөрөй талашууда.

Быйыл 45 жаштан жогоркулар өзүнчө топ болуп, 12 команда куч сынашууда. Жаш курагы отуз бешке чейинкилерден Бишкектин “Салыкчы”, “Милайн” командалары жана Казакстандын “Тулпар-2” командасы азырынча жеңилүү ызасын тартпай, атаандаштарын утуп, мыкты даярдыгын көрсөтүүдө. 35 жаштан жогорку футзалчыларда Кара-Балта шаарынын “Химик” командасы Бишкектин мыкты деген “Ала-Тоо” жана “Жеңиш” командалары өз тобунда алдыда баратат.

Волейбол оюну боюнча күч сынашууга 35 команда катышып, курч таймашуу болууда. 35 жашка чейинкилер 15 команда болуу менен алардан “Бишкек “, “Салам-Алик” жана “Папан курулуш” командалары айырмаланууда. Кыз-келиндердин волейбол командаларынан мыкты даярдыгын “Бишкек” жана “Салам-Алик” командалары көрсөтүп жатышат. 35 жаштан жогорку курактагы спорт ардагерлеринин волейбол мелдештеринде Орусиянын “Аэрофлот” командасы да өз өнөрүн көрсөтүүдө.

Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын волейбол боюнча башкы катчысы Абдыганы Калыковдун айтымында, бул ирет Орусия менен Казакстандан командалар келип, мелдештер курч мүнөздө өтүп жатканы менен ачылыш аземине өкмөттөн бир да өкүл катышкан жок.

“Жаштык” дене тарбия жана спорт коомунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаевдин айтымында, быйыл көп өлкөлөрдөн спортчулар келбей калып, атаандаштык анчалык болбой турат.

- Улуттар арасында ынтымак ыдырабай, Ысык-Көл оюндары достукту ширетип турат. Алыстан келген меймандар саясый кырдаалга карабай мелдешке да катышып, көлгө түшүп, эс алып жатышат. Бул оюндун негизги максаты, биринчиден, негизги байлык – ден соолук дегендей, калктын ден соолугун чыңдоо. Бул ар тараптан колдоого алуучу иш-чара. Бирок быйыл коңшу көп өлкөлөрдөн спортчулар келбей калганы өкүндүрдү. Чыныгы атаандаштык болсо гана чеберчилик өсөт. Бул ирет Орусия менен Казакстандан гана бир аз командалар келишти. Бирок быйылкы юбилейлик оюндардын ачылыш аземине өкмөттөн бир да өкүл келбей койгону өкүнүчтүү болуп калды.

Ошентип төрт күндүк мөрөй талашуулардын жыйынтыгында командалык биринчи орунду Бишкек шаарынын өкүлдөрү колдон чыгарбай келатышат. Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын баш байгесин сегизинчи ирет удаасы менен Орусиянын командасы колдон чыгарбай келсе, быйыл спорттун айрым түрлөрүнөн гана катышып, алдыңкы орунга чыгалбай турат.

Чолпон-Атадагы эл аралык Ысык-Көл оюндары Кыргызстандагы спорттун деңгээлин таразалап, жетекчилердин спортко болгон мамилесин өзгөртсө дешет адистер.

Эл аралык Ысык-Көл оюндары 2001-жылдан бери өтүп келатат.

Оюндун кадыр-баркын арттырган, учурунда дүйнөгө таанылган орусиялык олимпиада чемпиондору Надежда Раджевич, Лидия Логинова, Светлана Кунышева, дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Игорь Бугров, Сергей Мерзляков жана Андрей Поландын Чолпон-Атага келиши болгон. Ал түгүл төртүнчү оюндардын ачылыш аземине Орусиянын экс-президенти маркум Борис Ельцин да катышкан.

Мындай оюндар Минскиде, Астанада да өткөрүлүп жүргөндүгүн эске алсак, Ысык-Көл эл аралык оюндарынын деңгээлин көтөрүү үчүн Түркиянын, Индия, Пакистан, Ооганстан жана Иран мамлекеттеринин спортчуларын да чакырса дурус болмок, деген сын пикирлерди айткан адистер да болууда.
XS
SM
MD
LG