Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Кыргызстандыктар Түркияда 14 медаль утуп алышты


Бишкекте көк-бөрүдөн өлкө чемпионаты өтүүдө. Анкарада өткөн студенттер арасындагы “Түрк дүйнөсү” оюндарда кыргызстандыктар 14 медаль жеңип келишти.

Шералы Сыдыковдун эскерүү мелдеши

Өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаевдин айтымында, 3-ноябрдан 5-ноябрга чейин Бишкекте Шералы Сыдыковдун элесине арналган грек-рим күрөшүнөн эл аралык турнир болот. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү катышмакчы.

Алдыда XVI Азия оюндарынын сыноолору турат

Кыргызстандын тандалган спортчулары 12-ноябрдан 27-ноябрга чейин Кытайдын Гуанжоу шаарында өтө турган XVI Азия оюндарына катышууга акыркы камылгаларын көрүшүүдө.

Өлкөнүн Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаевдин айтымында, XVI Азия оюндарына катышуучу ар бир спортчуга 20 миң сомго форма даярдалды.

145 спортчудан турган кыргыз делегациясын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиктин директору Алмаз Касенов менен өлкөнүн олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов жетектеп барат. Гуанжодогу Азия оюндарына бардыгы болуп Кыргызстандан 220 өкүл бармакчы.

XVI Азия оюндарынын ачылышында Кыргызстандын туусун өлкө чемпиону, дзю-дочу Азат Кубакаев көтөрүп чыгат. Мындай чечимди атайын комиссия кабыл алган.

Өлкөнүн Олимпиадалык комитетинин президенти Мурат Саралинов Гуанжоудогу Азия оюндарынын жеңүүчүлөр үчүн сыйлыктар тууралуу сунуштарды өкмөткө киргизгендигин айтты.

- Спортчулар быйыл 10 медаль, анын ичинде эки алтын медалга жетүүгө үмүттөнүп жатышат. Ушул тапта өкмөттөн спортчулар кайтып келгенде 1-орун үчүн 25 миң доллар, 2-орунга 10 миң доллар, 3-орунга 5 миң доллар сыйлык берүү суралып жатат.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Байгазы Кенжебаевдин айтымында, спорттун 25 түрү боюнча 150гө жакын спортчу катышат.

- Биздин курама командага көп үмүт артабыз. Быйылкы ар кыл чемпионаттарга катышкан спортчулар жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Азия оюндарынан 10-12ден кем эмес байгелүү орунга ээ болобуз деген үмүт бар.

Мамлекеттик агенттиктен тышкары Азия оюндарына барып келүүгө айрым спорт федерациялар көмөк көрсөтүп, ишкерлер демөөрчүлүк кылганы турушат. Азия оюндары Кытайда 12-ноябрда башталат. Ага Азиянын 46 мамлекети 50гө жакын спорттун түрү боюнча катышат. Кыргызстандыктар спорттун 24 түрү боюнча катышат. 8-ноябрда алар президент Роза Отунбаеванын кабыл алуусунда болуп, 10-ноябрда Кытайга жөнөп кетишет.

2006-жылы Дохада болгон 15-Азия оюндарында кыргызстандыктар 8 медаль алып келишкен. Алардын экөө күмүш, калганы коло медаль болчу.

Булгаары мээлейчендер таймашы

Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бокс мелдештери 4-ноябрынан 8-ноябрына чейин Кожомкул атындагы спорт сарайында болот. Таймаштар 1995-1996-жылы туулган уландар арасында өтүп, мыктылар иргелип алынат. Биринчилик 4-ноябрда ачылып, 5-ноябрда чейрек финал, 6-ноябрда жарым финал, ал эми 8-ноябрда финал болмокчу.

Кыргыз уланы Орусия чемпиону

Барнаул шаарында өткөн Орусиянын каратэ-до боюнча уландар арасындагы биринчилигинде кыргызстандыктар 2 алтын байге утуп алышты. Кыргызстандык Адилет Болотбек уулу каратэ-донун ката жана кумитэ ыкмалары боюнча таймашууда 2 алтын медаль жеңип алды. Ошондой эле Адилет күмүш байгелүү да болду. Караколдук Жоомарт Жамангулов үчүнчү орунду ээледи. Кыргызстандык үч уланды караколдук машыктыруучу Асылбек Өмүрбеков баштап барды.

Анкарадагы "Түрк дүйнөсү" оюндарындагы студенттердин 14 медалы

Өлкөнүн студенттик спорт федерациясынын жетекчиси Шаршен Касеновдун айтымында, Түркиянын Анкара шаарында өткөн студенттер арасындагы “Түрк дүйнөсү” спорттук оюндарда кыргызстандыктар 14 медаль жеңип келишти.

Кыргызстандык 55 студент волейбол, баскетбол, үстөл тенниси, шахмат жана күрөш боюнча мелдештерине катышып, өлкө намысын коргоду. Мөрөй талашууларда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кипр жана Түркиянын студент спортчулары күч сынашты.

Кыргызстандык баскетболчулар финалда түркиялык студенттерди утуп, алтын байгелүү болушту. Мындан сырткары биринчи орунду грек-рим күрөшүнөн Азат Бейшебеков жеңип, “Түрк дүйнөсү” оюндарынын чемпиону аталды.

Күмүш байгени эркин күрөштөн Мирбек Абдылдаев, үстөл теннисинен Саида Кудусова утуп алышты. Коло медалды теннисчи Алишер Якупбаев, балбандар Темирлан Таиров менен Тынчтык Токторбаев жана шахмат командасы жеңип келишти.

Көк-бөрүчүлөр беттешүүдө

Учурда Бишкектеги жамгырга, аба ырайына карабай “Аккула” ат майданында көк-бөрү боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө. Каражаттын тартыштыгына байланыштуу айрым облустардын командалары келбей калышканын, финалдык беттешүүлөр 7-ноябрда болорун “Азаттыкка” көк-бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев билдирди.
XS
SM
MD
LG