Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Олимпиадада Германия алдыга чыкты


Орусиялык спортчу Евгения Медведева. 16-февраль, 2010-ж.
Орусиялык спортчу Евгения Медведева. 16-февраль, 2010-ж.

Ванкуверде учурда орусиялык күйөрмандардын маанайы чөгүп турган убакыт. Себеби орусиялык спортчулар беш күндөн бери бир гана коло байгелүү болушту.

Ванкувер олимпиадасынын беш күндүк жыйынтыгында орусиялыктар үчүн жагымсыз көрүнүш өкүм сүрүп, маанайлары суз. Орусиялык күйөрмандар үчүн акыркы он жылда мындай окуя болгон эмес.

Мындан 8 жыл мурдакы Солт-Лейк Сити олимпиадасы башталган үч күндө эле орусиялыктар 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло байгелүү болушкан. Көркөм муз тебүүдө орусиялыктар Елена Бережная менен Антон Сихарулидзе алтын медаль тагынып, Солт-Лейк-Сити олимпиадасынын чемпиондору аталган.

2006-жылкы Турин олимпиадасы башталган беш күндө орусиялык спортчулардын жылдызы жанып, алар 4 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байге утуп, алдыңкы катарда турушкан.

Бишкектик спорт күйөрманы Касымкул Оболбековдун пикиринде, бул ирет Ванкуверде канчалык аракет кылышканы менен орусиялыктар ийгиликке жетпей, бир коло медалы менен 19-орунда турушат.

Ванкувер олимпиадасында күн сайын лидер алмашууда

Кечээ 3 алтын байгеси менен Швейцария өлкөсү биринчи орунда болсо, учурда 3 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медал уткан Германия мамлекетинин командасы топ баштап калды. Ал эми экинчи орунга Түштүк Корея көтөрүлүп, учурда алар 3 алтын, 1 күмүш байгелүү болушту. 3 алтын жана бир коло медалдарды менен Швейцария үчүнчү катарга жылды. АКШ төртүнчү, оюн ээси Канада бешинчи орунда келүүдө.

Мурда күнү биринчи орунда турган Франция 2 алтын, 2 коло медалы менен алтынчы орунга жылып калды. Олимпиадалык мөрөй талашып жаткан 82 өлкөдөн учурда 20 мамлекет гана байгелүү орундарды камсыз кылып турушат.

Ванкувердеги кышкы олимпиаданын сноуборддун кросс ыкмасы боюнча кыз-келиндердин мелдештери жыйынтыкталды. Мында Канадалык Мелле Рикер жердештерин кубандырып, Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталды. Франциялык Дебора Антонноз экинчи орунду ээледи.

Ванкуверден 165 км алыстыктагы Уистлер олимпиадалык паркында эр-азаматтар 12,5 км аралыкка лыжа менен жарышып, мылтыктан таамай атышып биатлон таймашына катышты. Жыйынтыгында швед Бьорн Ферри марага биринчи келип, мергендиги менен да таанылып, олимпиадалык алтын медал тагынды. Австриялык Кристоф Зуманн экинчи, франциялык Венсан Жей үчүнчү орундарды камсыз кылышты. Орусиялыктардын ишенимин Иван Черезов актай албай, марага алтынчы болуп келди.

Кыз-келиндер арасында бир кишилик чана жарыштары соңуна чыкты. Мында германиялык Татьяна Хюфнер биринчи орунду камсыз кылып, Ванкувер олимпиадасынын чемпиону болуп калды. Австриялык Нина Райтмайер күмүш байгелүү болсо, германиялык Натали Гейзенбергер үчүнчү орунду камсыз кылып, коло медал тагынды.

Кыз-келиндер да 500 метрге коньки менен жарышып, түштүк кореялык Санг Хва Ли марага биринчи болуп келип, олимпиадалык жеңиштин бийик секисине көтөрүлдү. Германиялык Женни Волф экинчи, кытайлык Бейжинг Ван үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

Евгений Плющенко
Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, кыргызстандык Ольга Решеткова 17-февралда бир жарым км. спринт лыжа жарышына катышаары күтүлүүдө.

Ванкуверде эр азаматтар арасында көркөм муз тебүүнүн чакан программасында Турин олимпиадасынын чемпиону, орусиялык Евгений Плющенконун чеберчилигине калыстар жогору баа беришип, азырынча алдыңкы орунда баратат.

Көркөм муз тебүүдө жигиттердин финалдык өнөр көрсөтүүлөрү 19-февралда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аныкталат.

Бишкектик спорт күйөрманы Алмаз Кудайбергеновдун пикиринде, Ванкувер олимпиадасынын таасири менен Кыргызстанда да кышкы спортко көңүл буруп, 2014-жылы Сочиде боло турган кышкы олимпиадага азыртадан даярдык көрүү зарыл.

Ошондой эле Орусия жана Казакстанда жашап, иштеп жүргөн мекендештер уул-кыздарын ошол жактагы кышкы спорт ийримдеринде машыктырса, аларга дасыккан устаттар бул спорттордун сырын тез үйрөтүп, натыйжасы эрте билинет эле.
XS
SM
MD
LG