Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Бишкек: там алыш үчүн "тытыныш" керек


Маалыматтарга караганда, азыр Кыргызстанда 160 миңден ашуун үй-бүлө турак-жайга муктаж. Алардын тең жарымы үйү жоктугунан көчүп-конуп, жатаканада жана ижарада жашап келишет.

Максат Тотубаев мындан үч жыл мурун Орусияга иш издеп кеткен. Ал учурда Москва шаарындагы басмаканалардын биринде компьютер боюнча адис болуп иштейт. Анан алдыдагы башкы максаты - Бишкектен үй алуу:

- Студент кезде туугандардын үйүндө жана жатаканаларда жашап көргөнбүз. Ошондуктан үй алуу биринчи орунду турган маселе болчу. Кыргызстанда айлык аз, андай маяна менен квартира алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгонбуз. Бул жактан акча чогултуп Кыргызстанга барып үй сатып алсам деген тилегим бар.

Эгер жаштар өз каражаттарын чогулта албай, убара тартып жатышса, алар ипотека жолу менен үйдү насыяга алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстандагы 20дан ашуун банктардын дээрлик баардыгы үй алуучуларды каржылоого макул. Бирок бул каржы уюмдары ипотекага төрттөн жети жылга чейин кана акча бөлүүгө даяр. Ошол эле маалда чет өлкөлөрдө насыянын бул түрү эң аз дегенде он жылды түзөт.

Эгер сиз жети жылдык мөөнөт менен үй алууну кааласаныз - күрөөгө кыймылсыз мүлк коюп же болсо сүйлөшүлгөн сумманын 30 пайызын банкка төгүшүнүз абзел. Андан тышкары айлык акыны тактаган документтердин болуусу да зарыл.

Учурда борбор шаарда көп кабатуу жаны курулган үйдүн бир чарчы метри 500-1100 долларга чейин. Ошондо 1-бөлмөлүү квартира орточо 20-23 миң долларга барабар болууда. Канча айлык алуу менен иппотекага квартира сатып алууга болот. Бул сурообузга “Партнер” кыймылсыз мүлк агентигинин риэлтери Кубан Керимов төмөнкүчө жооп кайтарды:

- Кыргызстанда ипотекалык кредиттин пайызы жогору жана шарттары оор болууда. Бул жол менен үй алууну каалагандар көп. Бирок көпчүлүгүнүн айлык-акысы үч-төрт миң сомду түзүп, эч нерсеге кыла албай жатышат. Айлык акысы 700 долларды түзгөн адамдар бул жол менен 1-бөлмөлүү квартира ала алышат. Бул акча алардын чыгымын жана кредитти жабууга жетиш керек. Ошондуктан эл кыйналбаш үчүн өкмөт үстөк наркы 10-12 пайызды түзгөн ипотека берсе аны алуу дагы, андан кутулуу дагы оңой болмок.

Кыргызстанда кыймылсыз мүлкө болгон баа январь айында сегиз пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу он төрт пайызга арзандаган. Азыр Бишкек шаарында каймылсыз мүлкө болгон баа төмөндөп жаткан учур.

Өткөн айда көп кабаттуу квартираларга болгон баа 8 пайызга арзандап, бир чарчы метри орточо 797 долларга барабар болгон. Бул көрсөткүч мурдагы 2007-жылга салыштырмалуу 234 долларга арзандаган. Ушул эле маалда Ак сарайларга болгон баа 2% түшүп 924 долларга тете болууда. Ал эми жер тамдарга болгон нарк чарчы метри 885 долларга барабар.

Ошол эле маалда Кыргызстанда орточо айлык акы 5400 сомду түзүүдө. Бул каражатка алар кийинип-ичинүү менен өз керектөөлөрүн канааттандырышы керек. Турак- жайга зарыл болгон жаштар бул 150дөй долларды түзгөн орточо айлык акысы менен үй маселесин чече алчудай эмес.

Урмат келинчеги экөө кийим тикчү цехте эмгектенип келишет. Алар айына төрт миң сом төлөп ижарада жашашат. Биз 15 жыл тынбай иштесек үйгө жетет окшойбуз, дейт Урмат.

- Үй сатып алуу үчүн биз жакшылык-жамандыктарды унутуп, акчаны үнөмдөсөк, айына 200 доллардан чогултсак болот экен. Ошонтип он беш жыл эмгектенсем бир бөлмөлүү квартира алат окшойм. Мына дал ушул маселеде чоң проблема жатат. Өкмөт турак-жай маселесин эске алып жаштарга колдоо көрсөтсө деген пикирдемин.

Адистердин баамында, турак-жай маселесин чечүүдө бир гана комерциялык банктар эмес, өкмөт дагы өзүнүн программасы менен чыгышы абзел. Жакында эле өлкөнүн премьер-мнистри Игорь Чудинов 2009-жылы социалдык курулуш тармагына 1млрд. сомго жакын каражат жумшалаарын билдирди. Бирок өкмөт тарабынан курулушка акча жумшалып кана тим болбостон, комерциялык банктарда жогорулап турган пайызды төмөндөтүү, узак мөөнөткө үйлөрдү ипотекага берүү сыяктуу маселелерди дагы көзөмөлдөп иш жүргүзүүсү абзел.

XS
SM
MD
LG