Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Башкы прокуратура чубап чыккан чуулгандуу иштер


Баш прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев өлкөдөгү соңку окуялар жана мурдагы президент К. Бакиев менен анын жакын чөйрөсүнө каршы козголгон иштердин чоо жайы, иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө суроолорго жооп берди.

- Кечээ, бүгүн Кыргызстанда болгон окуялар, Ошто, Жалал-Абадда жана Баткендеги окуяларды Башкы прокуратура укуктук жактан кандай баалап жатат?

- Бул окуялар өзүңүздөр угуп жаткандай, 12-майдан бери башталып, улантылып жатат деп айтсак жаңылбайбыз. Себеби биз 12-май күнү Бишкек шаарында аянтта болуп жаткан митингдин жүрүшүндө ички иштер кызматкерлери тарабынан айрым адамдар кармалган. Бул адамдар митингдеги жаштарга "Нариман Түлеевди жана башка адамдарды колдогула" деп акча таратышкан. Анын ичинде мурунку президент Бакиевдин колдоочулары да катышкан. Ошол жерде акча таратып аткан адамдар кармалгандан кийин биз мамлекетте тартип бузуучулук акциясын уюштуруп жаткан адамдар туурасында маалымат алганбыз.

Ошол күндөн тартып эле биздин Улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде, Башкы прокуратуранын санкциясынын негизинде айрым башаламандыктарга катышы бар деген адамдардын телефон менен сүйлөшүп жатканын угуу жөнүндө санкция берилип, ошонун негизинде теледен кечээ түндөн баштап көрсөтүлүп аткан телефондук сүйлөшүүлөр жазылган.

12-май, анан кечээки Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында болгон мыйзам бузуучулук көрүнүштөрдүн баары өзүңүздөр көргөн телефон менен сүйлөшкөн адамдар уюштуруучулардын бирден бири болуп эсептелинет. Бул адамдардан башка да башаламандыктарды уюштурууга катышкан адамдар бар.

12-май күнү Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармачылыгы тарабынан массалык башаламандыкты уюштуруу деген берене менен иш козголгон. Ошонун негизинде Үсөн Сыдыков, Исхак Масалиев сурак берип жатышат. Ал эми Жалал-Абад шаарында облустук администрациясынын имаратына мыйзамсыз түрдө кирип, ошол жердеги байлыктарды талкалап, баш аламандык кылгандыгы тууралуу "Массалык баш аламандык" деген берененин негизинде иш козголгон. Кечээки болгон Ош шаарындагы башаламанга да ошондой иш козголгон.

Жалал-Абад шаарында болуп аткан окуяларда 30-40тан ашык адам жараат алган факты боюнча да бүгүн Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан иш козголуп, мыйзам чегинде баа берилип жатат.

- Баткен облусундагы окуяга токтоло кетсеңиз?


- Булар бардыгы бир уюшулган топтун жасаган ишинин кесепети деп саналат.

- Азыр Ү.Сыдыковго кылмыш иши Кылмыш кодексинин кайсы беренелери боюнча козголуп атат?

- Бул "массалык башаламандыкты уюштуруу" деген 233-статьянын негизинде Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан иш козголгон. Ошол козголгон иштин негизинде Ү.Сыдыков кармалып келип, суракка алынып атат.

- Ү.Сыдыковго байланыштуу УТРК аркылуу таратылган телефондук сүйлөшүүлөрдө бир топ адамдардын аттары аталып атат. Анын ичинде конкреттүү айрым ММКлар атап жаткан депутат Айнура Кенжебаева, Айтмамат Кадырбаев сыяктууларга байланыштуу кандайдыр бир чаралар колдонулушу мүмкүнбү?

- Албетте ошол жерде айтылган адамдардын бардыгы тергөөчүлөр тарабынан суракка алынып, алардын ар биринин кыймыл аракетинде мыйзам чегинде баа берилет.

- Байтемир мырза, буга чейин да мурдагы бийликтин учурунда кызмат кылган мамлекеттик кызматкерлердин бир тобу камакта отурушат. Алардын катарында Малеваная (мурдагы президенттин катчылыгынын башчысы), Калыев (мурдагы коргоо министри), Жороев (мурдагы администрация башчысы), Турдумаматов (мурдагы Мамлекеттик мүлк министрлиги) бар. Алар боюнча тергөө иштери кандай жүрүп жатат?

- Сиздер атап кеткен мурунку коргоо министри Б. Калыев, О.Малеваная, Дунганов деген мурунку Жаныш Бакиев башкарган Коопсуздук кызматындагы орун басары камакта отурат. Ушул адамдардын баары 7-апрель күнү биздин 86 жаранды атып өлтүргөн факты боюнча козголгон иш менен камакта отурушат. Ал эми андан сырткары өзүңүз айтып кеткен мурунку Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов да камакта отурат. Ал кишинин үстүнөн экономикалык кылмыштарды жасады деген шек коюлуп жатат. Башка кылмыш иштерин атап кетсек, "Түндүкэлектро", "Кыргызтелеком", "Чакан ГЭСтердин" айланасында болгон экономикалык кылмыштарга түздөн-түз тиешеси бар деген шек менен камакка алынып, тергөөдөн өтүп жатат.

- Мындан тышкары кечээки тополоңго байланыштуу билдирүүсүндө Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Барктабасовго байланыштуу, анан Түлеевге байланыштуу айтып кетти. Буларга байланыштуу укуктук жактан кандай чаралар көрүлүп атат?

- Роза Исаковна эгерде ошентип айткан болсо, айтылган адамдардын баары жөнүндө биз азыр коомчулукка жарыя кылбай турган да маалыматтар бар. Бирок массалык башаламандык уюштурду деп козголгон иштин тегерегинде алардын катышы барбы же жокпу, сөзсүз текшерилет. Бирок 12-май күнү Бишкек шаарында өткөрүлгөн митинг Н.Түлеевдин колдоочулары тарабынан уюштурулган. Ошол митингдин жүрүшүндө алгачкылардан болуп акча таратып жүргөн адамдар кармалган. Ал адамдар Н.Түлеевдин, ошондой эле кармалган адамдардын бири Ү.Сыдыковдун адамдары болгон. Биз ушундай акча таратуу болуп атат, массалык башаламандыктар жасалганы турат деген маалыматтарды ошол 12-май күнү болгон митингдин жүрүшүндө алдык.

- Акча демекчи, мурдагы президенттин улуу баласы Марат Бакиев Казакстанда туруп алып Кыргызстанда тополоң уюштурууга акча таратты деген маалымат тарады эле, бүгүн кайра Казакстан тарап жокко чыгарган билдирүү тараткан экен. Ушунун чын-бышыгын аныктап көрдүңүздөрбү?

- Прокуратурада атайын оперативдүү кызматкерлер болбойт. Мен аны тергөөнүн жүрүшүндө гана, эгерде тергөө органдары тастыктаса гана мен ал суроого жооп бергенге акым бар. Азырынча мен андай жарыялоолорду, же андай суроолорго жооп бергенге мүмкүнчүлүгүм жок.

- Журналист Геннадий Павлюкту өлтүрдү деп шектелгендердин бири Алдаяр Исманкуловго байланышкан иш эмне болуп атат, ушу тапта ал кайда?

- Ал өзүңүздөр билесиздер, Павлюк - биздин жаран - Казакстанда өлтүрүлгөн. Кылмыш иши Казакстандын ички иштер кызматкерлери тарабынан козголгон. Ошол коңшулаш мамлекеттин тергөөчүлөрү тергөө жүргүзүп жатат. Бирок алар өзүңүздөр уккандай биздин Алдаяр Исманкуловдун Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар деген билдирүү таратылып кеткен. Эгерде бизге казак кесиптештерибиз ушул иштин тегерегинде тергөө амалдарына жардам бергиле деп кайрылса, биз сөзсүз түрдө бул кылмыш иштин тергөөсүнө аралашабыз.

- Максим Бакиев Интерпол аркылуу изделип жатат деген маалымат тараган. Азыр бул өңүттө иш кандай жылып жатат?

- Бул издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн биздин атайын органдар бар, бул Улуттук коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги. Издөө иштери менен прокуратуранын кызматкерлери алектенгенге мыйзам жол бербейт. Ошондуктан аларды издөө, жүргөн жерин аныктоо бул дагы жарыя кылууга болбой турган маалыматтар. Бирок бизге берип жаткан маалыматтарга караганда, ошол эле Интерпол, Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги бардык болгон аракеттерин жүргүзүп жатышат.

- Курманбек Бакиевди кайтарып берүү жөнүндө Башкы прокуратура Белоруссия тарапка кайрылды, кат жөнөтүлдү деген маалымат тарады эле, А.Бекназаров айтты эле. Ушул өңүттө жылыш барбы, жооп болдубу?

- Белоруссиянын Башкы прокуратурасы менен өз ара келишимибиз бар. Кагаз жүзүндө Кишинев конвенциясы, Минск конвенциясы деген маанилүү документтерибиз бар. Биз кол коюлган келишимдердин негизинде Белоруссиянын Башкы прокуратурасына кайрылуу жөнөттүк. Себеби К.Бакиев Кыргыз Республикасынын атуулу. Азыр жөнөкөй ошол адамды бул жерде кылмыш жасап, башка жакка качып кете турган болсо, ошол мамлекет биздин кайрылуунун негизинде, мен айткан келишимдин негизинде бизге кайтарып бериши керек. Биз азыр жообун күтүп атабыз Белоруссиянын Башкы прокуратурасынан.

- Британиянын жараны Вугар Халилов деген азыр камакта отурат. Бул коррупциялык ишке аралашкан делген, Максим Бакиев менен жакшы саналаш адам катары эсептелинет. Азыр ушул тапта анын акыбалы кандай, тергөө уланып атабы?

- Бул кишинин акыбалы камакта жаткан адамдын акыбалындай. Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан үстүнөн кылмыш иш козголуп, камакка алынган, сот берилген санкциянын негизинде. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөө амалдары бүтүп, айыбы толук угузулгандан кийин кылмыш иш соттун кароосуна жиберилет.

- Оксана Малеванаянын иши боюнча баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө аракеттер жасалып жатат деген да маалымат тарады. Канчалык чындыгы бар?

- Баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө аракеттерди камака түшүп калган адам өзү, же анын жактоочусу жасаш керек, мыйзам тарабынан берилген укуктарынан пайдаланып. Ал баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө сот органдарына кайрылууга укугу бар. Эгер кайрылса сот органдары карап, мыйзам чегинде чечим кабыл алат.

-Түлеев бизге берген интервьюсунда айтып атат, азыркы бийлик мүлктү өзүнө каттатып алып жатат, нотариустарды ээрчитип алып жүрөт деп. Ушундай дооматтарды коюп атат. Ушунун канчалык чындыгы бар?

- Эми өзүңүздөр көрүп, угуп атасыздар. Биз ММКлар аркылуу өз телефондорубузду берип атабыз, ушундай эле телефонду Убактылуу өкмөт да берип атат. Эгерде бирөөнүн мүлкүн бирөө тартып алып, мыйзамсыз иштерди кылып аткан болсо кайрылгыла деп. Эгерде Н.Түлеевдин мүлкүн бирөө талашып атса, же тартып алган болсо эмне үчүн прокуратурага, Улуттук коопсуздук кызматына, Ички иштер министрлигине, же Убактылуу өкмөткө кайрылбайт. Бул жөн гана популисттик жарыя кылуу деп ойлойм. Элге жалган маалымат таратуу үстүндө иштеп жатат деп ойлоп атам. Себеби кайрылуу бизге келип түшкөн жок да бул туурасында, конкреттүү факты айтылган жок да, мисалы, "менин үйүмдү, же бизнесимди баланчаев, же Убактылуу өкмөттүн мүчөсү тартып алды" деген конкреттүү билдирүү кылынбай атат.

- Мурдагы башкы прокурор, акыркы учурларда коопсуздук боюнча кеңешчи Элмурза Сатыбалдиевге байланышкан иштер кандай тергелип жатат? Мисалы, ошол эле системада иштеген айрым адистер айтып атышат, бул Э.Сатыбалдиевди тергөө иши анын өзүнүн эле мурдагы кол алдындагы адамдарга берилген, мындан акыйкаттуу тыянак чыкпай калышы мүмкүн деп?

- Акыйкаттуу тыянак чыкпай калышы мүмкүн деп божомолдоп айта берсек, божомолдош оңой. 7-апрель күнү 86 жараныбызды атып өлтүрүп атканда Э.Сатыбалдиев Ак үйдө өз кызмат ордунда болгон. Ага КР мыйзамдарынын Кылмыш-Жаза кодексинин негизинде өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген берененин негизинде айыбы угузулган.

Азыркы күндө Э.Сатыбалдиевдин статусу, анын укуктары чектелип, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан адам. Сот тарабынан берилген санкциянын негизинде ал үй камагында, кылмыш иши тергелип жатат. Тергелип бүткөндөн кийин башкалардай эле анын да кылмыш иши сот кароосуна жиберилет.

- Сизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG