Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

А. Бекназаров: Бул реформа эмес, бул - узурпация


Бириккен элдик кыймыл президент К. Бакиевди башкаруу реформасына шылтоолоп, өкмөттүн конституциялык ыйгарым укуктарын өзүнө тартып алып, оор кылмыш кылды деп айыптаган билдирүү таратты.

БЭКтин билдирүүсү боюнча "Азаттыкка" аталган кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров маек курду.

- Азимбек мырза, структуралардын өзгөрүшү тууралуу БЭКтин көз карашын айтып берсеңиз?


- Азыр президент атап аткан реформаны биз мүмкүн өзүнүн аппараты, өзүнүн бийлиги үчүн гана жүргүзгөн иш кадам деп эсептейбиз, реформа деп атаганга болбойт деген жыйынтыкка келдик. Бул тескерисинче Конституцияны бузган узурпацияга жакыныраак деп эсептейбиз.

Себеби К. Бакиев Президент институтун түзүү менен бирге Конституцияда белгиленген өкмөттүн бир топ полномочиесин өзүнө ыйгарып алган. Бул ыйгарып алуу тар чөйрөдө, коомчулук менен кеңешпей, коомчулуктун талкуусуна коюлбай, өзүнүн секретариаты, өзүнүн адамдары менен отуруп алып Конституцияны бузуп, бийликти тартып алып жатканы оор кылмыш деп эсептейбиз, бул биринчиси.

Экинчиси, өкмөт бүгүн мындайча айтканда өкмөт деген аты эле болбосо, өкмөт аты калбады. Себеби бүт инвестициялык агым, орусча айтканда бүт кирешелүү тармактын баарын президент өзүнө алып алып туруп, сен мындай иш чараларды, же болбосо жалпы калктын тиричилигин тейлейсиң деген сөз бул акылга сыйбаган нерсе.

Эмне үчүн дегенде, бүгүн Данияр Үсөнов башкарган өкмөттүн колунда эч кандай каржы маселеси калган жок, баардыгы президентке өтүп кетти. Ошол эле учурда жоопкерчиликти президент өзүнө алган жок.

- Президент ушул реформалоо жөнүндө сөз сүйлөп атканда чиновниктердин саны кыскарат дебедиби. Ушул боюнча оюңуз кандай?

- Мисалы мен президенттик администрациянын өзүн эле атап өтөйүн, чиновниктердин саны азайган жок. Мына өзүңөр көргүлө, эмне деген агенттик, эмне деген кызмат, бир эле администрациясы азыр үчкө бөлүнүп атат. Сөз түрүндө азайды деп айта бергени менен, эртең эле көрөсүңөр ошол эле чиновниктер бир кызматтан экинчи кызматка, же бир агенттиктен экинчи агенттикке өтөт.

Бул 18 жылдан бери бир нече жолу ошентип айтылып келген, ушундай кыскартуу болот. Бирок эч убакта болгон эмес. Ошол эле кайталама органдарды жоебуз деп Данияр Үсөнов да айтып атат. Менин оюмча, андай болбойт. Мына өзүңөр турмуш жүзүндө, иш жүзүндө аны көрөсүңөр. Бул элдин көзүн боемолоо, алдамай, мына президент иш кылып жатпайбы дегендей эле маанайды түзүп коюга болгон аракет.

- Өнүктүрүү корунун тегерегинде талаш-тартыш маселелер болуп келатат. Ушул боюнча БЭКтин көз карашы кандай?

- Башка бир элдин атуулдары өнүгүүнү аныктаса, ошолор жетектесе, ошолор бардыгын чечсе, ал кайсы өнүгүү болот эле, кайсы мамлекеттин улутунун өнүгүүсү болот? Ал Өнүгүү фондунда бүгүн биздин билгенибизге караганда бир дагы кыргыз атуулу жок. Американын, же башка өлкөлөрдүн атуулдары отурат кыргыз үчүн кылы дагы кыйшайбаган. Алар кыргызды тескерисинче кууратуу үчүн, мындан дагы жакырлатуу үчүн, кыргыздын анча-мынча байлыгын ошол фонд аркылуу чет өлкөгө уурдап кетүү үчүн жүргүзгөн нерсе.

- Өзүңүздөр айтып аткандай, аталган фондудагы бөлөк элдин жарандарын БЭК иликтеп чыкты беле. Алар мурда эмне иштерди кылыптыр, буга чейин эмне иштери бар экен?

- Бүгүн жашыруун деле болбой калбадыбы, ошол эле Гуревич Американын атуулу. Елисеев деген канча жылдан бери кимге кызмат кылып жүргөнүн жакшы билесиңер. Бүт ошол жанагы Өнүгүү фонду дейбизби, ар кандай топторду түзүп алып, ар кандай стратегиялык объектилердин акцияларын колуна алып, көз көрүнө эле афера кылып атат. Ал түшүнүктүү эле нерсе болуп калды. Бирок кейиштүүсү бул президенттин айланасында, тар чөйрөдө болуп атканы. Бул эртеби-кечпи биздин Кыргызстанда чоң жаңжал чыгара турган нерселер.

- Азимбек мырза, “Ак жол” партиясы башкаруу системасын реформалоо натыйжалуу жыйынтык берет деп эсептеп атышат. Алар ушундай бир натыйжалуу жыйынтык берет деген ишенимде болуп атышат. Эгерде реформа натыйжа бербесе “Ак жол” партиясы да жоопкеричиликке тартылышы керекпи, же Кыргызстанда оппозициядан башка органдар жоопкерчиликке тартылышпайбы?

- “Ак жол” партиясы Ак үйдөн шайтанды койсо дагы, ал шайтан туура иштеп атат деп айтат, Ак үйдөн катуу жөтөлүп койсо да эң сонун ыр ырдап атат деп айтат. Башка эмне күтөбүз “Ак жолдон”. “Ак жол” эмне деп айтаарын, эмне деп сүйлөөрүн билебиз да коомчулук. Ошондуктан мен ойлойм “Ак жол” партиясы эч кандай жоопкерчилик албайт. Анткени анын төрагасы, башчысы бар. Ал Кыргыз Республикасынын президенти.

Конституциялык Соттун чечимине карабай, Конституцияны одоно бузуп туруп, “Ак жол” партиясын калп эле ширма кылып жыйнамыш болуп туруп, ошону менен чечип атпайбы. Коомчулукка ошондой таасир калтырып атат, бул “Ак жол” партиясы чечип аткан экен деп. Жок, “Ак жол” партиясы чечпейт.

Аларга команда барат, ушундай деп айткыла, ушундай кылып койгула деген. Ошону гана аткарып отурган партия. Ошондуктан мен ойлойм “Ак жол” партиясын түзгөндөр, “Ак жол” партиясын жетектеп аткандар жооп бериш керек деп.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG