Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Жалал-Aбат: Бакиевди жактагандар жаңылабы?


1-майда "Ак Жол" партиясы Курманбек Бакиевди президенттикке талапкер кылып экинчи мөөнөткө көрсөттү
1-майда "Ак Жол" партиясы Курманбек Бакиевди президенттикке талапкер кылып экинчи мөөнөткө көрсөттү

Жалал-Абат облусундагы бийлик сынчылары Бакиевди президенттикке кайра көрсөткөндөр жаңылууда, анын заманында эл турмушунда оңолуу болгон жок деген ой-пикирлерин жайылтып жатышат.

«Ата мекен» партиясынын облустагы уюмунун төрагасынын орунбасары Ильичбек Нарматовдун пикири боюнча Бакиев өлкөгө эч кандай жакшылык кылган жок. «Ак жол» партиясы көрсөткөндө да, өзү шайлоого барбоосу керек. Өлкөдө саясий – социалдык, экономикалык абал туруксуз.

Кырдаал Акаевдин мезгилинен кыйла артка кетти. Анын мезгилинде кылмыштуулук болгону менен азыркыдай бир нече депутаттар жана таанымал спортчулар, мамлекеттик ишмерлер атып өлтүрүлгөн эмес. Алардын өмүрүн кыйгандардын бири да табылган жок. Кымбатчылык азайбай, парасыз иш бүтпөй калды. Кошулуп жатат деген пенсия, айлык жана жөлөк пулдар инфляцияга дал келбейт.

Мындай көз карашты Майлуу-Cуу шаарында жумушсуз калган Рустам Абдувалиев да жактайт. Бийликтин күнөөсү бар үчүн айыл-чарбасына жетиштүү камкордук көрүлбөй, маңдай тери менен өстүргөн түшүмү үчүн дыйкандар олчойгон салыктарды төлөп, жылуу бөлмөсүнөн карыш жылбаган төрөлөр менен депутаттарды, куурай башын сындырбай, эшигине бир дарак тикпеген, сөздөн башка эчтеме өндүрүүнү билбеген адамдарды багып келатышат.

Ал эле эмес, өнөр-жайдын абалы эмне болду? Мурда күргүштөп иштеген завод- фабрикалар таланып-тонолду. Элдир-селдир калгандарынын жүүнү бош. Жумушсуздуктун, жакыр турмуштун айынан нечендеген кырчындай уул-кыздар насыя акча алып, аны төлөй албай, жер кезип, башка өлкөлөрдө кордук тарып жүрүшөт.

-Алар бир кезде Алыкул акын «бир боор эне» эсептеген Россияда бытпылдыктай үйлөрдө жашап, нечендери улутчулдардын колунан ажал тапты. Эмгек көчкүндөрүнө күйгөн бийлик барбы?-деп суроо койгон Рустам Абдувалиев бийликке нааразы болду.

Бийликти жактоочулар өз кезегинде Бакиев өлкөнү башкарган жылдары жашоо деңгээлди кадыресе жакшырып калды деп белгилешүүдө.

Сузак районундагы «Кыр-Жол» айылынын тургуну Абдилла Кошойкановдун баасы менен талдаганда, мурунку жана азыркы бийликтин ортосунда асман-жердей айырма бар. Шайлоонун мөөнөтүнөн мурда дайындалышына Бакиевдин тиешеси жок. Оппозиция далайдан бери президенттик жарыш өтсүн деп талап кылган:

-Ал талаштуу маселенин башын өз лидерин талапкерликке көрсөткөн Cоциал-демократиялык партиянын мүчөсүнүн арызы боюнча Конституциялык Сот жана парламент чечкен. Айлык, пенсия, пособия көбөйүп, убагында төлөнүп атса, жолдор оңдолуп, мектептер курулуп, окуучулардын акысыз тамактанганы жашоонун оңолгонуна күбө. Эл бийликке жетпей калып, ичи күйгөн оппозицияны эмес, К.Бакиевди кубаттайт, - деп айтты Абдилла Кошойканов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG