Данияр Нарынбаев: Бизде конституциялык реформаны чоң жыйын өткөрүп, он күн күнү-түнү иштеп, Конституциянын долбоорун даярдап мына бүгүн лингвисттерге кыргызчасын, орусчасын бердик. Эртең чогулуп юристтер менен биргелешип, бүт кыйын жактарын карап чыгабыз. Бүрсүгүнү Убактылуу өкмөткө конституциянын долбоорун өткөрүп беребиз. 20-майда бул долбоор жарыяланып чыгат, ошол долбоордун негизинде бизде 27-июнда референдум өтөт. Референдум бизге жаңы Конституцияны кабыл алып берсе, ошонун негизинде октябрь айында бизде президенттик жана парламенттик шайлоо өтөт, буюрса, деп турабыз.
“Азаттык”: Эл аралык уюмдар айтып атат эгерде институттарды эртерээк мыйзамдаштырбаса Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн гана эмес көз карандысыздыгын дагы жоготушу мүмкүн деп. Чын эле биздин көз карандысыздыгыбыз ушундай коркунучтабы?
Данияр Нарынбаев: Жок, мен антип ойлобойт элем. Туура, азыр акыбал анча тынч эмес, бирок баары убактылуу өкмөт айткан план боюнча иштер өтүп атат. Референдумга даярдык көрүп атабыз, буюрса ошол референдум жакшы өтсө жаңы Конституциянын негизинде жаңы парламент, жаңы президент шайланат. Алар тез аранын ичинде жаңы өкмөттүн курамын бекитет да, ошону менен мен ойлойм, биз толук бойдон укуктук шарт жана негиз түзүп беребиз, коомубуз ошол жаңы жол менен жол жүрөт деп ойлойбуз.
“Азаттык”: Демек референдум аркылуу Убактылуу өкмөт өзүн мыйзамдаштырып алат турбайбы?
Данияр Нарынбаев: Сөзсүз түрдө, бул референдумда эл добушун берсе Убактылуу өкмөттүн жалпы курамына ишеним көрсөткөндүгүн билдирет. Ошол эле учурда жаңы Конституцияга ээ болобуз, ошонун негизинде иштей баштайбыз.
“Азаттык”: Шайлоолор качан болушу мүмкүн?
Данияр Нарынбаев: Жок, референдум менен болгонго эч мүмкүнчүлүк жок, себеби өзүнүн ирети бар да. Биринчиден, биз Конституцияны кабыл алганда, ошол жерде мемлекеттик түзүлүштүн негиздери кабыл алынат. Бизде жаңы парламент жаңы укукка ээ болот, бул өкмөттү түзө турган парламент болот. Жаңы президент болот, бул арбитр катары дайындалат. Ошол эле учурда сырткы мамилелер боюнча активдүү саясатчы болуп биздин президент да ишине киришет.
“Азаттык”: Азыр коомчулукта Конституциянын жаңы долбоору чукул шашылыш каралып жатат деген пикирлер айтылып жатат, анан аркасынан эле шайлоолор баштала турган болсо кандайдыр бир нааразылыктарды жаратпайбы?
Данияр Нарынбаев: Туура, андай коркунуч бар. Бирок мен айтып коеюн, он күн күнү-түнү иштедик. Ар бир берененин ар бир сүйлөмүн эмес, ар бир сөзүн абдан жакшы текшерип чыктык. Көп адистер да мунун үстүндө иштешти, эл аралык да эксперттер жардам беришти. Ошолордун баарын эске алуу менен өзүбүздүн тажырыйбабызды жумшап, менин оюмча жакшы Конституция болду, элибиз кабыл алып берсе, ишибиз оңолот деген ишенич бар.
“Азаттык”: Бардык аракеттер чукул көрүлүп атпайбы. Кийин кайра эле ушундай бийликти алмашуу жолу кандайча болушу мүмкүн? Азыр деле стабилдүүлүккө, суверенитетибизге коркунуч келип атат деген сыяктуу кайталанма кадамдарга айланып кетпейби?
Данияр Нарынбаев: Жок, өткөөл жоболорунда, Конституциянын долбоорунда жазылып калат. Ушул Конституция эл тарабынан кабыл алынса, бул Конституцияга парламент он жылдын ичинде өзгөртүү, толуктоолорду киргизе албайт. Бул Конституция туруктуу бир бийликти түзгөнгө шарт ачып берет.
“Азаттык”: ЕККУ айтып аткан кыска мөөнөт канча убакыт деп ойлойсуз?
Данияр Нарынбаев: Абдан кыска мөөнөттүн ичинде Конституцияны кабыл алыш, парламентти, президентти шайлаш бул абдан татаал нерселер. Мүмкүн болушунча бүт мөөнөттөрдүн баары кыскартылды. Ошол эле учурда биз шашып атып сапатыбызды жоготуп албайлы дегендей алардын баарын эске алуу менен даталар чыкты. 27-июнда референдум өтөт, октябрдын ондорунда шайлоо өтөт, ошондо президент менен парламент да бир шайланышы ыктымал.