Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Д.Сарыгулов: Ынтымак курултайы - мыйзамда жок иш-чара


Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер, мурдагы Мамлекеттик катчы.
Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер, мурдагы Мамлекеттик катчы.

Коомдук ишмер, мурдагы Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов Ынтымак курултайын кыргыздан тарыхын, салтын, наркын билбегендер ойлоп таап, уюштуруп жатат деп сынга алууда. Анын көз карашында бул курултай Конституцияда каралган эмес, ошол себептүү анын чечимдеринин баары мыйзамсыз болуп саналат.

“Азаттык”: - Ынтымак курултайынын чакырылышы туурасында сиздин пикириңиз кандай? Негизинен бул демилге президент эмес, эл тарабынан көтөрүлүшү керек эле деген сөздөр да айтылып жатат?

Дастан Сарыгулов: - Элдик курултайдан өйдө бир дагы бийлик бутагы болгон эмес, тарыхта. Экинчиден, Элдик курултайдын укугу, эгерим, эч качан чектелген эмес. Үчүнчүдөн, анда чечимдер элдин наркына, салтына, адатына ылайык кабыл алынган. Ошондой эле Элдик курултайдын чечимдерин эл сыйлаган, урматтаган, ишенген адамдар кабыл алган соң, бул чечимдер кыйшаюсуз аткарылып келген.

Бийликке элдин ишеними азайган сайын курултайга көбүрөөк көңүл буруп келе жатышат. Бул тарыхый көрүнүш. Эгер ага ушунчалык көңүл бурулса, бааласа аны эмнеге Баш мыйзамга киргизип койсо болбойт деген да суроо туулат. Бул курултайдын чечимдери мыйзамсыз, себеби бул мыйзамда жок.

Экинчиден, бул курултайдын укугу чектелген. Болгону кеңеш гана берет. Ал эми ал кеңеш эске алынабы, жокпу ал башка маселе. Элдин тагдырына тиешелүү, өлкөнүн келечегине байланышкан маселенин баары Элдик курултайда эркин талкууга алынган. Бул азыркы чакырылып жаткан курултайдын кемчилиги деп калыс айтсак болот.

“Азаттык”: - Элдик курултайда делегаттар кандай шайланчу эле, азыр кандай шайланып жатат? Бул багытта да көп сөздөр айтылып жатпайбы?

Дастан Сарыгулов: - Элдик курултайга делегаттарды эл дайыма эркин шайлаган. Эң биринчи калыс, түз сүйлөп, бетке айткан адамды шайлаган. Азыр болсо, телеберүүлөрдөн, тасмадан да көрүп калып жатабыз, аким, губернатор же алардын орун басарлары жандап, кандайдыр бир деңгээлде тизмеге окшогон, буйрук берген учурларга окшоп жатат. Бул курултай эмес. Кыргыздын курултайы мындай шартта калыптанган эмес.

Азаттык”: - Президент өзү 150 кишини алып келе турганы айтылган. Ушул багытта кандай пикириңиз бар?

Дастан Сарыгулов: - Президент өзүнүн оюн жактаган, пикирин колдогон 150 делегатты дайындаса бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Калган 550 адамды эл эркин шайлаш керек эле да. Ошондо тең салмактуулук болмок. Хандын баланча өкүлү же бийдин, бектин баланча адамы келген деген тарыхта болгон эмес. Бул адилеттүүлүктөн алысырак алып кетчү ыкмалары болуп калган. Бул кыргыздын Элдик курултайына мүнөздүү көрүнүш эмес.

“Азаттык”: - Учурда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү аракеттери көрүлүп жатпайбы. Ынтымак курултайын чакыруунун бир себеби ушуга да байланыштуу эмеспи деген да ойлор айтылууда?

Дастан Сарыгулов: - Мен мындай пикирге кошулбайт элем. Анткени, Ынтымак курултайы майзамда жок, чоң күчкө да ээ болбойт. Тескерисинче, элдин бийликке ишеними азайып, басаңдаган сайын ошол ишенимди кайта калыбына келтирүү максатында көрүлгөн аракеттер го деген ой туулат.

Бирок биз бир тарыхый чындыкты айтып кетишибиз керек. Кыргызда эгерим “жогорку” же “төмөнкү”, “ынтымак” же “ынтымак эмес” курултай деп аталган эмес. Бул маңкурттардын ойлоп тапканы. Мунун баарын кыргыздын тарыхын, наркын, салтын билбегендер ойлоп таап жатат.

“Азаттык”: - Ушул эле арада оппозиция да өздөрүнүн курултайын өткөрөбүз деп жатышпайбы…

Дастан Сарыгулов: - Кыргыз эли бир болгондон кийин бир эле Элдик курултай өтсө жакшы болот эле. Бул кандайдыр бир элдин биримдигине доо кетирет деп ойлойм. Оппозиция өткөргөн курултайда мекен, улут, аны ыйык тутуп, туу кылып көтөрүү болбойт деп ишенем.

Ал деле өз тарапкерлерин чогултуп алып, калыс, адилет айтпай бир беткей, бир тараптуу сындоо менен чектелип калабы деп ойлойм. Бийлик да, оппозиция да өткөргөн курултайлар көп болду. Акаевдин доорунда бир нече курултай өттү.

Бирок элдин турмушу оңолбой жатпайбы. Ушул иштер курултайдын баркын түшүрүп коюп жатканына кейип отурам да. Бул кезектеги саясий чайкоочулуктун бир куралы катары гана таанылып атат. Буга жол бербешибиз керек эле.

XS
SM
MD
LG