Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Р.Отунбаева: Жаңы өкмөт жаңы Конституциядан баштайт


Р.Отунбаева "Азаттыкты" коргоо пикетинде, 15-март 2010-жыл
Р.Отунбаева "Азаттыкты" коргоо пикетинде, 15-март 2010-жыл

Кыргызстанда Д. Үсөновдун өкмөтү кызматтан кетти, парламент таратылды. Эми президенттин катчылыгы жана башка структуралары да жоюлат. Бийликти колго алган оппозициянын убактылуу өкмөтү бир эле учурда президенттин, парламенттин жана өкмөттүн милдетин аткармакчы. Жаңы өкмөттүн алдында турган милдеттер жөнүндө убактылуу өкмөттүн башчысы, Элдик Курултайдын Борбордук Аткаруу Комитетинин төрайымы Роза Отунбаева "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

- Роза айым кечээ убактылуу өкмөт түзүлдү. Мына ушул жаңы өкмөттүн иш аракеттерине токтоло кетсеңиз?

-Бул өкмөт керектүү сандагы адамдардан түзүлөт. Биз убактылуу өкмөт деген президент дагы, парламент, өкмөттүн дагы мына ушул үчөөнүн тең бириктирилген ролун аткарып атабыз. Өлкөдө бийликти көзөмөлдү колго алып жатабыз. Бул ишти негизги төрт багытта алып кетебиз. Мен убактылуу өкмөттүн башчысы катары менде төрт орун басар дайындалды.

Биринчи орун басар болуп Алмаз Атамбаев экономикалык маселелердин баарын карайт. Андан кийин Темир Сариев финансы кредит маселелерин тейлейт. Өмүрбек Текебаев конституциялык реформа маселелерин, жаңыча башкаруу тарабын карайт. Азимбек Бекназаров болсо сот-прокуратура, финансылык полициянын маселелерин караган орун басар болуп дайындалды.

Булардын карамагында министрлер иштешет. Баягы классикалык өкмөттөгүдөй болбойт. Биз жарым жыл иштей турган убактылуу өкмөт болуп жатабыз. Ушул жарым жылдын ичинде биз жаңы турмушка база түзүп беришибиз керек. Эң эле биринчи биз Конституцияны кабыл алышыбыз керек. Ошондой эле жаңы шайлоолорго база түзүп беришибиз керек?

- Отун-сууга тариф маселеси дагы иш пландарыңыздарда каралганбы?

-Мына ушул жарым жылдын ичинде эң жогорку приоритеттердин бири биз бүгүндөн баштап эле азыркы убактылуу өкмөттүн декреттери болуп саналат. Булар сатылган мүлктү ордуна алып келүү. Отун-сууга тарифтерди ордуна алып келүү. Мына ушул сыяктуу маселелердин баарын биз бүгүндөн баштап жасайбыз.

- Кечээги бийликтин огунан алтымыш адамдын курман болгону жана беш жүздөн ашуун адамдын жаракат алганы боюнча кылмыш иши козголдубу. Ага ким жооп берет?

-Менин маалыматым боюнча кыркка жакын адамдар набыт болушту. Ошондой эле 300дүн тегерегинде адамдар жаракат алып ооруканаларда. Бул боюнча атайын комиссия түзүлөт. Алардын ар бирин биз бүгүн тактайбыз. Бейкүнөө шейит кеткендердин азасын күтүп, айла жок маркумдарды акыркы сапарга узатабыз. Буга убактылуу өкмөт өзгөчө көңүл бурат. Бул трагедияга жооптуулардын баарына мыйзамдын чегинде катуу чара көрүлөт. Кечээ кечке чейин Ак үйдүн үстүндө снайперлер атып атты. Мына ушулардын барын сурайбыз. Аларды биз эч жакка жиберген жокбуз. Биздин колубузда.

- Роза айым президенттик жана парламенттик шайлоо кайсы айга болжолдонуп жатат?

-Бул убактылуу өкмөттүн эң негизги маселеринин бири. Мына ушул жарым жылдын ичинде Конституциянын бир вариантына бардыгыбыз макул болушубуз керек. Ошондой эле шайлоого мыкты база түзгөнгө үлгүрүшүбүз керек.

- Рахмат маегиңизге

XS
SM
MD
LG