Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Д. Ошурахунова Оштогу кырдаал жөнүндө


«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова Ош областындагы добуш берүүнүн жүрүшү жана байкоочулардын иш аракети туурасында "Азаттыкка" маалымат берди.

- Оштогу добуш берүүнүн жүрүшү кандай болуп жатат?

- Биз 240 байкоочу жибергенбиз Ош облусу боюнча, анын ичинде Ош шаарында 36, анан 3-4 мобилдик жер-жерлерди кыдырганга топ бар. Добуш берүү тынч өтүп атат, шаар боюнча 87 шайлоо бекети өз убагында ачылды, процедуралардын баары аткарылды.

Сегизге чейин эле шайлоочулар келип баштады. Аябай чоң агым жок, бирок эл акырындан токтобостон келип атат. Мадыда эки бекетте 50 пайыздан ашып кетиптир деген бизге маалымат түшүп атат. Бирок Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа райондорунда элдин келиши аз болуп атат, ал жерде азыркы убакта араң 3-4 пайыз эл келиптир.

- Байкоочулардын ишмердүүлүгүнө токтоло кетсеңиз, ушул сааттарга чейин кандайдыр бир тартип бузууларды байкай алышыптырбы?

- Тартип бузуулар деле болгон жок. Бирок айтып кетели, Ош, Жалал-Абад шаарларында үй-бүлөлүк добуш берүү деген фактылар болот болуш керек деп ойлоп жатабыз. Азыр көрүп атабыз андай фактылар болуп атат. Бирок аларга жол берилген жок, жер-жерлерде биздин байкоочулар буга бут тосуп, актыларын жазып атышат. Өзгөндө болсо шайлоо участкасынын бир мүчөсү 4 бюллетень таштап жибериптир. Ал боюнча биз арыз жазып, даярдап атабыз.

- БШК менен кызматташтыкта тизмени тактоо иштерин жүргүздүңүздөр эле, толук тактап жетише алдыңыздарбы?

- Тизмелерди толук тактап жетише алган жокпуз. Анткени убакыт абдан аз болду.

XS
SM
MD
LG