Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

М.Токоев: "Курч жазгандар өлтүрүлүп же сабалып атат"


Акыркы жылдары эки журналист – Алишер Саипов менен Геннадий Павлюк киши колдуу өлдү
Акыркы жылдары эки журналист – Алишер Саипов менен Геннадий Павлюк киши колдуу өлдү

Эл аралык басмасөз институтунун жаңы иликтөөсүнө караганда, акыркы он жылда дүйнө жүзүндө кесибине байланыштуу 735 журналист өлтүрүлгөн.

Эл аралык басмасөз институтунун (the International Press Institute - IPI) 2010-жылы 11-февралда жарык көргөн соңку иликтөөсүнө караганда, акыркы он жылда дүйнө жүзүнүн ар кыл өлкөлөрүндө 735 журналист кесибине байланыштуу набыт болгон.


Алардын 170и - Иракта, 93ү - Филиппинде, 58и - Колумбияда, 38и - Мексикада, 35и - Орусияда мерт болушкан.

Иликтөөлөргө караганда, Азия менен Жакынкы Чыгыш да журналисттер үчүн эң опурталдуу аймактардан болуп саналат.

Кыргызстандагы кырдаал

Соңку жылдары Кыргызстанда дагы журналистердин өмүрүнө коркунуч чоң болуп жатканын өлкөдөгү бейөкмөт уюмдун - “Журналист” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев "Азаттыкка" белгиледи:

- Эң тынчсыздандырганы – белгилүү, курч жазган журналисттерибиз же өлтүрүлүп же сабалып атат.

Опурталдуулук Кыргызстандын чегинен тышкары жакка башпаанек издеп кетип аткандардын санынын өсүшүнөн да байкалууда.


Акыркы жылдары кыргызстандык эки чыгаан журналист – Алишер Саипов (2007-жылдын октябры) менен Геннадий Павлюк (2009-жылдын декабры) киши колдуу өлдү, бирок алардын кесиптик негизде өлтүрүлгөндүгүн расмий сот тастыктай элек.

Кыргыз укук коргоочулары жана оппозициясы бул эки кыргыз атуулу тең көз каранды эмес журналисттик ишмердүүлүгү үчүн мерт болушту деп эсептешет.

Азаттыктын архивинен: Г. Павлюктун өлүмү – саясий өлүм

Казакстан: Г. Павлюктун өлүмү – саясий өлүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG