Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Ж. Акенеев: Борбордук агенттиктин пландарын колдосо болот


Өнүктүрүү инвестициялар жана инновация боюнча борбордук агенттик жарыя кылган долбоорлордун ишке ашышы канчалык реалдуу? Бул маселе боюнча экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев ой-пикир бөлүшөт.

- Ачыка чыгарылган долбоорлордун ишке ашуусу канчалык реалдуу деп ойлойсуз. Анткени ушундай эле долбоорлор башка адамдар тарабынан да буга чейин да сунушталып, бирок ишке келгенде эле максатына жетпей келаткан?

- Борбордук агенттиктин алгачкы иштерин колдосо болот. Себеби бул төрт долбоор биздин экономикага, мамлекетке керектүү долбоорлор. Биринчиден, 18 жылдан бери мамлекеттик деңгээлде микрокредиттер бөлүнгөн эмес элдерге . “Арис”, “Финка” деген мекемелер бөлчү, бул менчик мекемелер Дүйнөлүк банктын арты менен иштеп келишти. Мен ойлойм, бул микрокредит мамлекеттик деңгээлде кичинекей процент менен бөлүнүш керек элге. Бул экономиканы мамлекеттин көзөмөлдөөсү кайра башталып атат дегенди белгилейт. Анан акыркы үч долбоор: 150 миң кв.метр үй курат ипотека аркылуу дегени, бул 3 миңден ашык үй-бүлө үйлүү болушат дегендик, кудай буюрса Бишкек, Ошто. Мен ойлойм, бул дагы азыркы базар экономикасында үйгө жетише албаган, бюджетте иштеген дарыгерлер, мугалимдерге берилсе абдан жакшы болот.

- Мына ушундай 150 миң чарчы метр турак жай куруу, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө каражат тартуу президенттин уулунун колунан келет деген да пикирлер бар да. Бирок мына ушуга анын өзүнүн каалоосу болушу мүмкүнбү өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө?

- Мен ойлойм, кеп президенттин уулунда эмес. Себеби Борбордук агенттиктин башында бөлөк адам иштеген күнү да, муну президенттин уулу бөлгөн жок, Орусиядан алынган кредиттен Борбордук агенттик бөлүп атат. Айыл чарбага биринчи жолу ушундай кадам жасалып атат.

Биз айтып атпайбызбы, быйыл жакшы буудай алынып, башка өсүмдүктөр алынып, мамлекет эч кандай жардам бералбай жатат сатып алууга деп. Мына Агропромкорпорацияны күчөтүү, бул ошол жанагы бөлүнгөн акчаларды, ашыкча өндүрүлгөн продукцияны дыйкандардан жакшы келишим баа менен сатып алышы керек бул Агропромкорпопрация.

Ал эми жанагы лизингге бөлүнгөн акчалар бул абдан керектүү. Себеби 20 жылдын ичинде техниканын баардыгы жокко чыкты. Ошон үчүн кымбат турат. Лизингге техниканы берип, кийин фермерлер көп жылдык мөөнөттө ошондон кутулуп, ошол техникалар менчиги болуп калат. Мен ойлойм, ушул айыл чарбага бөлүнгөн акчалар дагы, андан башка дагы проекттерге бөлүнүш керек. Бул абдан жакшы биринчи кадамдар. Айыл чарбага абдан жакшы көңүл бурулуш керек.

XS
SM
MD
LG