Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:00

И. Карыпбеков: Журналисттин өлүмү - кооптондурган окуя


Кыргызстандын Президентинин Катчылыгынын өкүлү Илим Карыпбеков Алматыда каза болгон журналист Геннадий Павлюктун окуясына жана жалпы эле журналисттерге кол салуу аракеттери күчөп кеткенине өкүнүү жана кооптонуу билдирди.

- Бүгүн кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк Алматыда каза болду. Ал кесиптик ишмердиги үчүн киши колдуу болду деп атышат. Бул окуяга президент катчылыгы кандай комментарий бере алат?

- Бул боюнча азыр Казакстандын укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүп жатат. Ошонун жыйынтыгында, эгер киши колдуу болуп каза болгон болсо, ошол киши табылат деген биз да чоң үмүттөбүз жана бул нерсеге абдан кооптонуу менен карамакчыбыз.

- Соңку кезде журналисттерге кол салуу күчөп кетти. Мындай фактылардын көбүнүн эле бети ачылбай калып жатат, эмнеге?

- Туура айтасыздар, Кыргыз Республикасында акыркы кездерде журналисттерге, же болбосо ЖМКга каршы болгон күч көрсөтүү, ур-тепкилөөлөр көбөйүп кетип атат. Ошондуктан бул абдан өкүнүчтүү нерсе. Кыргыз Республикасында болуп аткан ушундай фактылар боюнча, менин билишимче, бүгүн укук коргоо органдары толук түрдө маалымат таркатышты. Азыр тарткатуу учурунда турушат. Эгерде ошону карап көрсөк, иш алып баруулар жүрүп жатат. Бардык эле учурда ийгиликтүү деп айтуудан алыспыз. Бирок ошентсе дагы укук коргоо органдары аракеттенип атат.

- Президент деле буга чейин журналисттерге карата бир катар чуулгандуу окуялардын иликтөө иштерин өз көзөмөлүнө алдым деген эле. Анан эмнеге эмдигиче натыйжа жок, сиз кандай ойлойсуз?

- Албетте, ал өз көзөмөлүнө алынган. Бул иш боюнча эле эмес, башка фактылардын бардыгын Президенттин Катчылыгы жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги дайыма көзөмөлгө алып келет. Албетте, баардык эле учурда натыйжа жакшы деп айтыш кыйын. Азыр ошону изилдөө, иликтөө процесстери жүрүп атат. Бирок тилекке каршы баарынын изин табыш абдан кыйын да, буга ар кандай күчтөр, аракеттер керек. Бардык эле учурда бул жүз пайызга чечилип кетчү нерсе эмес.

- Айрым талдоочулар журналисттерге кол көтөргөндөрдү табуу, жазалоо иштеринде өлкө жетекчилиги тарабынан саясий эрк болбой жатат деп атышат. Сиз буга кошуласызбы?

- Жок, мен буга жалпысынан кошулбайм, саясий эрк бар. Эгерде Президенттин Катчылыгы Кыргыз Республикасында маалымат багытында саясат жүргүзө турган эң негизги орган болгондуктан, бул өтө маанилүү экендигин биз абдан жакшы түшүнүп билип турабыз. Ошондуктан ошол уруп-согуу көрсөткөн адамдардын табылышына биз дагы абдан чоң кызыкдарбыз.

- Өтүп бара жаткан 2009-жыл сөз эркиндиги, ММКнын абалы боюнча кандай жыл болду деп ойлойсуз. Мына жыл да жыйынтыкталып калды?

- Өтө деле кескин түрдө же мыйзамда, же системада өзгөрүүлөр болгон жок. Бирок ошол өзгөрүүлөргө башат, бир кадам шилтенди деп айтып кетмекчимин. Себеби бул биринчи кезекте, теле жана радио берүүгө болгон багытта, ошону башкаруу мыйзамына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү демилгеси көтөрүлгөндүгү деп ойлойм.

Эми 2010-жылда буюрса бул багытта заманбап талаптарга жооп бере турган өзгөрүү, толуктоолор киргизилет деген ишеничтемин

XS
SM
MD
LG