Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Депутат Руслан Шаботоевдуку делген сөөк табылды


Руслан Шаботоев “Азаттыктагы” соңку маегинде бийлик үй бүлөлүк саясаттан баш тартпаса, оппозициядагы биринчи саясатчы өзү болорун баса белгилеген болчу.
Руслан Шаботоев “Азаттыктагы” соңку маегинде бийлик үй бүлөлүк саясаттан баш тартпаса, оппозициядагы биринчи саясатчы өзү болорун баса белгилеген болчу.

ЖК депутаты Р. Шаботоевдуку делген сөөк бүгүн Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылына жакын жерден табылды. УТРК тараткан бул маалыматты СДП өкүлдөрү да тастыктады.

Руслан Шаботоев 2007-жылы болгон парламенттик шайлоодо социал-демократтар партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланган. Ал мындан туптуура бир жыл мурда, 30-сентябрда дайынсыз кеткен бойдон табылбай жаткан.

Бир жылдан бери дайын-дареги жок кеткен Руслан Шаботоевдун изделиши өтө солгун деп СДП лидерлери нааразы болуп, эгерде укук коргоо органдары чындап издөөгө киришпесе, анда саясий чечкиндүү кадамдарга барарын эскертишкен.

Депутат Руслан Шаботоевди издөөнү натыйжалуу жүргүзүү жөнүндө шайлоочулары жана жердештери Президентке кайрылуу жолдошкон. Ысык-Ата жана Чүй районундагы жаштар нааразылык билдирип, кан жолду тосуп чыгышкан.

Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, тартип, соттук-укуктук реформа комитети депутат Руслан Шаботоевду издөөнүн жагдайы менен жабык эшик артында таанышып, издөө-иликтөө аракеттерин күчөтүү тууралуу укук коргоо органдарына тапшырма берген токтом кабыл алган.

Руслан Шаботоев эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө, маалымат каражаттарына берген интервьюларында азыркы бийликти мурдагы президент Акаевдин үй бүлөлүк саясатын улантып жатат деп сындап келген.“Азаттыктагы” соңку маегинде ал бийлик башындагылар үй-бүлөлүк саясаттан баш тартпаса, оппозициядагы биринчи саясатчы болорун баса белгилеген болчу.

ЖК депутаты Руслан Шаботоев март ыңкылабына активдүү катышкандардын бири катары да белгилүү эле. 24-мартта Ак үй алынганда талап-тоноодон коргоо үчүн социал-демократтар партиясынын мүчөсү катары ал комендант болуп шайланып, жүздөй курал-жаракты жана ири өлчөмдөгү акчаны сактап, азыркы бийликтин өкүлдөрүнө өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG