Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Нарында «Азаттыктын» үнүн бийлик өчүрдүбү?


Нарын шаарында жана анын жака белинде жашаган он миңдеген адамдарга "Азаттык", "Немец толкуну", "Би-Би-Си" үналгыларынын уктуруулары жетпей калды.
Нарын шаарында жана анын жака белинде жашаган он миңдеген адамдарга "Азаттык", "Немец толкуну", "Би-Би-Си" үналгыларынын уктуруулары жетпей калды.

24-февралдан тарта жергиликтүү «Алмаз-Нарын» үналгысы обого чыкпай калды. Тогуз жылдан бери үзгүлтүксүз күнү-түнү иштеп келген «Азаттык», «Немец толкуну», «Би-Би-Си» үналгыларын Нарын шаарына уктурган үналгынын толкун таратуучу кабели күндүз кесилип кеткен.

Мындай жагдайдын келип чыгышы тууралуу үналгынын техникалык деректири Марат Эшкулов "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.


- Окуя 24-февралда болду. Эртең менен саат тогуздарга чейин радио кадимкидей иштеп, Нарындын жашоочулары радиону угуп жатышкан. Анан саат тогуз жарымда жарык өчүп, он бирлерде күйгөн. Ошол маалда радиодо иштегендер мага радио иштебей калды, угармандар чала башташты деп билдиришти.

Мен барып аппаратты карасам индикатор күйүп жатыптыр, бирок кубаттуулугу 500 ватт болгон аппарат 100 ватттан өйдө көтөрүлбөй калыптыр. Үстүнө чыксам кабелди кыйып кетиптир. Кыйганда да бычак менен жонуп кыйбай, атайын эки жагын түптүз кылып кыйган экен.

Кабелдин бир учун билинбесин деп карга сайып коюп, үч метрдейин тоголоктоп ыргытып жиберген. Мен эки башын салыштырсам кыйылган жерлер дал келген жок. Демек кабелди ортосунан дагы кыйып кетишкен.

- Ошондо канча метр кабель кыйылган?

-Жалпысы 8 метрден ашык.

-Антенна өзү канча метр болот?

-Антеннанын өзүнүн бийиктиги 25 метр.

-Кабель да ошончо метр болобу?

-Кабелдин стандарты 35 метр болот. Эми кесилген кабелди кошууга болбойт. Анткени бул италиялык жабдык.

-Азыр акыбал кандай?

-Радио иштеген жок. Угармандар, аталар энелер чалып жатышат. Биздин радио аркылуу «Азаттык» уктурулчу, эмнеге «Азаттык» чыкпай калды деп чалышып, бизди атайын уктурбагандай жаман көрүшүүдө.

- Бул кабелдин кесилип кетишин кандай максатта болду деп ойлойсуз?Же бул кабелдин кимге зарылчылыгы бар эле?

-Бул кабелдин эч кимге зарылчылыгы деле жок. Тогуз жылдан бери турабыз, жашоочулар деле билет, үйдүн үстүнө чыгышып, кар күрөшүп, телефон тарткычтарды оңдоп турушат, эч ким тийчү эмес.

Эгер керек болсо ошондо эле кесип кетишмек. Бул саясый негизде болду деп ойлойм. Ошол маалда светке каршы митинг болуп жаткан. Дал ошол учурда жарык өчкөн жана ошондон пайдаланышты.

Эгер кескиси келген адам болсо түн ичинде кесмек да. Мисалы 8 метр кабелден эч кандай пайда чыкпайт. Негизгиси эл «Азаттыкты» укчу да.

- Ички иштер органдарынын кызматкерлери эмне дешти?

-Милициялар келишип, карашып, бул материалдык гана жоготуу деп коюшту. Бирок арызыбызды алды.

XS
SM
MD
LG