Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Т. Акун: Оштогу окуяларда тышкы күчтөрдүн катышы жок


Оштогу тополоң окуялар атайын бир уюшкан күчтөрдүн кылганы деп айтууга негиз жок. Бул жерде сырткы күчтөрдүн да катышы жок. Мына ушундай пикирин "Азаттыкка" Оштогу окуяларга байкоо салып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.


- Оштогу абалды тынчтуунун кандай жолун көрүп турасыз?

- Биринчиден, биз өзүбүздүн өкүлдөрүбүз аркылуу кечээтен бери буга аябай катуу көңүл бөлүп атабыз. Азыркы кезде тынч болуп калды. Аскердин баары киргизилди, бронетранспортерлор коюлду. Жөнөкөй машиненин баары жүргөн жок. Кырдаал тынчталып баратат. Бирок чет жакаларында топтошуу өзбек тараптан да, кыргыздар тараптан да болуп атат.

Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар, өкмөттүн мүчөлөрү Ө.Текебаев, А.Бекназаров, Д.Чотонов, анан ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбековдор учуп келишип, кырдаалды турукташтырыш үчүн колдон келген аракеттердин баарын жасап атышат.

Бул жерден мен айтайын дегеним, кудай буюрса, кырдаал Ош шаарынын борборунда тынчтанып калды, чет жактарында гана абал курч бойдон калууда. Мен ушуларды турукташтыруу боюнча Убактылуу өкмөт көп аракеттерди көрүп атат, айрыкча Роза Отунбаеванын чыгып аябай салмактуу сүйлөп, элге кайрылганы азыр коомчулукту арасында аябай жакшы пикирди жаратып атат, өзбектердин да, кыргыздардын да арасында.

- Ушул абалды тынчытуунун кандай жолун көрүп турасыз?

- Кээ бир саясат таануучулар, эксперттер муну тыш жактан келген атайын күчтөр уюштуруп атат деген сөздөрдү айтып атат. Мына ушундай сөздөрдөн алыс болуш керек. Мен абалды баамдаган адам катары, укук коргоочу катары айтарым, бул кыргыз жана өзбек балдардын ортосунда эле чыккан кадимки эле уруш. Бул улуттар аралык чыр-чатакка өсүп кетти. Буга апрелдеги Жалал-Абадда болгон окуялар себепчи болуп атат.

- Апрель ыңкылабынан кийин ушундай карама-каршылыктын пайда болушуна кимдер түрткү болду деген ойдосуз жана ал күчтөрдү алсыздандыруу үчүн Убактылуу өкмөт кандай аракеттерге баруусу зарыл?

- Азыр өлкөдө туруксуздук абалды пайдаланалы дегендер бар, аларды атайын уюшулган күчтөр деп айтуудан алысмын. Анткени бул жерде чыккан иш турмуштук эле көрүнүш. Бирок улуттар аралык маселе Жалал-Абадда болгондон кийин ал тынчый элек, элдин аң-сезиминде бар. Мына ушуну жөнгө салышка Убактылуу өкмөттүн толугу менен күчү жетет. Азыр жөнгө салып бүтүп атат. Жөнгө салып 3-4 күндүн ичинде бүтүп калат деген оюбуз бар.

Тышкы күчтөрдүн эч кандай бизге тиешеси болгон жок. Тыштан аскер алып келүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Ал боюнча Ө.Текебаев да билдирди. Мен азыр эмне үчүн силерге чыгып атам, мен бардык кыргыз улутундагыларга, өзбек улутундагыларга дагы, саясатчыларга, айрыкча мен экспертмин, политологмун деп өзүн-өзү атап алгандарга да айтаарым, ар бир сөзүңөргө сак болгула. Бул жерде адам өлүп атат.

1990-жылы 4-июнда башталган окуя көп адамдардын өмүрүн алып кеткен. Ошондон биз жыйынтык чыгарышыбыз керек, урматтуу Кыргызстандын граждандары. Силерди сабырдуулукка, тынчтыкка, кечиримдүүлүккө чакырабыз. Кыргызбы-өзбекпи, бул биздин граждандар, булар биздин патриотторубуз, биздин элибиз, эч ким биздин ишибизди четтен келип чечип бербейт. Биздин Убактылуу өкмөткө ишенели, Роза Исаковнага ишенели, өкмөттү колдойлу, референдумду жашкы өткөрүп алалы, тынчтыкка чакырам элдерди.

XS
SM
MD
LG