Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Кан тополоңду иликтөөгө эл аралык комиссия келет


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуялардын чыгыш себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө боюнча Улуттук комиссия түзүлдү. Бир эле учурда кан тополоң окуяларды эл аралык көз карандысыз комиссия келип иликтеп, улуттук комиссия менен бирге иштешине кыргыз бийлиги макул болду.

Кыргызстандын Улуттук комиссиясын экс-спикер, саясий жана коомдук ишмер Абыдганы Эркебаев жетектейт. Комиссия 2010-жылдын 10-сентябрына чейин кайгылуу окуялардын себептерин иликтөөгө алып, тиешелүү жыйынтыкты президенттин кароосуна бериш керек.

Бир эле учурда Ош жана Жалал-Абаддагы кан тополоң окуялардын тамырын тартууга эл аралык көз карандысыз комиссия дагы киришмек болду. Роза Отунбаева скандинавиялык өлкөлөрдүн сунушун кабыл алып, Эл аралык көз карандысыз комиссия менен Кыргызстанда жакында түзүлгөн Улуттук комиссиянын биргелешип иштөөсүнө макул болду.

Эл аралык комиссияны Борбор Азия боюнча ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын атайы өкүлү Киммо Кильюнен жетектейт.
Түштүктөгү окуялардан кийин скандинавиялык өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтери Ош, Жалал-Абад окуяларынын чыгуу себептерин иликтей турган комиссия түзүү демилгесин көтөрүшкөн. Бул маселе жакында президент Роза Отунбаева менен Киммо Кильюнендин жолугушуусу учурунда көтөрүлгөн.

Акыркы маалыматтарга карагана, июндагы тополоң окуялардын убагында Ош жана Жалал-Абат жергесинде 332 адам каза тапкан. Мындан тышкары эки миңден ашуун киши ок жеген жана зордук-зомбулуккка кабылган. Бирок айрым байкоочулар каза тапкандардын саны расмий маалыматтагыдан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн айтышууда.

Бир катар эл аралык уюмдар өлкөнүн түштүгүндөгү кайгылуу окуяларды ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн эл аралык комиссия чакырууну талап кылып жатышкан.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG