Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

К. Бакиев: Кан төгүүгө мен күнөөлүү эмесмин


Курманбек Бакиев Тейит айылында чогулган элдин алдында, 2010-жылдын 12-апрели
Курманбек Бакиев Тейит айылында чогулган элдин алдында, 2010-жылдын 12-апрели

Президент Курманбек Бакиев бүгүн Жалал-Абадда жүргөн БУУнун атайын өкүлү Ян Кубиш менен жолугушуп Кыргызстанга БУУнун тынчтык күчтөрүн киргизүүнү жана эл аралык комиссия түзүп 6-7-апрелдеги окуяга баа берүүсүн өтүндү. Тейит айылында аны жактоочулардын алдында чыгып сүйлөп, Бишкектеги төгүлгөн канга күнөөлүү эместигин айтты. Бул жактагы кабарчыбыз менен болгон маегинде К.Бакиев убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен сүйлөшүүгө даяр экендигин да билдирди.

“Азаттык”: - Кыргызстандагы акыбалга, болуп өткөн окуяларга алгач сиз кандай баа берер элеңиз, айтып атышат президент Курманбек Бакиев 6-апрелде Таласта болгондо элдин алдына барып чыгып койсо ошондо эле басылып калат эле. Ал эми 7-апрелде болгон окуяларга президенттин түздөн-түз тиешеси бар деген пикирлер айтылып атат, ушул боюнча айтсаңыз?

Курманбек Бакиев: - Биринчи кезекте айта турган сөз, Кыргызстанда абал бүгүн өтө татаал. Жанакы сурооңо жооп берейин. Таласка эмне үчүн мен барган жокмун, Таласта мындай болот деп эч ким күткөн эмес. Таласта, Нарында Кыргызстанда жалпы эле биз күткөн эмеспиз мындай болушун. Бул болгон кайгылуу кан төгүлүп кеткен окуяда укук коргоо органдары жагынан да, менде да мындай маалымат болгон эмес. Курал менен, күч менен бийликти алабыз деген даярдык жүрүп атат деген маалымат жок болчу.

Эми биз митингдерге акыркы жылдары көнүп калганбыз. Ошондуктан талаптарын айтсын, угабыз деген ой менен Таластын губернатору уруксаат берген. Ага кирип аны барымтага алып эмне кылат? Анысы аз келгенсип керосин, бензин бөтөлкөлөр менен администрациянын ичин толтуруп барган милицияларды тартипти сактагыла десе аларды сабап, 70 тен ашык милиция жарадар болуп, ошол жерге Таласка барган врачтарды сабап... Врачтарда эмне күнөө бар, губернатордун күнөөсү эмнеде? Бийлик Таласта биринчиден эч бир туура эмес иш кылган жок. Ошол жарадар болуп жаткан милицияларга жардам берели десе областтык администрацияны басып алган балдар бир жарым саат камап турду жардам бергизбей. Согушта дагы эгерде душманың жарадар болсо жардам бергенге тоскоолдук кылбайт. Бул кандай адамдар мындай зөөкүрдүккө барды мына биринчи суроо.

Ошондуктан мен алтысында болгон окуяга ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди жөнөттүк. Барып көрчү айланайын, эмне себептен мындай болду деп. Себеп дегенде буга негиз жок эле. Барды эле ички иштер министрди эмне кылышты. Конгантиев Молдомуса акыркы жылдары министр болуп канча жакшы иштерди кылды. Мен колдоп, бардык эле өкмөт мүчөлөрүн колдочумун бирок айрыкча укук коргоо органдарын, ички иштер кызматкерлерип колдоп, булардын эмгек акыларын, пенсияларын иши кылып баардык жактан колдоп келгем. Мына материалдык базасы оңолду Конгантиев Молдомуса өзү дагы министр катары Кыргызстанда барбаган айылы калган жокко. Көк бөрүчүлөрдү уюштуруп, кыргыздын илгертен калган улуттук оюндарын бийик денгээлге чыгарды, эмне жаман иш кылды? Буларга кандай жамандык кылды, аны чала жан кылып сабашып. Бул кандай зөөкүрдүк? Митинг деген ушундай болчу беле бул бир.

Экинчиси, Ак үй боюнча туура мен кадимкидей эле Ак үйгө ишке келгем эртең менен анан биз уруксаат бергенбиз Атамбаевдин офисинин астында митинг болгонго. Эми митинг-митинг, укук коргоо органдары барды тополоң кылбагыла, жолдорду тоспогула деп. Эмне кылышты алар, милицияны сабап тигил курсант балдарды качырып, барган спецназдын куралын тартып алып, аларды да сабап, жолдо келе жатып курал саткан дүкөндү талкалап, андан куралдарды алып ак үйгө келишти.

Ак үйгө келгенде митинг дегенде арасында аялдар болот, ак сакалдар болушу мүмкүн кандайдыр бир лозунг жазылат, талаптар айтылат да, буларда эч нерсе жок, колунда курал анан аябай кызуу даярданган балдар. Эми мен бир нерсени айткым келет, бул жерде жалаң эле жанагы арактын күчү менен эмес, бул жерде бул балдарга башка дагы бир деме берген. Балдардын ушунчалык мээсин айлантып, эмне кылганын экспертиза жасап өткөрүш керек. Себеп дегенде ошол жерге келип кыйкырган балдар, мындай бир ден-соолугу жакшы акыл эси ордунда балдар минтип кыйкырбайт минтип өзүн алып жүрбөйт.

Ошол балдарга эмне дары берген, кандай заттарды берген, эмне кылганын муну али такташ керек. Андан кийин мурдагы күнү мага маалымат келди, кече дагы тактадым “Илбирсти” билесиңер ошол жерден митинг уюштургандардын өздөрүн атты, артынан атты. Биринчи мына кыргыз элинин астында айтып койоюн, биринчи каза болгон балдарды өздөрү атышты. Эптеп кан төгүп кызытыш керек эле. Ак үйдү президентти коргогон укук коргоо органдары мыйзамдын негизинде эгерде президентке кол салса алар эч кандай буйрук күтпөй эле жооп берет. Куралга курал менен жооп берет, бул мыйзам чегиндеги иш. Дагы бир нерсени айтып койоюн менин кабинетиме снайпер эки ок атты. Кудайга шүгүр, кудайга ыраазымын, кудай сактаптыр мени... Эгерде эки октун... ишенбегендер барып көрсүн, снайпер аткан. Жөнөкөй эле автоматтын татыратып атканы эмес.

Анан ушинтип чабуул кылып атса жанакы ак үйдү коргогондор жаш актыруучу газ, резинадан жасалган немелер менен бир топ эле митингге келгендерди кичине артына кайтарышка аракет кылды. Бирок жанакы өлгөн балдарды көргөндөн кийин булар асманга атып атты. Эч качан бул биздин укук коргоонун балдары түздөн түз эле аткан жок. Мен азыр угуп атам, маалымат бир жактуу кетип атпайбы бирден терип атыптыр деп. Бул болбогон нерсе, кантип эле ак үйдүн ичинде турган снайперлер ошолорду бирден терип атсын. Алар бүт биринчи окторду асманга аткан, жерге аткан... Андан кийин жанакы БТРди ээлеп алып, булар пулемет менен ата баштады.

“Азаттык”: - Ок атууга ким буйрук берди?

Курманбек Бакиев: - Андай буйрук бергенге менде биринчиден эч кандай кажети жок болчу, экинчиден мен бул ишке президент катары, конституциянын гаранты катары... Мен өзүм кабинетимде отуруп ишимди жүргүзүп, көрүп аттым. Чыгып алып, кана аткыла, момундай кылгыла дегенге ошол жерде тургандар баары айтсын, эгерде Бакиев ушундай команда берди десе. Укук коргоо органдарынын жетекчилери болду, өкмөт мүчөлөрү жүрдү ошол Ак үйдө. Мен азыр угуп атам, Молдомуса Конгантиевди аябай кыйнашыптыр, “айт көрсөтмө бер Бакиев мага аткын деген команда берди деп айткын” дегендей. Ыраазымын мен ошондой Молдомуса Конгантиевге окшош жигиттерибизге, генералдарыбызга. Мен билем эч качан жалган сүйлөбөйт бул жигиттер.

“Азаттык”: - Мындан аркы иш аракетиңиз кандай болот? Көптөрү айтып атат, президенттик арызын жазып кызматтан кетсе болот эле, убактылуу өкмөт менен сүйлөшсө болот эле деген пикирлер бар...

Курманбек Бакиев: - Биринчиден, кеткенге макул эмесмин. Мени жалпы Кыргызстандын элинин 77пайыздан ашыгы экинчи мөөнөткө шайлаган. Президентти шайлаганга 9 ай эми болуп атат. Экинчи себеп, 7-апрелге эки жума калганда Ынтымак курултайы болгон Бишкекте. Бул ынтымак курултайында бүт Кыргызстандын аймактарынан карапайым эл келген, чиновниктер эмес. Эки күн сүйлөштүк баардык маселе боюнча. Курултайдын жыйынтыгы боюнча алар биз президентти, анын саясатын, жаңылануу боюнча багытын колдойбуз деп чечим кабыл алышты. Эки жуманын ичинде эле элдин мүнөзү 180 пайызга өзгөрүп кетеби? Ошондуктан мен эмне үчүн бул курал менен кан төгүп келген бандиттердин астына башымды ийип, бүт Кыргызстандыг элинин ой-пикири менен эсептешпей кетип калышым керек. Мен президенттик такты кармап отурган киши эмесмин. Мен өткөндө айткам, мына экинчи мөөнөткө шайладыңар буюрса мөөнөтүм бүткөндө тапшырып кетем деп. Мен эч качан кызмат үчүн жабышып эле жалдырап отурбайм. Мындай кыскача айтканда кызматтын кулу эмесмин. Бирок мамлекеттин башчысымын, президентмин.

Анан эле 10-15 киши эле төңкөрүштү уюштуруп, кан төгүп кетсем мен анда өзүмдү күнөөлү сезишим керек, мен өзүмдү күнөөлү сезбейм. Ошол кан төгүлүп, канча бала, милиция кызматкерлери каза болду, укук коргоо органдарынын балдары жарадар болду. Буларды эмне үчүн эч ким айтпайт. Менин күнөөм, буларды алдын ала билбегенимде. Ушул укук коргоо органдары, коопсуздук комитетте мындай маалымат болгон эмес да. Мына менин күнөөм ушунда. Эгерде мага “ушундай мамлекеттик төңкөрүш, курал менен, кан аркылуу келебиз деген даярдык болуп атат, урматтуу президент” деген маалымат болгондо биз башкача чара көрөт элек. Анда биз жок дегенде башка мамлекеттердин күчтөрүн чакырып, сактап калганга аракет кылат элек.

Бирок менде мындай маалымат болгон жок, биздин берки укук коргоо органдарында да мындай маалымат болгон жок, мына менин күнөөм ушунда. Эч кандай негиз жок азыркы абалда ушинтип мынакей мен кеттим, эми биягын өзүңөр бүтүрө бергиле дегенге. Азыркы убактылуу өкмөт, булар жасап жаткан иштердин баардыгы мыйзамсыз, булар азыр мыйзам чегине кириш керек. Конституциябыз бар, парламент, президент бар. Ошондуктан эгер булар сүйлөшкүсү келсе сүйлөшөлү ушул абалдан кантип чыгабыз, тигил жакта отуруп алып эле бир жаат болуп төгүлгөн кандын баарын эле президенттин моюнуна илип коюш - бул чоң туура эмес иш. Беш жылда жасалган иштерди элдин баары билет. 2005-жылдын 24-мартында бийликке келдик, биринчи июнда да ак үйдү басканга аракет кылды. Ошондон бери 2007-жылдын апрелине чейин митингдер токтогон жокко. Улам эле митинг, улам эле митинг. Анан көрдү, көзү жетти беш жылда Бакиев өзүнүн командасы менен экономиканы көтөрдү, тышкы саясатта Кыргызстандын аброюн бийик даражага жеткирди, саясаттан утулду, экономикадан утулду эмне кылыш керек? Бир гана жолу калган - кан төгүш керек. Кан төгүп президентти кетирсе болот, Абсамат Масалиевди кандай кетирген болсо мына ошол жолго түштү булар.

“Азаттык”: - Демек ушул окуяларды бир эле оппозиция уюштурду деп эсептейсизби, же башка таасирлер дагы барбы?

Курманбек Бакиев: - Жалгыз оппозициянын колунан келбейт эле, бул жерде дагы тышкы күчтөр бар.

“Азаттык”: -Тышкы күчтөр дегенде кимдерди түшүнсөк болот?

Курманбек Бакиев:
-Эми мен оппозиционерлерге окшоп мындай анча мынча ушактын негизинде айта бербейм, мен мамлекет башчысымын. Ошондуктан мен тактамайынча айта албайм, бирок тышкы күчтөр бар.

“Азаттык”: - Эми сиз тараптан убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүгө демилгелер болобу же алар тараптанбы?
Курманбек Бакиев: - Мен президентмин, менин президенттик полномочиемди алган жок жана ала албайт. Дагы бир жолу кайталайын, өкмөт отставкага кетти бирок парламент турат. Булар өздөрүн убактылуу өкмөт деп атап алышты, убактылуу өкмөт чыксын, сүйлөшөлүк.

“Азаттык”: - Сиздин оюңузча, учурдагы кырдаалды кантип тынчтык жол менен чечсе болот?

Курманбек Бакиев: - Мен азыр ушул Жалал-Абадда, Ошто жүргөнүм бир гана максат - түштүктү аман сактап калалык. Түштүктө от чыгып кетпесин, мен азыр көрүп атам бир топ балдар курал менен жүрөт, криминал жанданып калды. Ошондуктан эл менен жолукканда айтып атам, азыр сабырдуулук кылып эң негизгиси элди түндүк-түштүк кылып бөлбөй, ушул максатта сактап калалы деп атам. Менин максатым - бул жакта элди ынтымакта, биримдикте сактап калыш.

“Азаттык”: - Ар кандай маалыматтардан улам мен туура жооп алып алайын деп атам, Курманбек Бакиевди коргогон 500дөй куралдуу аскер бар дейт?

Курманбек Бакиев: - Аскер деп айтпайын, Ички иштер министрин кетирди, бирок укук коргоо жагында иштегендердин көпчүлүгү азыр биз жакта. Аскердин кызматкерлери биринчи жетекчилерин алмаштырды, офицерлер, башка көпчүлүгү мен тарап. Мен президент катары биздин Ички иштер кызматкерлерине кайрылгым келет, коопсуздук комитетинде иштеген, аскер кызматында иштегендерге эч качан, эч кандай жол бербегиле дагы бир от чыгып кеткенге.

Биринчиден, башчыңар өз ордунда. Жалал-Абадда президенттик милдетимди ушул жерден мен аткара берем. Керек болсо Ошко барам, резиденциямды Ошко көчүрөм. Мамлекетибизди сактап калалык, азыр негизги максат ушул. Азыр эгерде укук коргоо органдары, аскер убактылуу өкмөттүн кандайдыр бир мыйзамсыз буйруктарын аткарып, күч колдоно турган болсо анда биз мамлекеттен, элибизден айрылабыз. Кыргызстанды бөлүп алам деген чоң мамлекеттер турат, азыр кандай болор экен деп карап турат. Эгер ошону каалабасак анда буга жол бербешибиз керек. Анда кыргыздын мамлекети да жок болуп, кудай деп кетебиз анан кийин.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG