Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Кыш алдындагы кымбатчылык ызгаары


Өтүп бараткан жума башында чочко тумоосу коомчулуктун үшүн алса, андан кийинки отун-сууга тарифтердин көтөрүлүшү элдин санаасын санга бөлдү.

Чочко тумоосунан эл чочуп жатат

Баткен шаарынын тургуну Айымкан аттуу келин чочко тумоосу жонундо ар турдүү имиштерди угуп кооптонуп жатышканын, балдарды мектепке жиберүү же жибербөө маселесин ойлонуп калышканын айтты.

Ал эми Дастан атту жигит чочко тумоосу тууралуу маалыматтар элди дүрбөлөңгө түшүрчүдөй болуп жатканын белгилеп, аймакта түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунуштады.

Баткен районунун санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун баш дарыгеринин орун басары Дыйканали Жусупов аймакта чочко тумоосунун алдын алуу багытында иш чаралар бекитилип жатканын айтуу менен 4 миң доза вакцина бар экендигин жана той-тамашаларды кыскартуунун үстүндө иштер жүрүп жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министринин орунбасары Сабыржан Абдыкеримов дарыгерлер чочко тумоосуна каршы бардык аракеттерди көрүп жатканын, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн 300 000 000 доза вакцина бар экенин, Кыргызстанга бул гуманитардык жардам катары 500 000 доза декабрдын башында берилерин, ошондо эмдөө иштери дароо башталарын белгиледи.

Акыркы маалыматтарга караганда Ошто 5 жашар кыздын денеси ысып, ооруканага түшүп, анын А/H1 N1 вирусун жуктуруп алганы аныкталган.

Буга чейин Ош шаарында А/H1 N1 вирусун жуктуруп алгандар катталган эмес. Жалпы Кыргызстан боюнча чочко тумоосуна кабылган адамдардын саны бүгүн 37ге жетти.

Отун-суу акысы асмандады

Бейшемби күнү кыргыз өкмөтү электрге жана жылуулукка тарифтерди кымбаттатканына байланыштуу Бишкектин тургундары "Азаттыкка" кайрылып, ой-санаркоолорун блшп жатышат. Алардын бири шаар ардагери Айша Бектурганова эмгек ардагерлери, мугалимдер алган маяналарын ай сайын квартира акысына төлөп коюп, бала-бакырасын бага албай отуруп калышынан кооптонуп, өкмөт тариф тууралуу токтомду элди эсепке албай өзүм билемдик "өкүмзарлыгы" менен чыгарды деп эсептейт.

Премьер-министр Данияр Үсөнов өз кезегиндеь кыргыз өкмөтү элдин камын ойлоп, келечегин ойлоп ушундай реформага барып жатканын баса белгилеп, элге мамлекеттик социалдык колдоолор көрсөтүлөт, тарифтин жогорулашы элге анчейин оор тийбейт деп бакылдоодо.

XS
SM
MD
LG