Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Жар кырына жакын кырдаал


Нарында 10-мартта көп адам катышкан митинг
Нарында 10-мартта көп адам катышкан митинг

Кыргызстанда кырдаал курчуунун үстүндө. Бул жумада Алайда, Нарында, Аксыда эл кайрадан митингге чыккан жатат. Бишкекте 17-мартта оппозициянын элдик курултайы өтөт. Ошол эле учурда бийликтин беделин сындырган ашкерелөөчү соккулардын жаңы толкуну келатканы кабарланууда.

15-мартта Гүлчөдө Исмаил Исаковду бошотуу талабы менен кайрадан нааразылык акциясы өтөт. Ага Сопу-Коргондон эле беш жүздөй адам келет деп билдиришти И. Исаковду коргоо комитетинен.

Нарындагы “Электр кубатына бааларды төмөндөтүү” кыймылынын 19 мүчөсү премьер-министр менен 12-мартта болгон жолугушуу майнапсыз болгонун белгилешип, Нарындан Бишкекти көздөй жөө жүрүш акциясын баштоону чечишти. Бул жөнүндө “Азаттыкка” аталган кыймылдын өкүлү Асыл Жаманова билдирди.

Бозпиектеги эстелик
17-мартта Аксы районунда мындан сегиз жыл мурдагы кейиштүү окуянын курмандыктарын эскерүү чарасы өтөт. Аксылыктар тынч жүрүшкө чыккан бейкүнөө адамдардын канын төккөн адамдар жазасын албай калды деп кайрадан бийликке доо коюшмакчы.

Бишкектин өзүндө Бириккен оппозиция 17-мартта элдик курултай өткөрүүгө камынууда. Соңку маалымат боюнча Бишкектин мэри курултай өткөрүү үчүн шаардык стадионду жана спорт сарайын сунуш кылган. Оппозиция бир чечимге келе элек.

Бишкекте ошондой эле отун-суу тарифтерин кымбаттатууга, энергетика ишканаларын сатууга каршы чыгып жаткан “220” кыймылы жана “Азаттыкты” коргоо кыймылы нааразылык чараларын баштады. Баш калаада жана айрым облустарда «Азаттык» радиосунун программалары чыкпай калганына нааразы болгон жарандар 15-мартта ЕККУнун Бишкектеги борборунун алдына пикетке чыгышмакчы.

Бийликтин беделин сындырган ашкерелөөлөр Гуревичтин чуулгандуу окуясынан кийин дагы чубалып чыкчудай болуп турат. Бийликтегилердин жана бийликке жакын чөйрөнүн ичиндеги кыңыр иштердин бетин ачкан чуулгандуу маалыматтар дагы калк алдына калкып чыгарын айрым маалымат булактары убада кылууда.

Кыргызстанда жаңы жылдан тарта отун-суунун кымбатташы, энергетикалык ишканалардын арзан баада сатылышы, баш көтөргөн оппозиция ишмерлерин камоо фактылары биригип келип элдин нааразылыгын күчөттү, ошон үчүн эл өзү козголуп жатат, дейт оппозициянын өкүлү Туратбек Мадылбеков.

- Петровка, Балыкчыдагы окуяларды, башкаларды оппозиция уюштуруп атат деп келишти эле. Бирок Нарындагы окуялар эл өзү чыгып, күндөп, айлап, жылдап чогулган маселени агынан жарылып айтып жатышат. Тарифтердин көтөрүлүшү элдин көкөйүнө көк таштай тийгени көрүнүп калды го. Аны орто катмар өкүлдөрү да көтөрө албай жатышат. Дагы кымбаттаса эл чыдабайт.

Бийликти жактаган адамдар экономикалык талаптарга бийликти кет деп кыйкырган саясий ураан-чакырыктардын кошулганына каршы сүйлөп жатышат. Нарындагы митингге катышып келгенден кийин акыйкатчы Турсунбек Акун эл көтөргөн социалдык-экономикалык талаптарды оппозиция пайдаланып, саясатка бурууга аракет кылып жатат деп сынга алды.

Бир катар талдоочулар азыркы түзүлгөн кырдаалды 2005-жылдагы жоогазын ыңкылабынын алдындагы учурга салыштырып, Кыргызстан дагы бир жолу чайпалып төгүлүшү мүмкүндүгүн болжоп жатышат. Бир жагынан эл жапырт козголсо токтотуу кыйын, экинчи жагынан бийлик каршылык акцияларын басуу жагынан тажрыйбалуу да болуп калды, дейт профессор Кусеин Исаев.

- Бул бийлик кантип жана кандайча нааразылыкты басуунун жолун жакшы билип калды. Ноокаттагы окуяны динге шылтап, Балыкчыдагы окуяны шайлоонун жүрүшүнө тоскоол кылды, Петровкадагы окуяны кичинекей кыздын зордукталышына байланыштырып соттун колуна салып берди. Бирок элдик наарызылыкты сот колу менен токтотуу көпчүлүктүн кыжырын келтиргенден башкага жарабайт. Сот менен коркутуу жакшылыкка алып барбайт. Эл көтөрүлсө сел жүрдү дей бериңиз. Аны тартипке салыш кыйын.

Бийлик тарап өз кезегинде кырдаалды колдон чыгарбаш үчүн бардык жерде тартип коргоо органдарын күчөтүлгөн режимге өткөрүп, алдын-алуу чараларын көрүп жатат. 23-мартта боло турган ынтымак курултайында бийлик чыңалган кырдаалды жумшартуу жана каршылык маанайды жибитүү аракетин көрмөкчү.


"Азаттык" тасмасында: "Электрошок".

14-мартта “220" кыймылы Бишкекте электр кубатынын жана жылуулуктун кымбатташына, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектро” сыяктуу мамлекеттик ири ишканалардын сатылышына каршы концерт менен коштолгон акция уюштурду.



"Электрошок"
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG