Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Нарында нааразылык күчөдү


Нарындагы каршылык митинги, 10-март 2010-жыл.
Нарындагы каршылык митинги, 10-март 2010-жыл.

Нарындагы “Электр кубатына бааларды төмөндөтүү” кыймылынын өкүлдөрү премьер-министр менен 12-мартта болгон жолугушуу майнапсыз болгонун белгилешип, Нарындан кайрадан митинг акцияларга чыгууну чечишти.

Бул жөнүндө өкмөт башчы менен жолугушууга кирип чыккан Адыл Эсенбеков "Азаттыктагы" маегинде сөз кылды.



- Нарында электр кубатынын кымбаттыгына нааразылыгын билдирип чыккан элди оппозиция колдонуп атат деген пикирлерге жооп берип кетсеңиз, чынында кандай?

- Бул ар бир партиядан, мугалимдерден жана башкалардан түзүлгөн элдик кыймыл. Негизи эле Нарын эли өзү бүт оппозиция болуп калды. Себеби азыркы бийликти же “Ак жол” партиясын колдогон эч ким жок. Азыр үч киши бириккен жерде эле аларды жамандап, баардыгы өздөрүнчө жекече оппозиция болуп атат.

- Сиздер өткөн жума күнү өкмөт башчы менен жолугуп чыкпадыныздарбы. Мамлекеттик маалымат каражаттары шыр эле жолугушуу жемиштүү болгонун, нарындыктар баалардын көтөрүлүү себебин түшүнүү менен кабыл алышканын айтып чыгышты. Сиз кандай маалымат бере аласыз?

- Бул жерде биз эч кандай жооп алалган жокпуз, канаттанган жокпуз Данияр Үсөнов менен жолукканда. Биздин талап - электр энергиясынын тарифтери мурдагы абалында калыш керек болчу да. Бул жерде анын Нарын элине, жалпы элге болгон так жообу - электр энергиясы 1 сом 50 тыйындан болот, артка жол жок дейт. Андан калса бул 2 сомго чыгат дейт, алты ай сайын 12 пайыздан кошулат дейт, мындан ары да кымбаттайт экен.

-Ошондой кымбаттоолорду сиздер түшүнүү менен кабыл алдыңыздарбы?

-Жок. Азыр биз келип айтканда Нарындын эли дуулдап атат, электр энергиясын түшүрбөсө биз дагы башка жолдорго барабыз деп.

- Мына ушул талаптар аткарылбаса башка жолго баруу жөнүндө мурда дагы бийликке эскертүү бердиңиздер эле . Эми мына өзүңүздөрдүн көзүңүздөр жетти окшойт канчалык деңгээлде аткарылышына. Эми кандай аракеттер болушу мүмкүн?

- Бул жерде баардыгын эл өзү чечет, чогулушта айтып кетишти, эл өзү оппозиция болуп калды. 17де бардыгын эл чечет.

- Мына 17-мартта Бишкекте Элдик курултай болуп атпайбы, Нарындан канча кишини өкүл кылып жөнөтүп атасыздар?

- Көп эле киши бар. Эми кимдин колунан келип, каражаты жетсе алар Бишкекке жөнөйт. Азыр айрым айылдарда 200дөн киши жөнөп кеткенге даяр.

- Буга чейин ошол жерлерде делегаттарды шайлоолор болду да, же болгон жокпу?

- Нарында делегаттарды саясий партиялар бүгүн шайлайбыз. Эл өзүнүн каражаты жетсе эле кетүүгө даяр. Биз болсо саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар чогулуп өзүбүздүн делегаттарды шайлайбыз.

- 17-мартта аймактарда дагы митингдер болот деп билдирип атат оппозиция, Нарында дагы болушу мүмкүнбү?

- Азыр биз “Ата мекен” партиясы ачкан офиске Нарындын эли "эмне болдуңар, сатылып кеткен жоксуңарбы, эмне жооп алып келдиңер, канаттандыңарбы"? деген ой-пикирлер менен келишүүдө. Келген элдин ой-пикирин уксак, ар бири 17-мартта Нарында митингге чыкканга даярдыгын билдиришип атышат.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG