Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Жалал-Абад: Тополоңду эки улут эмес, чагымчылар уюштурган


Жалал-Абаддын көчөлөрүнө кайгуулга чыккан аскерлер, 17-июнь.
Жалал-Абаддын көчөлөрүнө кайгуулга чыккан аскерлер, 17-июнь.

Ош – Бишкек жолунун Сузак районундагы Топурак-Бел ашуусунда күзөттө турган тартип сакчыларынын мөөнөтү 28-июнда аяктады. 12-июнда белгисиз адамдар ушул жол менен жүргөн автоунааларга ок атышып, натыйжада бир нече адам курман болуп, автоунаалар өрттөлгөн. Ага байланыштуу кармалган шектүү адамдардын үстүнөн тергөө жүргүзүлүүдө.


Ички иштер министрлиги менен Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын кызматкерлеринен куралган бул топту милициянын генералы, Жалал-Абад облусундагы коменданттын кеңешчиси Темиркан Субанов жетектеди. Анын айтымында борбордо жашаган милициянын офицерлери аталган ашуунун түшө беришинде 12-июнда болгон тополоң андан ары уланбоосу үчүн өз ыктыярлары менен келишкен:

- Жалал-Абад, Ош облустарына ушундай акыбал болгондон кийин биздин кызматкерлер чыдабай өздөрү суранып бул жакка келишти. Мүмкүнчүлүк болгондо кызматкерлерди алмаштырып атабыз. Күчөтүлгөн постторду коюп, күндүз Сузактын патрулу менен жөнөтүп, элдер менен сүйлөшүп атабыз. Өз ыктыяры менен мылтыктарды тапшыргандар бар, 80ден ашык мылтыктар алынган. Элге түшүндүрүп айтып атабыз, өздөрү тапшырсын, тапшырбаса мыйзам боюнча жооп беришет дер.

Коомдук тартипти сактаганы борбордон келген бир да кызматкер талаа шартында болгон жашоонун кыйынчылыгын оозго алган жок. Милициянын полковниги Эркин Эсеналиев Жалал-Абаддагы баш аламандыкты эки элдин ортосуна от жаккысы келген кара санатайлар уюштурганын билдирүү менен калкты эч кандай чагымга ишенбөөгө чакырып, ай-талаада жашаган офицерлерди тармактык министрлик менен Сузак райондук ички иштер бөлүмү камкордукка алганын маалымдады:

- Бүгүнкү күндө жалпы Кыргызстаныбыз кыйналып турган кез болуп турат. Мындай каргашалуу иштер болуп атат. 15 күндөн бери ушул жерде колубуздан келишинче салымыбызды кошуп атабыз Кыргызстаныбызга бейпилдик келишине. Шектүү адамдар кармалып атты, аларды биз Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырып аттык. Жардыруучу заттар, куралдар алынган жок. Себеби биз келгенден бери бул жакта тартип ордуна келе баштаган.

Борбордон келген милицияны айлык акы, тамак-аш эмес элдин тынчтыгы кызыктырды. Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү Алмазбек Маматов алгач эки күндөй көйгөй болгону менен аларды жергиликтүү эл камсыздаганын айтат. Анын айтымында, тартип сакчылары курал-жарактуу адамдарды издеп киргенде Сузак айылынан улуттар аралык жек көрүүчүлүк байкалган эмес. Ал убактылуу өкмөт өкүлдөрүнө эл менен сыналгы аркылуу эмес, бетме-бет баарлашууну сунуштады:

- Бул жерде ортодо бузуп аткандар болуп атат. Убактылуу өкмөт элдерди аралап эле токтото турган нерсе экен. Мына биз кызматкерлер аралаштык, өзбектер да, кыргыздар да айтып атат биз тынчтыкты каалайбыз деп. Ошол жерде өзбек кыргыздар аралашып биз менен чогуу жүрдү. Бири кошуна, бири куда, бири тайкеси болот экен атасы кыргыз болсо, энеси өзбек экен. Сузак районунда бири-бирин жек көрүүнү көргөн жокпуз. Бул жерде аксакалдар, губернаторлор бысып кое турган нерсе экен. Бул жерде бири-бирине өчөшүп, мен өч алам дегендерди да көргөн жокпуз.

Ички иштер башкармасынын улуту өзбек орунбасары Жамалдин Юнусов Жалал-Абад облусунда жашаган өзбек элинин кооптонуусуна негиз жок экендигин билдирди. Калк милицияга ишеним менен кароодо. Коменданттык сааттын узартылганы да тынчтыкка өбөлгө түзүүдө, базарлар менен коомдук транспорт баштагыдай иштеп, дыйкандар эгинин өстүргөнү талаага чыкты, дейт милициянын полковниги Жамалдин Юнусов:

- Азыркы учурда тополоң жок, эл коркпостон ишин кылып атат. Боевиктер келип ушул тополоңду жасады, алардын жана лидерлеринин тизмеси алынды. Азыр биз Бишкектен келген атайын коопсуздук то менен чогуу даректери боюнча кыдырып, текшерип атабыз. Эл коркпосо болот.

Кезеги аяктаган офицерлерге облус элинин атынан губернатордун орунбасары Кадырбек Жакыпов ыраазылыгын айтты:

- Бул жерден өтүүгө да кооптуу болуп, Таш-Көмүрдөн бери сурап калышты кантип өтөбүз деп. Ал жерде пост коюлган, Бишкектен келген атайын отряд ошол жерде жатат дегенден кийин бардыгы коркпой каттап калышты. Ошондуктан силердин кылган кызматыңарга рахмат.

Калктын тынчтыгын бузгандар сөзсүз жазаланышы керек. Үйү өрттөнгөндөр тууган-уруктарыныкында баш калкалоодо, - деген Жалал-Абад шаарынын өзбек тургуну Сатвалды Эргашев өз көчөсүн кыргыз-өзбек деп бөлүнбөй ар кандай баш аламанлыктан чогуу туруп сактап калгандыгын айтты:

- Жардам беребиз деп бири-бирине эл жардам берип атышат. Муну көралбаган адамдар бири-бирин уруштуп качып жүрөт. Кыргыз өзбектердин ичинде уруш чыккан эмес.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG