Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Жалпы республикалык тест коррупцияга булганган жок


Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрдүн билимин баалоо ыкмасы болгон жалпы республикалык тест сынагын сактоо жана өркүндөтүү керек деп эсептейт Билимди баалоо жана өнүктүрүү боюнча усулдар борборунун Камкорчулар Кеңешинин өкүлү Жаныбек Оморов.

- Өткөн жуманын этегинде Бишкекте Борбор Азиядагы жогорку окуу жайларга кабыл алуу жана тест системасын өнүктүрүү боюнча эки күндүк жыйын өттү. Жыйын соңунда Кыргызстандагы тестирлөөнү өзгөртүү боюнча кандай сунуштар берилди?

- Бул тестирлөө системасы Кыргызстанда жети жылдан бери өнүгүп келатат. Бул негизинен көз карандысыз тестирлөө борбору аркылуу өткөрүлүп келатканы жакшы натыйжа берип атат, коррупцияны азайтып, айылдан чыккан талантуу балдарга мүмкүнчүлүк берип, окуу жайына өткөнгө көп жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп атат.

Акыркы жылдары ушуну өзгөртсөкпү, орусчага окшоштуруп бирдиктүү мамлекеттик экзамен өткөрсөкпү, же башкача кылсакпы деген талаштар болуп келатат. Эки күндүк конференцияда жакшы ойлор айтылды, эксперттер келди ар кайсы тараптан, жакшы маселелер козголду, билим берүү министри, министрликтин өкүлдөрү катышты.

Менин оюмча, мындан ары ушул айтылган ойлордон жакшы жыйынтык болот, топтолгон тажрыйба мындан ары өнүгүп пайдаланылат деген ойдо калдык.

-Билим берүү министри Абдылда Мусаев Кыргызстандагы жалпы республикалык тест сынагы ушул калыбында калбайт деп билдирди. Мына быйылкы жыл да аяктап баратат, жазында эле бүтүрүүчулөр окуу жайга тапшырууга камынышат. Бирок кандай ыкма менен тапшырат, тестирлөө өзгөрөбү деген суроо дале ачык турат. Сиз бул абалга кандай деп баа бересиз?

- Министрликтин оюн мен деле так билген жокмун. Тест окуучулардын логикалык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн текшерет, конкреттүү предмет боюнча билим деңгээлин текшербейт, бул биринчи.

Экинчиси, тендер өткөрүп тандап алалы деген ой айтылып атат менин байкашымча. Биз биринчи жагын карап көрсөк, кичине туура эмес түшүнүк болуп атат.

Билим берүү системасы өнүккөн мамлекеттерди, окутуу тажрыйбасы жакшы мамлекеттерди карап көрсөк, так ушундай түрдө өткөрөт тестти. Ал жерде университет кабыл алганда окуучунун логикалык ой жүгүртүүсүнө, жөн эле жаттап алган билимине эмес, ошол билимди пайдаланганды билген жөндөм шыгына карайт.

Анан ошого кошумча мектепте кандай окуган, тырышчаакпы, мугалимдердин берген рекомендациясы кандай, анан өзүнүн кандай окуу жайда окугусу келет, кандай адистикке ээ болгусу келет, ошол боюнча сочинение жазат. Ошонун негизинде кабыл алынат да.

Менимче ушундай багытта өнүксө абдан туура эле болот. Ошон үчүн муну бузбаш керек. Бул системаны мындан ары өнүктүрүш керек.
Ал эми тендер өткөрүү, балким, туура.

Мисалы, тендер аркылуу жүргүзүлүп турса, көп маселелер жок болот эле: эмне үчүн баасы мындай, эмнеси өйдө эмес, эмнеси ылдый эмес дегендей.

Бирок муну такыр өзгөртүп, анан мамлекеттик структура жүргүзөт дегенде менимче көп нерсени жоготуп алабыз, эсеп жүргүзүү, көз карандысыздыгы, коррупцияны азайтуу жагынан. Ушундай жактарын эске алсак жакшы болот эле.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG